Пример HTML-страницы

ОшТУга Фергана политехникалык институтунан делегация келди

Акыркы жанылыктар

TurmushОш технологиялык университетине Фергана политехникалык институтунун делегациясы окуу жайлар аралык түзүлгөн келишимдин негизинде атайын иш сапары менен келишти.

Окуу жайдын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу, академиялык мобилдүүлүктү профессордук-окутуучулук курам менен бирге студенттерге дагы күчөтүү, окуу жайлар аралык илимпоздор менен биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, достук фестивалын, спорттук жана маданий иш-чараларды биргелешип өткөрүү боюнча маселелер талкууланды.

Ферганадан келген коноктор университеттин материалдык-техникалык базасы жана бүгүнкү күндөгү ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты. Делегациянын курамын ОшТУнун ректору, доцент Ж.Ж.Турсунбаев жеке кабыл алып, аларга окуу жай тууралуу маалымат берүү менен бирге ыраазычылык билдирди. Коңшу мамлекеттен келген делегациянын курамында университет даярдап жаткан бардык багыттар боюнча өкүлдөр болушуп, алар ар бир багыттын өзүнө тиешелүү болгон факультеттин декандары менен жолугушту.

Жолугушууларда мындан ары эки тараптуу байланышты күчөтүп, эл аралык деңгээлдеги жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоодо биргелешип кызматташуу тууралуу

кеңири сөз болду. Ош технологиялык университети менен Фергана политехникалык институту буга чейин дагы тыгыз байланышта иш алып барып келген.

Фергана политехникалык институтунан келген өкүлдөр:

  • Умаров Бекзод Академиялык — механика кафедрасынын башчысы;

  • Тохиров Мухаммадрафик — маалыматтык технологиялар факультетинин деканы;

  • Ахмедов Жамолиддин — архитектура кафедрасынын башчысы;

  • Тожиев Рустам — химиялык технологиялар факультетинин деканы;

  • Узбеков Мирсоли — энергетика факультетинин деканы;

  • Исмоилов Нодирбек — Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы;

  • Эргашев Сирожиддин — илимий кадрларды даярдоо бөлүмүнүн башчысы;

  • Нурматов Орифжон — экономика факультетинин деканы;

  • Ташпулатов Икболжон — жеңил өнөр-жай жана технология факультетинин деканы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE