Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

«СССиР» фирмасынын жетекчиси Таалайбек Молдокожоев элге жооп берди

Акыркы жанылыктар

TurmushЛейлек районунда СССРден калган Хаваст—Фергана магисталдвк газ түтүктөрүн казып алууда жергиликтүү тургундар 8 жылдан бери каршылык жаратып жатат. Бул тууралуу газ түтүктөрүн сатып алган «СССиР» фирмасынын жетекчиси Таалайбек Молдокожоев билдирди.

Анын айтымында, 2013-жылы аталган газ түтүктөрү кыргыз-казак өкмөттөр аралык келишиминин негизинде «КазТрансГаз» акционердик коомуна өткөрүлүп берилген. Анткени Кыргызстан Казакстандан 2003-2006-жылдардагы газ алып турган учурда 13 млн доллар карыз болгон. Карызды жоюу максатында Кыргызстандын аймагындагы союздан калган газ түтүктөрүн «КазТрансГазга» өткөрүп беришкен. Ошол учурда жалпы газ түтүктөрү 8 млн долларга бааланган.

«Урматтуу Садыр Нуркожоевич жана УКМКнын башчысы Камчыбек Кыдыршаевич сиздерге жана Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн тургундарына кайрылып кетем. Биз Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү союздан калган газ түтүктөрүн сатып алган фирма катары 2016-жылдан бери газ түтүктөрүн демантаж кылып келебиз. Анткени 2003-2006-жылдары Кыргызстан Казакстандан газ алып иштетип турган учурда «КазГазга» 13 млн доллар карыз болгон. Ошол учурда кыргыз өкмөтү, 120 депутат колдоп, Кыргызстандын аймагындагы Өзбекстандын Хавас—Фергана магистралдык газ түтүктөрү иштетилбей калгандыктан 8 млн долларга баалап, карыз ордуна өткөрүп берген.

2014-жылы «КазТрансГаз» келип казып баштаганда, түтүктөрдү кыргызстандык жеке фирма «КазТрасГаздан» сатып алат. «Интер Газ» ЖЧКсы сатып алат да, андан кийин башка фирмалар алып олтуруп, азыркы ээси «СССиР» ЖЧКсы. 8 жылдан бери Чүй облусундагы жана Баткендин Кадамжай районундагы газ куурлары демонтаж болуп, айыл өкмөттөргө 5 млн сомдук соцпакеттер берилген. Бирок бир гана Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү газ түтүктөрү казылбай турат. Анткени ошол учурдагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, каршы болуп, элге туура эмес маалымат таркаткан. Жергиликтүү элдин жарымы соцпакетке макул болсо, жарымы каршы болуп, 8 жылдан бери казылбай турат.

Азырга чейин ошол эски өкмөттүн тарапташтары, тууган-уругу каршы болуп, элге туура эмес үгүт жүргүзүп жатат. Биз соттошуп да соттон жеңип чыкканбыз. Сом мыйзамдуу ээси биз экенибизди каршылык көрсөтпөө керектигин көрсөткөнү менен жергиликтүүлөр каршы болуп, барган техникаларды барымтага алып, жумушчуларды ур-токмокко да алышты. 25 чакырым 500 метрди түзгөн газ түтүктөрү алынса кайра эле ГЭС куруу үчүн колдонууга жарамак. Биз жакында эл менен жолугуп, «8 млн сом соцпакет берели спорт зал куруп же жол оңдоп, таза суу тарткыла» десек жергиликтүүлөрдүн жарымы макул, жарымы каршы болушту. Эл катып олтурса чирип жок болот. Ушуга бийлик чара көрүп берсе жакшы болмок», — Таалайбек Молдокожоев.

  • Юстиция министрлигинин маалыматтар базасында «СССиР» ЖЧКсы 2021-жылы 22-июлда кайра каттоодон өткөнү көрсөтүлгөн. Жетекчиси жана түзүүчүсү катары Молдокожоев Таалайбек Батырбекович.

Маселенин чоо-жайы:

Буга чейин жергиликтүү тургундар Лейлек районунун чек арадагы Арка айылынын Айкөл участкасындагы газ түтүктөрүн белгисиз адамдар казып кетип жатышканын айтып чыгышкан.

Пример HTML-страницы

Арка айылынын тургуну Ибрагим Нурматовдун айтымында, жергиликтүү эл СССР маалынан бери калган газ түтүктөрүн эч кимге каздырбай, керектеп жатышкан.

«Биз 20 жылдан бери эч кимге каздырбай, бербей жүргөн газ курларын белгисиз жарандар техникалары менен келип, түндөп казып жатышат. Түтүктөр бизден алыс, чек арадагы ээн жерде жайгашкан. Биздин тургундар көрүп калып, кайра көмүп салдык. Буга чейин да казып алабыз деп келишкен. Бирок бербейбиз. Биз өзүбүз колдонобуз. Сууга пайдаланып жатабыз, жолдорду оңдогонго пайдаландык», — деген ал.

Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн тургуну Жаныбек Турдубаевдин айтымында, газ түтүктөрдү казуу маселесин Бишкекте өтө турган элдик курултайда көтөрүү пландалып жатат.

«Газ түтүк аркылуу СССР убагында Өзбекстандан газ берилип турган. Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө үлүш жерлерден өткөн. Союз бузулгандан кийин президенттин кийин кайсы аймактан өтсө, ошол жердин мүлкү, менчиги болуп калсын деген атайын буйругу чыккан. Кийин бизге бир фирма келип казып жатканда эл каршы чыгып, алып калганбыз. Ошондон бери ар кандай фирмалар «ошол фирмадан сатып алдык» деп келишет. Биз бербей келебиз. Кечээ күнү дагы 1 чакырымдай жерди казып, түтүктү чыгарып коюшкан экен. Токтотуп калдык. Техникаларына кайра көмдүрдүк. Ал тракторду айдаган айдоочу «бизде маалымат жок экен» деп жатышат.

Буга жергиликтүү бийлик эч кандай аралаша албайт. Жогору жакка «чара көрүп бергиле» деп көп жолу кайрылдык. Маселе каралбай жатат. Буга чейин эксперттер келип, баасын аныктап беришти, «1 миллиард сомду түзөт» дешти. А келген фирмалар «5 миллион беребиз» деп сунушташкан. Жергиликтүү кеңештин депутаттары да «биз акчага сатылбайбыз» деп макул болбой койгон. Эми биз курултайда айталы деп жатабыз», — деген ал.

Turmush басылмасы буга чейин Арка айылынын чыгыш тарабында нефти жана газ чыккан аймак бар экенин жазган. Аталган жай кыргыз-тажик чек арасындагы Тажикстандын Санжидзор (мурдагы Жигдалик) айылынан 6-7 км алыста жайгашкан. Бул жерде мурда этникалык кыргыздар жашачу.

СССР учурунда бул жерде геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. 1970-жылдары Кыргыз ССРнин Мунайзат өндүрүү министрлиги газ-нефтилик скважиналарды Тажик ССРине өткөрүп берген. СССР тарагандан кийин ал аймак Кыргызстанга таандык болгонуна карабай, тажик тарап ал субъекттерде нефть менен газ өндүрүүнү улантышкан.

2013-жылга чейин тажик тарап колдонуп жүргөн субъектте күнүнө 3-5 тонна нефти өндүрүлүп турган. Аймактык караштуулугунан улам айрым учурларда Тажикстан менен Кыргызстандын чек арачыларынын ортосунда чырлар чыгып турган. Аймактык караштуулугу боюнча түшүнбөстүктөр ал жай Кыргызстандын мамлекеттик нефтегаз ишканасына өткөрүлүп берилгенден кийин чечилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE