Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Саруулук А.Мажиков 1 гектар жерге өстүрүлгөн карагаттын көчөтүнөн миллиондогон акчаларды тапса болорун айтат

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылынын тургуну Азамат Мажиков түшүм мол берүүчү карагат өстүрүп жаткандыгын билдирди.

«Карагат өстүрүү боюнча топтогон тажрыйбамды жергиликтүү элге бөлүшүп келе жатам. Учурда 10 гектардан ашуун аянтыбыз бар. Былтыркы жылы чет жерден көчөттөрдүн түрүн алып келип, жаз алды менен калемче кылып талаага отургузганбыз. Эми келерки жылы түшүм берүүгө даяр болду.

Кыргызстандын бардык аймактарынан буюртмалар келип жатат. Биз көчөттөрдү тангактап жөнөтүүдөбүз. Мыкты делген 9 түр көчөттү сыноо иретинде отургузганбыз. Натыйжада биз күткөндөн да мыкты болуп өсүп чыкты. Бир түбүнөн 8 килограммга чейин түшүм алууга болот. Кара баштыкчаларды жайып, алдына суу кетирип тамчылатып сугаруу ыкмасы менен өстүрдүк. Буюрса келерки жылы карагат өстүрүүчү аянтыбызды кеңейтүүнү пландап жатабыз. Көчөттөр 120 сомдон жогору сатылууда», — деди ал.

Айыл тургуну Азамат Мажиков 1 гектар жерге өстүрүлгөн карагаттан 1 миллион сомдон ашуун киреше алууга болорун кошумчалады.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE