Пример HTML-страницы

Ошто милиция кызматкерлери психологдордун текшерүүсүнөн өттү

Акыркы жанылыктар

Turmush17-19-май күндөрү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерин ИИМдин медицина башкармалыгынын кызматкерлери психологиялык жана усулдук жардам көрсөтүү, тообокелдик тобун аныктоо, агрессияга туруктуулугун текшерүү максатында тестирлөөдөн өткөрүштү.

ОИИБдин маалыматы боюнча, аталган тестке Ош ОИИБдин борбордук аппаратынын, Араван, Алай, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чон-Алай райондорунун ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун 3-батальону, ИИМдин №703 ички аскер бөлүгүнүн жоокерлери катышты.

«Иш-чаранын максаты — кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда ар кандай кырдаалдарда кызматкерлердин психологиясына таасир этүүчү жагдайлардан улам жабыр тартып, өзүн агрессивдүү абалда алып жүргөндөрдү аныктоо жана аларга ар тараптуу жардам көрсөтүп, тобокелдик тобунан чыгаруу. Ошондой эле милиция кызматкерлери кылмыш менен күрөшүүдө ар кандай катмардагы жарандар менен иш алып барууга мажбур болуп, түрдүү кооптуу жагдайларга кезигишет. Алар психологиялык басымга туш болуу коркунучу пайда болушу мүмкүн. Ошондуктан психологдун жардамы кызматкерлер үчүн абдан маанилүү»,-деп айтылат маалыматта.

Тесттин жыйынтыгы ИИМдин медицина башкармалыгынын психологдору тарабынан чыгарылып, ар бир кызматкерге өзүнчө билдирет. Тобокел тобуна кошулган кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, психологдордун көзөмөлүнө алынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE