Пример HTML-страницы

Түптөгү отурушта бирөөнүн аялын өпкүлөй баштаган киши бычак жеген. Окуянын чоо-жайы

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районундагы киши аялын өөп баштаган отуруштун катышуучусуна бычак менен жаракат келтирген.

Айыпталуучу Жоомарт [аты өзгөртүлдү, Ж.Б.Б.] 1961-жылы туулган, үй-бүлөлүү, эки баланын атасы, ага Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмү (денеге оор залал келтирүү) менен айып тагылган. Баш коргоо чарасы катары үй камагы тандалган.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, 2022-жылдын 9-апрелинде саат 19:30 чамасында Жоомарт жабырлануучу Алмаз [аты өзгөртүлдү, А.Ы.А.] менен спирт ичимдигин ичип отурган. Алардын ортосунда кызганычтын негизинде чыр чыккан. Ошол маалда Жоомарт бычак алып, Алмаздын ичине сайган.

Алмаз Түп райондук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, ага операция жасалган.

Соттук териштирүүдө Жоомарт күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, 9-апрелде үйүндө болгонун билдирди. Анын айтымында, Нурлан аялы менен бир бөтөлкө арак жана суусундук алып келген. Жоомарт өзүнүн аялы, Нурлан жана анын аялы менен чогуу спирт ичимдигин ичип, андан соң коноктору үйүнө кетишкен.

Саат 16:30 чамасында Нурлан Алмаз деген досу менен кайра келген. Бул жолу дагы спирт ичимдиктерин ала келген. Коноктор үйгө кирип, үй ээси менен арак ичишкен. Көп өтпөй Нурлан үйүнө кетип, Алмаз калган.

Жоомарттын айтымында, өзү, Алмаз жана аялы мас абалында болгон. Андан соң айыпталуучу Алмаздын Гүлнараны (айыпталуучунун аялы) өөп баштаганын көргөн. Мындан улам Жоомарт кызганып, столдун үстүндө жаткан ашкана бычагын алган.

Айыпталуучу мас абалында болгонун жана мунун баары кандайча болгону эсинде жок экенин айтууда. Бүгүнкү күнгө чейин ал жабырлануучу менен жарашканын кошумчалады.

Алмаздын айтымында, Жоомарт бычак сайгандан кийин үйдөн чыгып, кошуналарга чуркаган. Көп өтпөй анын [Алмаздын] уулу келип, ооруканага алып кеткен. Анын соттолуучуга эч кандай дооматы жок.

2022-жылдын 24-августунда Түп райондук соту Жоомартты күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыраткан. Ошол эле учурда судья ага 4 жылга пробациялык көзөмөл (пробация) белгилеп, жазасын абакта өтөөдөн бошоткон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE