Пример HTML-страницы

Ошто Даун синдрому бар баланын апасы вице-мэрге сын айтты (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 5-апрелде АКИпресс-Ошто Ош шаарынын тургуну — жактоочу Айсулуу Жапар кызы маалымат жыйын өткөрүп, президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады.

Ал кайрылуусунда Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулованын жумушундагы шалаакылыгы, жарандарга болгон орой мамилесин айтып, кызматынан бошотуу керектигин айтып чыкты. Анын айтымында, Даун синдрому менен төрөлгөн уулу бар. Вице-мэр Венера Рыскулова кабыл албай, арызга жооп бербей, создуктуруп жатат. Арызда уулун Санкт-Петербург шаарында операция жасатуу үчүн 20 миң доллар акча каражаты тууралуу жазылган. Операцияны 4,5 жашка чейин жасатуу керек болгондуктан убакыт өтүп жатканын айтат.

«Уулум Даун синдрому менен төрөлгөн. Анын операциясы үчүн каражат талап кылынгандыктан мэрияга кайрылгам. Мэриядан Марс Исаевге (Ош шаарынын биринчи вице-мэр) кайрылганбыз, кат менен «2022-жылдын бюджетин карап, шаардык кеңештин депутаттары менен кеңешип көрөбүз» деп жооп берди. Социалдык иштер боюнча вице-мэр Венера Рыскуловага жолугуу үчүн барсам, 4 саат күттүрүп, бекинип, чыкпай койду», — дейт Айсулуу Жапар кызы.

Ал Ош шаарынын прокурорунун орун басары вице-мэрди калкалап жатканын белгиледи.

«28-март күнү телеканалдардын бирине интервью берген соң, менин жашоомо коркунуч жаратышты. Унаамдын тормоз зымдарын кесип, дөңгөлөгүн тешип коюшуптур. Үйүмө сиздин үстүңүздөн арыз түштү деп шылтоолоп, жекшемби күнү милициялар келиптир. Булар бир топ болуп мага каршы болуп жатышат», — деди ал.

Айсулуу Жапар кызы баласынын операциясы үчүн 20 миң доллар чогултууга жардам берүүнү суранды. Бул акча Санкт-Петербургдагы оорукананын эсебине которулат.

Ал эми вице-мэр Венера Рыскулова дарегине айтылган сөздөрдү төгүндөп, буларга токтолду.

«Бул эженин мага эмнеге мындай өчөшүп калганын түшүнбөй турам. Январь айында шаар мэри менен жер-жерлерде жолугушуу өткөргөндө өз маселесин айтып кайрылган. Андан кийин баласын дарылатуу маселеси боюнча мэр менен жеке жолугушту. Социалдык маселелерди караганым үчүн мэр экөөбүз чогуу кабыл алганбыз. Даун синдрому бул жугуштуу оору же майыптык эмес, бул — генетикалык өзгөчөлүк менен төрөлгөн балдар.

Бул айым «Санкт-Петербургда операция жасалат, баасы 20 миң доллардай экен» деп айтып калды. Арызын ошол эле күнү алып, каттоого берип, дарыгерлерге толук анализден өткөрүү үчүн тапшырма жөнөткөнбүз. Дарыгерлердин көзөмөлүндө турат экен, алар корутунду беришкен. Андан сырткары айтып жаткан Орусиядагы клиника менен каражат маселесин тактоо тапшырмасы берилген. Бирок дарыгерлер сыры деген бар экен. Сураштырсак негизинен 1 млн сомдон жогору экени айтылгандыктан мэр менен сүйлөшүп, кандай жардам берсек деп ойлондук. Марафон уюштурсакпы деген да ой келди. Бирок биздин марафон уюштурганга укугубуз жок. Жергиликтүү бюджет да чектелүү. Шаардын атайын резерв фондунан 3-5 миң сомго чейин аярлуу үй-бүлөлөргө, жардамга муктаждарга каралган. Январда кабыл алсак, февралда дагы кайрылды. Ошондо резервдик фонддон 5 миң сом берилген экен. Мындан тышкары кайрымдуулук фондго кайрылуу жолдонгон. Ал жактан тиешелүү жооп келсе дагы жооп беребиз.

Катты кароо учурунда саламаттыкты сактоо тармагын тейлеген кызматкерибиз такыр байланыша албай кыйналган. Менин жеке кабылдамама дагы келген эмес. Жеке жолугушууга деле даярмын, кабыл алам. Социалдык тармакта иштегендиктен элдин баарына жага албайт экенсиң. Мунун артында эмне тураганын түшүнбөй жатам», — деди Рыскулова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE