Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгын белгиледи

Акыркы жанылыктар

TurmushСултан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында театрдын түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Иш-чаранын алкагында көрүүчүлөргө мыкты спектаклдердин үзүндүлөрүнөн турган чыгармачылык программа тартууланды.

Театрдын жамаатын Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов куттуктап, бул маданий мурастын жаш муундарды тарбиялоодо, шаардын маданий турмушун өнүктүрүүдө мааниси зор экенин белгиледи. Иш-чаранын жүрүшүндө өзгөчөлөнгөн театр ишмерлери Ош шаарынын мэриясынын ардак грамоталары менен сыйланышты.

Ошондой эле театр кызматкерлерин президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Ош шаардык кеңешинин депутаттары, коомдук жана маданий ишмерлер куттукташты.

Белгилей кетсек, Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры 1972-жылы уюшулган. 1974-жылы жаңы имараттын курулушу бүткөрүлгөн.

Чыгармачыл топ ата мекендик жана чет элдик авторлордун 130дан ашык драмалык чыгармаларын сахналаштырган. Аларды 4 миллион 200дөн ашык көрүүчүлөр көргөн.

1997-жылы театрга мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун ысымы ыйгарылган.

Театрда 179 адам эмгектенсе, анын 76сы чыгармачыл кызматкерлер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE