Ошто айдоочу менен жол тескөөчү айымдын видеосу тарагандан кийин иликтөө башталды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында жол тескөөчү менен айдоочу тартылган видео боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Социалдык тармактарга тараган видеодон айдоочу жол тескөөчүгө «Эмне үчүн сөгүнүп жатасыз?» деп жатканын угууга болот. Бирок жол тескөөчү сөгүнгөнү видеодо угулган эмес. Ал «Унааңыздын айнеги караңгылатылган экен, документтериңизди бериңиз» деп сураган.

Милициянын маалыматы боюнча, аталаган окуя 21-ноябрга караган түнү рейд учурунда болгон.

Cotosen WW

«Биздин кызматкер сөгүнбөй эле документти гана сураганын айтууда. Бул боюнча ички иликтөө кызматы иликтеп жатат. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен кенен маалымат берилет», — деп айтылат билдирүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы
Admin
Оцените автора
KYRGYZCHA SITE
Пикир калтырыныз.

Пример HTML-страницы