Пример HTML-страницы

Ошто алдамчылыкка шектелген жаш жигит камакка алынды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан «ТИЕНС» («Тяньши» ат менен таанымал) фирмасынын Оштогу өкүлү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда аталган түзүмдөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 17-апрель күнү милицияга Ош шаарындагы «ТИЕНС» (Тяньши) деген аталышындагы фирмадан жабыркагандыгы тууралуу арыз менен Ош шаарынын тургуну кайрылган. Ал өз арызында аталган фирмада иштеген О.Т. анын ишенимине кирип, «Сиз фирмага 210 миӊ төлөп, «6 жылдыз» даражасын алсаӊыз, айына 23 миӊ сом айлык маяна берилет. Андан сырткары 210 миӊ сом акчаӊыз дагы сиздики болот» деп айтып алдап, жабырлануучудан 210 миң сом акчасын алып, бүгүнкү күнгѳ чейин айлык маяна чыгарып бербей же алган акчасын кайтарып бербей жүргѳндүгүн билдирген. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иш козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 1997-жылы туулган тургуну О.Т. кармалып, 26-июлда Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы бул фирмадан жабыркаган жарандар болсо, башкармалыктын тергөө кызматына арыз менен кайрылууну суранат. Маалымат үчүн телефон номери: 03222-4-82-82.

Азыркы учурда бул факт боюнча ар тараптуу кошумча тергѳѳ амалдары жүрүп жатат. Анын жүрүшү боюнча дагы кошумча маалыматтар берилет.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE