Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Ошто 5 автомектеп жабылып, 6 мектептин лицензиясы токтотулду

Акыркы жанылыктар

Turmush25-ноябрь күнү Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ош аймактык, Ош шаардык, Өзгөн, Алай райондук бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана Ош шаары жана Ош облусунун аймагында жайгашкан айдоочуларды даярдоо жана кайра даярдоо менен алектенген билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин катышуусунда «Айдоочуларды даярдоодо билим денгээлин жогорулатуу менен жол-унаа кырсыктарынын алдын алууга жетишүү» деген темада семинардык кеңешме өттү.

Маалым болгондой, анда айдоочуларды даярдоодо окуу сабактарына курсанттардын толук катышуусун камсыз кылуу, сабактарды жаңы электрондук технологияларды колдонуу менен жогорку деңгээлде өткөрүү, биринчи үйрөнүү тажрыйбалык автоунаа башкарууларды атайын автодромдордо жүргүзүү , автодромдордун шарттарын жакшыртуу талаптары коюлду.

Азыркы учурда Ош шаары жана Ош облусунун аймагында айдоочуларды даярдоо жана кайра даярдоо менен алектенген 55 автомектеп бар. Алар 11 кесиптик лицейлердин базасында жайгашкан. Автомектептерге мерчемдүү текшерүүлөр жүргүзүлүп, 6 автомектептин лицензиясы убактылуу токтотулуп, 5 автомектептин лицензиясы жокко чыгарылган. Лицензиялык талаптарды бузган 26 автомектептин жетекчилерине Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин негизинде ар бирине 17 миң сомдон айып салынган. Юридикалык дарегинен башка жерге филиал катары бөлмө же автомектеп ачып алган 8 учур аныкталып, аларга Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин негизинде ар бирине 23 миң сомдон айып салынып, филиалдардын ишмердүүлүгү токтотулган.

Айдоочулук күбөлүк алууга талапкер курсанттардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында транспорт ишин жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан «Унаа» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери менен биргеликте автомектептерде жол кыймылынын эрежелери жөнүндө кошумча сабактарды өтүүшүдө.

Ошондой эле «Унаа» мамлекеттик мекемесинда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынак тапшырууда коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө боюнча эскертүү берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE