Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

ОшМПУда студенттерге ВИЧ/СПИД инфекциясы боюнча маалымат беришти

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 24-ноябрда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде ВИЧ/СПИД инфекциясы, жыныстык жолдор менен өтүүчү оорулардын жана наркоманиянын алдын алуу бонча тиешелүү адистер менен студенттердин жолугушуусу өттү.

Иш-чарага Ош облусунун СПИДге каршы күрөшүү боюнча жана аны алдын алуу борборунун дарыгерлери Адилет Бурканов жана Алманбет Каныбек уулу, университеттин бардык факультеттеринен студенттер, окутуучулар катышты. Аталган дарт жөнүндө адистер кеңири токтолушуп, оорунун жугуу жолдору, кооптуулугу, сактануу эрежелери жана Кыргызстандагы, дүйнөдөгө статистикалык маалыматтар менен да тааныштырып өтүштү.

Жолугушуунун соңунда студенттер адистерден ар кандай суроолоруна жоопторду алышып, ВИЧ/СПИД инфекциясы тууралуу талкуу жүргүзүштү.

1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү. Бул илдет алгачкы жолу 1981-жылы катталган. ВИЧ иммунно жетишсиздикти пайда кылуу менен СПИДдин өнүгүшүнө алып келет. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, дүйнөдө ВИЧ инфекциясын жуктурган адамдардын саны 46 миллиондон ашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE