Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Ош—Ноокат жолунда мал сүзгөн унаа талкаланды. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 25-ноябрда Ош—Ноокат жолунда жол кырсыгы катталып, унаа жараксыз абалга келип калганын өздүк булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, кечки саат 18:30 чамасында жеңил унаа жолдон өтүп бара жаткан малдын бирөөсүн сүзүп, унаасы жараксыз абалга келип калган. Чала жан болуп калган мүйүздүү малды ошол жерде союшкан.

Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Алтынбек Тенгизбаев бул окуя такталып жатканын, бул жерде айдоочу күнөөлүү болбой турганын айтты.

«Малды жайып, бирок көзөмөлсүз калтырса, мал ээси күнөөлүү болот. Эгер мал ээси айдап бараткан жеринен сүзгөн болсо, айдоочу күнөөлүү болот. Унаа жараксыз абалга келип калса, мал ээси менен соттошсо болот», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE