Пример HTML-страницы

Шопоковдук боксчу Артем Карпов Казакстандагы мелдештен алтын байге алып келди

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарынын 15 жаштагы тургуну Артем Карпов Казакстандын Костанай шаарында өткөн бокс боюнча мелдеште алтын медаль утту. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган шаардын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдеш СССРдин 3 жолку чемпиону Александр Мирошниченконун жаркын элесине арналып уюштурулду.

«Артем Карпов 57 кг салмактагылар арасында күч сынашты. Ал Шопоков шаарындагы спорт клубунда машыктыруучу Камал Тойгонбаевдин жетекчилигинде машыгып келет. Ошондой эле Сокулук районунун Гавриловка айыл аймагынын жашоочусу, жаш мушкер Исмаил Токтонов дагы мелдешге барып, коло медаль утуп келди», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE