Пример HTML-страницы

Россияда каза болгон 14 жарандын жакындарына акчалай жардам көрсөтүлөт

Акыркы жанылыктар

TurmushРоссиянын Ульяновск облусундагы жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен каза болгон кыргызстандык жарандардын сөөгү бүгүн, 23-августта алынып келди. Учак Ош шаарындагы аэропортко саат 17:20 чамасында конду.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев каза болгондордун жакындары менен аэропортто жолукту.

Төрөбаевди коштогон президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов баштаган топ бөлүнүп, маркумдардын сөөгүн райондорго жеткирип барышат.

«Азыр 3 облуска бөлүнөбүз. Андан сырткары президенттин фондунан өтүп кеткен жарандардын жакындарына 300 миң сомдон берилет. Ооруканадагы 3 жаранга дагы 300 миң сомдон берилет.

Алдын ала маалыматтар боюнча, биздин жарандар бусикте болгон. Сүзүп кеткен «фуранын» айдоочусу телефон аркылуу дары сураптыр. Болжолдуу маалымат боюнча, ал сүзгөнгө чейин тирүү эмес экен», — деди Төрөбаев.

21-августта Россиянын Ульяновск облусунун Николаев районунда жол кырсыктын кесепетинен 16 адам каза болду. Алардын ичинен 14 киши — Кыргызстандын жарандары болчу. Андан тышкары 3 кыргыз жараны оор абалда ооруканага жеткирилген.

Самара шаарынан Москвага бара жаткан кичи автобуста 19 адам бар болчу. Россиянын Ички иштер министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, кичи автобустун айдоочусу оңдолуп жаткан жолдон өтүү үчүн өз кезегин күтүп турган. Ошол учурда кичи автобусту аркасынан жүк ташуучу унаа сүзгөн.

Каза болгон кыргызстандык жарандар:

1. Абдулхамид уулу Жакыпбек — 1990-жылы 20-августта Араван районунун Гүлбаар айылында туулган;

2. Бекмурзаева Диана Акылбековна — 1998-жылы 4-сентябрда Ноокат районунун Төөлөс айыл аймагына караштуу Муркут айылында туулган;

3. Кутманали уулу Сыймыкбек — 1999-жылы 22-июлда Араван районунун Гүлбаар айылында туулган;

4. Сулайманова Уулкан Хакимовна — 1976-жылы 15-октябрда Кара-Суу районунун Кенжекул айылында туулган.

5. Жуманалиев Шекербек Аманалиевич — 2000-жылы 24-апрелде Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагында туулган;

6. Мусабаева Элнура Турганбаевна — 1980-жылы 1-ноябрда Жалал-Абад шаарында туулган;

7. Ормонбек кызы Алина — 1995-жылы 22-январда Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Алма айылында туулган;

8. Турсуналы уулу Адилет — 1999-жылы 5-октябрда Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагында туулган;

9. Каныбек уулу Азиз — 1976-жылы 13-январда Сузак районунун Ленин айыл аймагына караштуу Жыгач-Коргон айылында туулган.

10. Абдуллаева Ойгул Гани кизи — 1991-жылы 29-мартта Кадамжай районунун Марказ айылында туулган;

11. Акылбек уулу Майрамбек — 1997-жылы 27-декабрда Кадамжай шаарында туулган;

12. Кожомбаев Каныбек Мухамадзакирович — 1986-жылы 12-октябрда Кадамжай районунун Марказ айылында туулган;

13. Арыстанбек уулу Нуртилек — 1996-жылы 24-октябрда Баткен районунун Табылгы айылында туулган.

14. Ирисбаев Алмазбек —1978-жылы 11-июлда Баткен облусунун Кадамжай районунда туулган.

Ооруканага жеткирилген кыргызстандык жарандар:

1. 1981-жылы 23-апрелде туулган Алибаева Айгүл;

2. 2001-жылы 18-июнда туулган Бекназар уулу Сыймык;

3. 1993-жылы 13-ноябрда туулган Абдусалим уулу Таалайбек.

Президент Садыр Жапаров 23-августту Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы Аза күтүү күнү деп жарыялаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE