Пример HTML-страницы

Шектүү өлкөдөн чыгып кеткенин айтышты

Акыркы жанылыктар

TurmushӨзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суу жана сел ташкындарынан коргоо агенттигинин мурунку башчысы — маркум Сапарбек Бакыевди атып кеткен шектүүнүн өздүгү аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Ош ШИИБдин башчысынын кылмыш иликтөө боюнча орун басары Канат Айдакеев билдирди.

  • Ош ШИИБдин башчысынын орун басарлары Канат Айдакеев менен Бакыт Исраилов, Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматынын башчысы Альберт Абдикеримов түз эфир аркылуу жашоочулардын суроолоруна жооп беришти.

Алардан шектүүнү кармоо боюнча кандай иш аракеттер жүрүп жатканын сурашты.

«ӨКМдин алдындагы агенттиктин башчысы Сапарбек Бакыев 2019-жылы 25-декабрда октон каза болгон. Иликтөө иштери жүрүп, шектүүнүн өздүгү аныкталган. Бирок шектүү Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткендиктен кармоо боюнча ыкчам аракеттер жүрүүдө», — деди Айдакеев.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев ушул жылдын 9-сентябрында Ош шаарынын тургундары менен жолугушканда да Сапарбек Бакыевдин өлүмү боюнча айтылган.

Ош шаарынын Озгур айлыныны тургуну Кыялбек Талипов агасын атып кеткен адамдар боюнча чара көрүлбөгөнүн билдирген.

«2019-жылдын 25-декабрында кечки саат 21:00 чамасында агам Сапарбек Бакыевди өз үйүнөн «киллерлер» атып кеткен. Арадан 2 жыл 9 ай өтсө дагы кылмыш иш боюнча бир да жылыш болгон жок. Агам Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суу жана сел ташкындарынан коргоо агенттигинин директору болчу. Ош шаарында көрүнүктүү адамдардын бири эле. Ушул иш боюнча бир милиция кызматкери, Ош ОИИБдин башчылары же Ош ШИИБдин башчылары кызматтык чара алган жок. Ушул ишти алдыга жылдырып берүүңүздү суранабыз», — деди Талипов.

Курманкул Зулушев: «Бери өтүңүз, кээ бир маалыматтарды тактайын. Анан анча-мынча маалыматтарды билет экенсиздер, аны элге жарыялабай эле коелу», — деген.

2022-жылдын февраль айында Сапарбек Бакыевге козголгон кылмыш ишин тергөө уланып жатканын ички иштер министри Улан Ниязбеков АКИpress агенттиги менен болгон маегинде билдирген.

Анын айтымында, 2019-жылдын 25-декабрында саат 22:20 чамасында Ош шаарынын ички иштер башкармалыгына октон жаракат алган адам аймактык ооруканага жеткирилгени тууралуу маалымат түшкөн. Маалыматты текшерүү учурунда белгисиз адамдын аракетинин кесепетинен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Сел жана суу ташкындарынан коргоо мамлекеттик агенттигинин башчысы Сапарбек Бакыевдин башынан ок тийип, каза болгону аныкталган.

Бакыев табылган жерден бир нече метр алыста ​​гильза табылган. Бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Козголгон кылмыш ишинин алкагында окуянын бардык жагдайлары дыкат изилденип, текшерилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө айрым адамдар издөөгө алынган. Учурда кылмыштын бетин ачуу боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат. Кылмыш иш Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин көзөмөлүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE