Пример HTML-страницы

Ошто дагы бир шаар пайда болушу мүмкүн. Ал эң бай айыл өкмөттөрдүн бири

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 7-сентябрда башкы прокурор Курманкул Зулушев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана бир катар жетекчилер Ош облусунун Араван районунун жашоочулары менен жолугушту, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жолугушууда Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтүнө шаар макамын берүү сунушталды.

Жашоочулардын бири Абдрахман Динисламовдун айтымында, шайлоо учурунда президент Садыр Жапаров менен Оштогу стадиондо жолугушканда Алля Анаров айыл өкмөтүндө жашоочулардын саны көбөйгөнү боюнча маселе көтөрүлгөн. Президент аталган айыл аймакты шаар кылып берүүнү убадалаган.

«Ушуну президентке жеткирип койсоңуз. Райондо 40 миңден ашык эл бар. Айылыбыз шаарларга караганда өнүгүп-өсүп келе жатат. Жолдор кеңейип, тротуар салынып жатат. Айылыбыз шаар деген макамга татыктуу, — деди ал.

27:00 баштап көрүңүз

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бул боюнча өзүнчө процедура бар экенин белгиледи.

«Мен толугу менен колдойм. Бирок мындай процедурасы бар. Сиздер, ошол айыл өкмөттүн депутаттары чечим чыгарып бергиле. Андан кийин райондун акими чечим чыгарат. Андан кийин бизге берет. Биз токтом кылып бекитебиз. Жогорку Кеңеш менен бекитип, шаарга айландырабыз. Мына Базар-Коргон айылы болчу, Базар-Коргон шаары болуп калды. Сузак айыл өкмөтүн шарга айландырабыз деп жатышат. Эң туура маселе. Ал жерге таза суу, канализация келип, көп кабаттуу үйлөр курулушу керек. Биз толугу менен колдойбуз деди», — деди Төрөбаев.

  • Араван ээлеген аймагы боюнча облустагы эң кичинекей район болуп саналат. Ал облустун түндүк батышында жайгашып, түндүгүнөн жана түндүк-батышынан Өзбекстан, түштүгүнөн Ноокат, чыгышынан Кара-Суу райондору менен чектешет. Араван районунда жалпы 8 айыл өкмөт бар.

  • Алля Анаров айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджети 135 млн 501 миң сом болсо, 2022-жылдагы бюджети 60 млн 836 миң 600 сомду түздү. Алля Анаров айыл өкмөтү 2018-жылы дотациядан чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE