Пример HTML-страницы

Таанышына ишенген кара-суулук тургун 12 млн сомунан кол жууган

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу районунда алдамчылыкка шектелген эки адам кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 10-ноябрында Кара-Суу районунун 43 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2020-жылдын 5-июнунан 2022-жылдын 3-октябрына чейинки аралыкта ага тааныш болгон 1990-жылы туулган Т.Т. ишеничине кирип, Казакстан Республикасынан ар кандай товарларды алып келип берем деп, 12 000 000 сом акчасын алып, бербей жүргөн.

2022-жылдын 22-ноябрында Ош ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында Кара-Суу районунун 32 жаштагы тургуну Т.Т. (аял киши) менен Ноокат районунун 36 жаштагы тургуну З.Х. кармалды. Шектүүлөр Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголду. Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экени текшерилип, тергөө жүрүп жатат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE