Turmush — Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин кийимдердин технологиясы жана дизайны кафедрасынын жамааты тарабынан Ош шаарынын жана Кара-Суу районунун мектептеринде технология сабагын окуткан мугалимдер үчүн мастер-класс өткөрүлдү.
Бул иш-чарага 50 мектептен мугалим жана 10-11-класстын окуучулары катышты. Мында орто мектептеги эмгекке үйрөтүү, же технология сабагын окуткан мугалимдер окуучуларга сабак өтүүдө практика жүзүндө көбүрөөк үйрөтүлүүчү ыкмалар менен таанышышты.
Иш-чаранын максаты жаштарды учур талабына ылайык тарбиялоо, аларга сырткы дүйнө менен ички дүйнөнү айкалыштырып түшүнүүгө багыттоо болуп саналат. Мугалимдер жана окуучулар уюштурулган мастер-класс алар үчүн пайдалуу болгондугун белгилеп, кафедранын жамаатына ыраазычылык билдиришти.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.