Пример HTML-страницы

Пайгамбарыбыз саждада.

https://kyrgyzcha.site/?p=4943&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫ САЖДАДА ТЕБЕЛЕГИСИ
КЕЛЕГЕН АБУ ЖАХЛ.
Пайгамбарыбыз Мухаммад (соллаллоху алайхи
васаллам) Каабанын айланасында намаз окууну
эңсеп жүрчү. Пайгамбарыбыздын (соллаллоху
алайхи васаллам)дын тилегин түшүнгөн дин
душманы Абу Жахл мындай дейт: Оо, Мухаммад!
Эгер Каабанын айланасында сажда кылчу болсоң,
анда башыңды тебелеп өтөм. Бирок,
Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам)
анын бул опузалоосунан коркпой, намаз окуу үчүн
Каабаны карай жөнөйт. Ошондо Абу Жахл кайрадан
минтип коркуткусу келет: Оо, Мухаммад! Эгер
Каабанын жанында намаз окучу болсоң, анда
Курайш уруусунун бардыгын чакырып келем,
аларда сенин башыңды тепсеп өткөнүмдү көрүшсүн.
Бирок, Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи
васаллам) анын сөзүнө маани бербестен, Каабанын
жанында намаз окуп баштайт. Абу Жахл Курайш
элинин бардыгын чакырат, алар окуяга күбө болуп
турушат. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи
васаллам) эми сажда кылган кезде, Абу Жахл
Пайгамбардын жанына жакын басып барат. Бирок
барган жеринде айкелдей болуп катып, үнсүз туруп
калат, бир саам өткөндөн кийин артына кайтып
кетет. Абу Жахлдин артына кайтып кеткенинин
себебин түшүнбөй калган адамдар: Оо, Абу Жахл!
Мына Алланын элчиси жаныңда сажда кылып турат,
эмне үчүн башын тепсейм деген убадаңды аткарбай
туруп артка кайтып келдиң? — деп сурашат. Абу
Жахл аларга: Эгер мен көргөн нерсени силер да
көргөнүңөрдө, көзүңөрдөн кан төгүлүп
ыйламаксыңар — дейт. Алар: Эмнелерди көрдүң,
бизге да айтып берчи — дешет. Ал: Мен, Мухаммадке
жакын барганымда, экөөбүздүн ортобузда ичинде
от алоолонуп жанып турган бир аңгек пайда болду,
ошондо мени коркунуч басты жана да канатын
каккылап турган периштелер аны коргоп алган эле —
деп жооп берет. Пайгамбарыбыз (соллаллоху
алайхи васаллам) айткан: «Эгер Абу Жахл өзү
айткандай кылганда, периштелер элдин көзүнчө
анын жанын алып кетмек».
Окуянын түшүндүрмөсү: Абу Жахл Курайш уруусун
чакыргандыгы тууралуу Куранда Алла Таала
мындайча кабар берет: «Ошондо мейли ал, (Абу
Жахл) өзүнүн тобун чакырсын». Алак сүрөсү 17 чи
аят. Эгер Курайш эли жыйналса, анда Мен азап
периштелерин чакырам деп Алла Таала кийинки
аятты түшүрөт: «Биз күч-кубаттуу, айбаттуу
сакчыларды (периштелерди) чакырабыз». Алак
сүрөсү 18чи аят. Пайгамбарыбыз (соллаллоху
алайхи васаллам)ды Абу Жахлга баш ийбөөгө,
Өзүнө гана сажда кылууга буюрган Алла Таала
төмөнкү аятты аян кылат: «Жок! Ага моюн сунба!
(Аллага) сажда кылып, Аллага жакында». Алак
сүрөсү, 19 чу аят.
Абдишүкүр ажы Нарматов.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE