Оштогу мончодогу көрүнүштүн видеосу интернетке тарады

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы мончолордун биринин морунан буркурап түтүн чыгып жатканда тартылган видео социалдык тармактарга тарады.

Аталган «Дархан» мончосу Ош шаарындагы Насирдин Исанов көчөсүндө жайгашкан. Ал Ош шаардык кеңешинин төрөгасы Салман Назылбековдун («Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы) уулуна таандык экени айтылып келет. Ал бул көрүнүш боюнча комментарий берди.

«Азыр суук болуп жатат. Аны (видео) мен деле көрдүм, мага да жөнөтүп жатышат. Пар түндө деле аппак болуп чыгат да, капкара эмес. Ошондой болуп чыга берет. Суукта чайнектин буусу деле катуу көтөрүлөт. Фильтр аркылуу ушундай чыгып жаткан. Фильтр коюлган. Кездеме жана башка нерсе жагылбайт, чоң-чоң көмүр жагылат. Баары фильтр аркылуу өтүп, анан чыгып кетет. Түтүн чыкканда коңушулар ушул убакка чейин арызданмак», — деди Салман Назылбеков.

Видео социалдык тармактан алынды.

Cotosen WW

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын маалыматы боюнча, мончо жана башка жеке мекеме-ишканаларды өз алдынча барып, текшерүүгө ыйгарым укук жок. Бирок жашоочулардын арызынын негизинде лабораториялык анализ алынып, мониторинг жарыяланат.

«Элден арыз түшүп, башка фактыларды беришсе, алар канчалык деңгээлде зыяндуу заттарды чыгарып жатканын гана анализдеп, мониторинг жүргүзүп бере алабыз. Биз жеке ишкерди өз алдыбызча барып текешере албайбыз. Бизде андай ыйгарым укук жок. Жаңы жылдан кийин бул маселе депутаттардын кароосуна коюлуп, бизге текшерүүгө ыйгарым укук берсе, көзөмөлгө ала алабыз. Азыр жалаң гана мамлекеттик ишканаларды текшере алабыз. Мисалы, жылуулук ишканасы, электр жылуулук ишканасынан чыккан түтүндөн лабораториялык анализ алып, мониторинг жүргүзөбүз», — деп айтылат маалыматта.

2021-жылы ноябрь айында Министрлер кабинети тарабынан абанын булганышына каршы күрөшүү боюнча өзгөчө комиссия түзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы
Admin
Оцените автора
KYRGYZCHA SITE
Пикир калтырыныз.

Пример HTML-страницы