Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Рамазан айы келгенче мен мечитке барчу эмесмин

https://kyrgyzcha.site/?p=4881&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Мен Аллахтын динине кайдыгер караган адам элем. 2000 — жылдары Рамазан айы келгенге чейин мен мечитке барчу эмесмин. Күндөрдүн биринде үйдө уктап жатып, таң калыштуу түш көрдүм. Түшүмдө өзүмдүн керебетимде өзүмдүн уктап жаткандыгымды көрдүм. Аялым келип, мени ойготуп атты. Мен андан: “Эмне болду?”-деп сурасам, бирок ал негедир мени укпайт. Мени кайра-кайра ойготуп жатты. Мен андан кайра-кайра “Эмне болду?”-деп сурасам ал менин сураганымды укпайт. Менин ойгонбогонумду көргөн аялым бир убакта чочуп, агаларымды чакырып келди. Бир кезде врач келип, мени көрө баштады. Мен врачтан: “Эмне кылып жатасың?”-десем, ал да укпайт. Мени текшерип көргөн врач агаларыма менин өлгөндүгүмдү айтты. Алар менин өлгөндүгүмө аябай кайгырышып, аябай ыйлашты, аларды көрүп мен да ыйлап жаттым. Эмнеге булар мени укпай жатышат, эч түшүнө албай жаттым. Келесо болуп калгансыдым. Эмнеге мындай? Эмнеге мен агаларымды, аялымды көрүп, угуп жатам да, алар мени угушпайт? Алар мени жерге көмүү жөнүндө сүйлөшүп, “Эгер бул жакшы адам болсо, Аллах менен эртерээк жолуктурушубуз керек. Эгер жаман адам болсо, анда мындан эртерээк кутулушубуз керек”-деп жатышты. Мени жууп, кепинге орошту. Көрүстөнгө алып жөнөштү. Мен болсо, алдымдан чыккан адамдын баарына “Мен тирүүмүн, мен өлгөн жокмун”-деп айтып жаттым, бирок мени эч ким укпады, эч ким мага жооп бербеди. Көрүстөнгө жеткенде мени жерге имамдын алдына коюшту. Оролгон бойдон жерде жатам, имамды жалооруй карап, “Мен тирүүмүн, мен өлгөн жокмун. Эмне кылып жатасыңар?”- деп жаттым. Бирок имамдан да жооп болбоду. Баары бир добуштан куран окуй башташты. Куран окуп болушкандан кийин мени кабырга кое башташты. Ал эми мен болсо, “Токтоткула! Мени көмбөгүлө! Мен тирүүмүн! ”-деп кыйкырып жаттым. Эч ким укпады. Алар кабырды тактайлар менен тосуп, үстүнө топурак сала башташты. Ошондо мен Мухаммаддын (САВ) бир хадисин эстедим: “Чындыгында, өлүү адам сөөктү көмүп бүтүп бараткан адамдардын ар бир кадамын угат”. Мен да мени көмүп бүтүп бараткан адамдардын кадамдарын угуп жаттым. Караңгы, ным жерде жатып мунун баарына түшүндүм. Ошол убакта эки адам пайда болду. Бирөөсү менин баш жагыма, бирөөсү бут жагыма туруп, мени сурап башташты.
— Сенин кудайың ким?
— Менин кудайым……. … Менин кудайым……. ………..
Кудайым ким экенин билчүмүн, бирок эстей албай жаттым, ким эле… кантип анын атын унутуп калдым…… ким эле……. ким эле………..
Алар дагы суроо берди.
— Сенин Элчиң ким?
— Менин Элчим……….. … Менин Элчим……….. …….
— Сен диниң кайсы?
— Менин диним……….. .. Менин диним……….. ………
Менин аялымдан, дүкөнүмдөн, акчаларымдан, машинамдан башка эч нерсе акылыма келбей койду. Жашоомдогу эң жагымсыз, уяттуу учурлардан башка эч нерсени эстей албай жаттым. Бир кезде алар мени дубинка менен катуу уруп жиберишкенде, мен кыйкырып жибердим. Ачуу үнүм менен кыйкырып, үйдө уктап жаткандардын баарын ойготуп жибердим. Коркуп кеткен аялым: “Эмне болду? Эмне кыйкырып жатасың? Тез жардам чакыралыбы? ”-деп сурап жатты. Ошондо гана мен мунун баары түш экенине түшүндүм. Анан эле мечитте багымдатка азан чакырып калды. Ушул жерден менин жаңы жашоомдун барагы ачылды. Бул түш менин жакшы жолго түшүшүмө, Жараткан тарабынан тыюу салынган нерселерден алыс болуума себеп болду. Мен Жараткандын буйругу менен ага баш ийип, ислам жолуна түштүм.
Азыр аялым, балдарым, агаларым менен бактылуу турмушта жашайм, мени адашуудан сактап калган Аллахга шүгүр кылам жана биздин жаныбызды алып жатып, бизден мусулман катары ыраазы болушун суранам.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE