Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Рак дарты менен ооруканада жатсам күйөөм үйлөнөм деп жаш келинди жетелеп келди.

https://kyrgyzcha.site/?p=16273&preview=true Кызыктуу окуялар.

Рак дарты менен ооруканада жатсам күйөөм «үйлөнөм» деп жаш келинди жетелеп келди.

 

Жайдын таңы. Күн ысып кетелекте дүкөндүн алдына суу чачып тазалап алайын деп шыпырып жаткам. Төмөн жактан бир аял шаша басып келе жаткан, жакын келгенде ичкен аялдай көрүндү. Үстөлгө отура кетти да чыдабай жүз грамм берчи өлгөн атам деп жиберди. Бир чети жолтоо болгонуна бир чети аял болуп ичип жүргөнүнө жиним келип куйуп бердим. Дароо жутуп жиберип ачырканбай эле отуруп калды. Мен ишимди бүтүрүп, кофе ичип алайын дедим, тиги аялды карасам оозуна наар албагандай. Ага да куйуп жаңы нандан сындырып берип койдум, башын ийкеп ичип алып кетип калды. Артынан карасам жупуну кийинген, бутунда резина шлепка. Бирок рахмат айтып «ден соолугуң болсун» деп эки, үч жолу айтканы эсимде калды. Эмнеге ушундай күнгө туш болуп жүргөнүн билгим келди, эми келсе сурайынчы деп койдум. Мен өзүм эмчегимден шишик табылып дарыланып жүрөм, дүкөндө кыздарым балам иштейт. Мен эртең менен келип турам, уктап алышсын деп. Ал аялды деле унутуп калыптырмын. Эмчегим оорутпай калса көңүлүм көтөрүлүп калам, суу чыгып калса санаам санга бөлүнөт.

 

Эми кызым турмушка чыгып, куда сөөк менен чай ичишип, небере жытын жыттарда өлүп каламбы? — деп өзүмө өзүм суроо берем. Апам, бир туугандарым, кайын журтум, баары акчадан жардам беришип айыгып кетсе экен дешет. Бир күнү таштанды ыргытайын деп чыксам, баягы аял биздин көчөдө кетип баратыптыр. Чакырып алдым, оозу кеберсип кеткен, үйгө киргизип жаңы бышкан тамактан куйуп бердим. Ыңгайсыз болуп жатканын билип сыртка чыгып кеттим. Келсем тамак ичип болуптур. Сураша кетсем биздин шаардан, мен окуган мектепте бир класста окуган Айнагүл экен. Таанылбай калганына таң бердим, мектепте далай балдар жетпей арманда калган, чачы согончогунан болгон кыз эле. Аркы беркини сүйлөшүп отуруп, телевизордун жанында турган дарыларды көрсөтүп, ким ичет? — деди. Мен десем, мен да далай ичкем деп, кофтасын көтөрсө эки эмчеги тең жок экен. Денем дүркүрөп эле кетти. Жай отуруп өзү жөнүндө сөз баштады. Мен ал кезде банкта иштечүмүн, балдар чоңойуп калган кез, үйдү жаңы бүткөнбүз. Көлгө барып жакшы эс алып келдик, аябай күнгө күйгөм, келгенде эле ооруп баштады.

Пример HTML-страницы

 

Жаштык кылып эрте доктурга барбай койуптурмун. Көрсө бул рак оорусун күн күчөтүп жиберет экен. Ошентип оорум күчөдү, барбаган бейтабым калбады,ичпеген дарым калбады. Болгон дарынын баары эле спиртке чылап иче турган дарылар эле. Калтырбай ичем жакшы болуп калгансыйм, кайра эле кан аралаш суу чыгып калат, ошентип жүрүп 4жыл өзүм менен өзүм алыштым. Акыры алдырып тындым, бирок оорудан кутула алган жокмун экинчи жагым ооруп баштады. Кайра баягы дарыларды ичмей башталды. Апам болгон малын сатып мени сактап калайын деп жатып өзү кайтыш болуп кетти. Мындай убакта өзүм араң жүрсөм, аярың, кенешчиң, жөлөгүң, тирегиң апаң кетип калганы мага катуу сокку болду. Экинчи эмчегимди да алдырдым. Оорудан башымды көтөрө албай жүрсөм жолдошум жаш келинди таап анысынын бойунда бар экен. Аны мага мен үйгө келгенде айтайын деп жүрүптүр, үйгө келсем мамилеси өзгөргөн.

 

Бир күнү ачык эле айтты, жакында төрөйт үйдү бөлүшөлү деп. Бул мага ок болуп тийди, эми башымды көтөрөрүмдө, башыман ылдый басты. Ишенген күйөөм, таянган тоом урап, мени жипсиз муунтуп, депрессияга түштүм. Ажыраштык үйдү сатып 5ке бөлдүк ага тийген акчага жер да келбейт экен. Мен балдарым менен батирде жашап калдык, уй баштаганга ахывалым жетпейт эле. Дарыланып жүрүп чөп дарыны, баканы спиртке чылап ичип жүрүп организм көнүп кетиптир, кийин да ичип турбасам болбой калды. Ошентип ичип кеттим, өзүм да билем бирок токтото албай жатам. Ошентип ушуга байланып калдым деди. Сүрөттөрдү чачып атып бир сүрөтүн таап алдым, жаңы-жылда аяз кыз болуп түшкөн. Мөлтүрөйт тим эле жутуп ийчүдөй болгон кыз. Карачы өзүңдү? — деп көрсөтсөм, туурулган колу менен өзүн сыйпалап көрүп отурду. Мектепте кандай кыз элең давай өзүңдү колго ал дагы эртеңден баштап, өзүңдөн башта. Ошол күйөөң сени карап эси оогондой болуп жанынан өтүп кет. Кандай абалда калар экен деп, көп жакшы сөздөрдү айттым. Макул болгондой башын ийкеп кетти. Биринчи көчөдө жашайт кабар алып турдум. Баласы дордойдо каробка чогултуп акчасына тамак аш алып келет экен, ошо менен кошо барып жүрдү. Кээде адатынча ичип кетип кайра оңолуп калып жүрүп, оңолуп кетти. Баягы сүрөттү балдарына көрсөтүп мактап койдум, алардын да мамилеси өзгөрүлүп жакшы болуп калышты. Кийин инилери жер алып, эки бөлмөлүү үй салып берди. Жашоонун гүлү болгон,, көңүлгө»жакшылап эле жакшы, жылуу сөз менен эле сугарып турса, кыйынчылыка туруштук бере алат тура. Айнагүл да менин жылуу сөздөрүмө жибип, жашоонун жарык эшигин ачкандай болуп оңолуп кетти. Мага келип кабар алып турат. Мен химия алып келип жаңы эле жаткам. Күйөөм келип тамак барбы? — деди. Билбейм карачы, мен эми келдим дегиче эле,оорудум дегениңен тажадым деп, кыйкырып, беш көйнөгүн чогултуп кетип калды. Көрсө башка аялы бар экен, мен да Айнагүл досумдун тагдырын жазбай кайталап жатканыма боздоп ыйладым. Айнагүл кандай ахывалда калганын эми түшүндүм. Өзүм жарым жан болсом, эрим кетип калса деп ойлонуп таң атканча уктаган жокмун. Эртең менен балдарым кебетемди көрүп жүрөктөрү түшүп калды. Күйөө балам, кызым келди мына деп турат көз жарганы. Болгондун баарын айтып бердим, көзүн жашылдантып угуп отурду да тиземди кучактап алып боздоп ыйлады. «Апа сиз биз үчүн жашаңыз, бизге керексиз» деп. Өзүмдү өзүм кармадым, айыгам буйурса кудай колдоп берсе айыгам, — деп сөз бердим. Балдарым үчүн күрөшөм, айыгам дедим. Айнагүл келди жакшынакай болуп калыптыр мурдагысындай. Мени угуп жер тиктеп отурду да, эчтеке эмес сенин тагдырың меникин кайталап жатат, баары жакшы болот деп кетти. Эртеси кечинде келди, буту башы бүт баткак болуп. Көрсө Кочкор айылына барып кызыл колтук бака таап келишиптир. Аны өзү ичип жүргөндөй кылып дары жасап берди, тынбай ичем аябай тердетет. Кудайга шүгүр оңолуп калгансыдым, ортодон дары чөп ичтим. Арадан 6 ай өттү, доктурга барып текшерилсем доктурум өзү чыгып келип, колуман кармап сүйүнчүлөдү, буйурса айыгыптырмын. Дагы 3 айдан кийин дагы келип текшерил деди. Айнагүлдүн бакасыбы? Же доктурдун дарысыбы иши кылып кудайдан болуп айыгып кеттим. «Оорунун кадырын ооруган жан билет» дегендей Айнагүл досумдун мен үчүн жасаганын эч качан унутпайм десем, ал болсо мен ичип жүрүп бир күнү жок болуп кетет белем, сен мени адашкан жолуман кайрыбаганда деп калат. Ички дүйнөң ооруп турган кезде, жакшы сөз жан жыргатары билгилүү болсо да, көп ката кетиребиз. Азыр кудайга миң мертебе шүгүр кылам, неберемди жетелеп жүрөм, эч бир эне оорубасын!! Ооруп жүргөн таанышыңыздын ахывалын сурап туруңуз, сөзсүз жакшы болосуң, жакшы болуп кет деген сөзүңүз, дем, күч берерин унутпаңыз. Оорубаңыз.

 

Клара ✍️

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE