Пример HTML-страницы

Отуз жыл орозо кармаган киши

https://kyrgyzcha.site/?p=12910&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

..Отуз жыл бою Орозо туткан адам — кудук башына келип, суу алуу үчүн кезекке турат. Кезек канчалык көп болсо да, талашып-тартышпай сабыр сактап турганда, кезектин аягында турган бирөө кыйкырып:

— Мен бүгүн Орозомун! Кезек бергилечи. Карыным ачты, чөлдөдүм, — деп чуу чыгарат.

Баягы адам ар адамга ошентип айтып, акырындап алдыга жакындай берет. Отуз жыл бою Орозо туткан адам башында маани бербей турган менен, бир кезде чыдамы түгөнүп:

— Эй, бир тууганым, эгер Орозо тутканга жол берүү керек болсо, отуз жыл Орозо туткан мен — биринчи алуум керек эмеспи?

Сен неге бир күн туттум деп элди кырып кеткен атасың?- дейт ачууланып.

Ошондо баягы киши каркылдап күлүп жиберип:

— Сага отуз жыл бою сөзүм өтпөгөн эле. Эми мына, Орозоңду милдет кылып бардык жыйнаган сообуңдан айрылдың. Мага да эң кереги ушул эле ,- деп көздөн кайып болуптур Шайтан.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE