ОшМПУнун магистратура бөлүмү аккредитациядан ийгиликтүү өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushОш мамлекеттик педагогикалык университетинин магистратура бөлүмү магистрдик программасынын багыттарын даярдоого лицензия алуу жана жалпы ишмердүүлүгүнө баалоо жүргүзүү үчүн беш багыт боюнча аккредитациядан өттү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Аккредитация 2022-жылдын 21-22-ноябрь күндөрү «Билим стандарт» көз карандысыз акредитациялоо агенттиги тарабынан жүргүзүлүп, жети адистен турган комиссия атайын баалоонун тартибине ылайык алгач окуу жайдын материалдык-техникалык базасы, түзүлгөн шарттар, жатакана, ашкана менен жакындан таанышып чыгышты. Ошондой эле комиссия мүчөлөрү университеттин жетекчилиги, окутуучулары, магистранттар, бүтүрүүчүлөр жана иш берүүчүлүк тараптар менен маек курушуп, ишмердүүлүк боюнча сурамжылоо жүргүзүштү.

Андан соң жалпы иш кагаздарды текшерүүдөн өткөрүп, жыйынтыгында комиссиянын чечими менен магистрдик программанын төмөнкү беш багыты боюнча адистерди окутуп, даярдоого 5 жылдык мөөнөткө уруксаат берилди.

  • 550200 – Физика-математикалык билим берүү;

  • 550400 – Социалдык-экономикалык билим берүү;

  • 550700 – Педагогика;

    Cotosen WW

  • 550300 – Филологиялык билим берүү;

  • 550100 – Табигый илимий билим берүү.

Магистратура — белгилүү кесиптик багытта адистешүүнү тереңдетүүгѳ, айрым учурларда аны ѳзгѳртүүгѳ мүмкүндүк берген, бакалаврдан кийинки жогорку кесиптик билим берүүнүн баскычы.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 29-мартындагы №335/1 буйругунун негизинде жогорку кесиптик билим берүү программалары (магистратура) боюнча №D2019-0013 кошумча лицензия берилип, магистрдик программанын багыттарын даярдоого уруксат берилген.

Даярдоонун багыты боюнча ар түрдүү профилдеги фундаменталдуу, интеграцияланган адистерди жана магистрлерди даярдоо үчүн жогорку кесиптик билим берүү программаларын окутуп үйрѳтѳт.

Магистратурада педагогикалык багыттагы адистерди кызыкдар болгон тараптар (стейкхолдер) менен биргеликте негизги кесиптик билим берүү программасынын негизинде, жогорку окуу жай тарабынан иштелип чыккан окуу программанын мазмунуна ылайык даярдалат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы
Admin
Оцените автора
KYRGYZCHA SITE
Пикир калтырыныз.

Пример HTML-страницы