Пример HTML-страницы

Ош шаарына качан жылуулук берилери айтылды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында 28-октябрдан тарта бардык социалдык объектилерге жана турак жайларга жылуулук берилет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 26-октябрда Ош шаарынын мэриясында кыш мезгилиндеги жылуулук маселеси боюнча шаардык штабдын жыйыны болуп өттү. Иш-чарага Ош шаардык мэриясынын коммуналдык чарба жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Эшмамбет Карымшаков, жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын, энергетика мекемелеринин, коммуналдык кызматтардын жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Иш-чаранын алкагында Э.Карымшаков билдиргендей, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов 28-октябрдан баштап бардык социалдык объектилерге жана турак жайларга жылуулук берип баштоо боюнча буйрукка кол койгон.

Маалым болгондой, каттын негизинде бир катар саламаттыкты сактоо мекемелерине (облустук төрөт үйү жана шаардык төрөт үйү) 22-октябрдан баштап, айрым социалдык объектилерге («Боорукердик» интернаты, №81 «Балапан» балдар бакчасы) 24-октябрдан тарта жылуулук берилген.

Муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлерине тиешелүү кызматтар менен биргеликте жашоочулар арасында үйлөрдүн жылуулук тармактарын текшерип, даярдоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Өткөн жылы Ош шаарына жылуулук 22-октябрда берилген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE