Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Түн ичинде Жалал-Абаддагы психиатриялык ооруканадан бейтап качып кетти

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар-12 шаарчасында жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканадан бейтап качып кетти. Бул маалыматты Turmush басылмасына Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, окуя 2022-жылдын 20-ноябрына караган түнү болгон. Республикалык психиатриялык ооруканада Кылмыш-жаза кодексинин 114-беренеси (медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары түшүнүгү жана максаттары) менен мажбур иретинде дарыланып жаткан Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун тургуну — 1987-жылы туулган К.Б. качып кеткен.

«Бул окуя «Эркиндигинен ажыратуу жайларынан же кайтаруудан качуу» болуп катталып, териштирүү иштери жүрүүдө. Учурда бейтап изделип жатат», — деп айтылат маалыматта.

Turmush басылмасынын кабарчысына маалым болгондой, аталган бейтап 2022-жылдын 1-ноябрынан бери дарыланып жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE