Пример HTML-страницы

Орусча, украинче эркин сүйлөп, атактуу басмачыларды колго түшүрүп, Сталин менен жолуккан М.Максүтовдун өмүр жолу

Акыркы жанылыктар

Turmush«Тарых инсаны» рубрикабыздын бул жолку каарманы — өмүр бою чекист болуп иштеген Мокей Максүтов болмокчу.

Мокей Максүтов 1895-жылы Ак-Суу районунун Ак-Булак айылында туулган. Бала кезинен зирек, эстүү болуп чоңойгон. Анын зиректигин, чыйрактыгын байкагандар «Максүттү кудай аман койсо, бычакка сап болуп, элге кызмат кылчудай» деп калышчу экен.

Мокейдин небереси, ардагер мугалим Манара Макееванын айтымында, Мокей кичирээк кезинде атасы Максүт каза болуп, жетим калат. Куу турмуштун айынан, жетимдиктин азабынан Мокей 3-класстык эле билим алып калган. Энеси Бурмакан менен карындашы Токону багуу үчүн Ак-Суудагы орус байларына жалданып иштейт. Ал жерден орус тилин жана украинче сүйлөшкөндү жакшы өздөштүрүп алат.

Совет бийлиги орногон кезде орус тилинде эркин сүйлөй билгендиги пайдасын берип, ар кандай кызматтарда иштеп баштайт. Ошол кезде артелдин, колхоздун башкармасы болуп иштеп турган кезинде, Совет бийлигине каршы чыккан басмачылар, байлар ар кандай үгүт иштерин жүргүзүп, элди бийликке каршы турууга үндөгөн. Мокей Максүтов баштаган активисттер Совет бийлигинин жакшы жактарын айтып, алар менен күрөш жүргүзгөн. Кийин НКВДга орношуп, тап душмандары менен иш жүргүзгөн. Ал Жандай, Жакшылык деген басмачыларды колго түшүрүүгө катышкан. Бул жөнүндө майор, чек арачы Осмон Лайлиев «По следам басмачей» деген китебинде Мокейдин кылган эрдиктери жөнүндө баяндалган. «Мокей был очень умным пастухом. Зорким глазом и метким стрелком» деп жазылат.

Элдин оозунда айтылган маалыматка көңүл бурсак, 1916-жылы Үркүндө Омон уулу Жандай, Жакшылык деген бир туугандар Кытайга ооп, ал жерде кызай, шибээ, кара кытай урууларынын кысымына чыдабай, кайра кыргыз жергесине келишкен. Ысык-Көлгө жетпей, Сырт өрөөнүндөгү Көйкап деген жерге отурукташып калышат. Ал жерде апийим, арпа өстүрүп, төрт түлүк малды багып, апийимди коңшу Кытайга соодалап турушат. Курал-жарак жана керектүү буюмдарды алып, тез эле байып кетишет. Ошентип жан багып жатканда, биякта Совет ѳкмѳтү курулуп, колхоздоштуруу мезгили келет. Совет өкмөтүнүн өкүлдөрү аларды басмачы деп таанып, колго түшүрүүгө аракет кылышат. Чычар ашуусу аркылуу кол салган отряддын мизин тез эле кайтарып коюшат. Ошол кезде Жандай, Жакшылыктардын малын багып жүргөн Кутан Торгоев деген жигит качып келип, Мокей Максүтовго жолугат. Ал аны чек ара кызматына кабыл алдырган. Совет өкмөтү айтылуу Кыдыр акени чакырып, Жакшылык, Жандайды элге кошулууга көндүр дейт. Кыдыр акенин чакыруусу менен кѳлгѳ кѳчүп келе жатып, Түргѳн капчыгайында ѳргүп жатышканда, чагымчылар Жандайды бузушкан. «Сени Кыдыр эл-журтуӊ менен оруска кул кылып берет» деп айтышат. Анын үстүнѳ ошол убакта орус жоокерлери кыз-келиндердин сѳйкѳ-чачпактарын жулуп, ыза кылышканда ортодо чыр-чатак чыгып, кайра Кѳйкапка кѳчүп кетишкен. Ал жерде мурункудай бейкапар болбой, кооптуу жашоо ѳткѳрүп, кароолго жигиттерин коюп, сак болуп калышат. Бир аз убакыттан кийин полковник Каршинов баш болгон отряд барышкан. Күч менен колго түшүрѳбүз деп, ортодо аябагандай ок атышуу болот. Полковник Каршиновду колго түшүрүп алышат. Бирок анын чинин сыйлап коё беришет.

1932-жылдары Мокей Максүтов, жердин сырын жакшы билген Кутан Торгоев баш болгон эркин отряд тобу менен барып, намаз убактысында Жандайды колго түшүрүшкѳн. Жакшылык Омон уулу Караколдун түрмѳсүндѳ камалат. Ал Совет өкмөтү тарабынан басмачылардын кор башчысы катары бир топ кыргыздын мыкты жоокерлери менен чогуу атылган.

Манара Макеева чоң атасы тууралуу буларды эскерди.

«Асанкул Иманалиев деген аганын айтымында, 1937-жылдары сталиндик репрессия башталып, айыл ичинен баш көтөргөн адамдарды чакыра баштаганда, Мокей айыл тургундарын сактап калган экен.

1939-жылы Москва шаарында Кыргыз адабияты менен искусствосунун биринчи декадасы өтөт. Москвага декададага бараткан элдин коопсуздугун сактоо үчүн Мокей Максүтов, Кутан Торгоевдер да барышат. Кийин Мокей чоң атам “Ыбырай Туманов биринчи жолу поездге түшүптүр. Поездде баратып, 3 күн ичинде “Темир канат” деген күүсүн чыгарды. Кийин бул күү “Паровоз” деп аталып калды.

Кремлдеги трибунада чоң атам декадага келгендердин эмгегин которуп берип туруптур. Мисалы Ыбырай Тумановдун 3 күндө күү чыгарып, күрөктөй болгон колдору менен күүнү аткарып бергенин, Кутан Торгоевдин эрдиги жөнүндө которуп берип, кыскача өзүнүн эмгегин айтып өтүптүр. Ошондо өлкө башчысы Сталин “Товарищ Мокей Максютов откуда вы научились так хорошо говорить по-русски?” деп сураптыр. «Атасыз өсүп, ак-суулук орус байларда жалданып, күн өткөргөнүмдү айтып бердим» дечү.

Балачагыбызда Караколдун паркына чоң атабыз менен көп жолу бардык. Чоң атамды көп адамдар, Ысык-Көлдүн тегерегиндеги элеттиктер «орденис Мокей» деп коюшчу. Мокей атам каза болгондо 7 жашта болчумун. 1958-жылы чоң атамды жерге коёрдо Бозучуктун оюнан атчан орустар кыргызча өкүрүп келишкен.

1978-жылы турмушка чыктым. Кайнатам Кусейин Сапарбаев көп жылдар Түп районунун секретары болуп иштеген. Ал менин тек жайымды сурап, “Сен жакшы адамдын тукуму экенсиң. Сенден жаман келин чыкпайт. Чоң атаңды жаш кезимде көргөн элем. Анда мен Комсомол уюмунун 1-катчысы элем. Талды-Суу райондун борбору болчу. Чогулуш болуп жатканда “Мокей келе жатат” деп калышты. Орундуктардан элдин баары жапырт тура калышты. Сталиндикиндей акшым, костюм кийген киши кирип келип, трибунага өтүп, «Кечирип койгула, менин убактым жок эле» деп, жаштарга акыл-насаатын орус тилинде айтып, аягын хохолчо бүтүрүп кетип калды. Мен ошондо чоң атаңды көргөм. Ошо кишинин тукумуна туш кылган кудайга шүгүр” деп өзүнчө ыраазы болгон. Мокей Максүтов чоң атам ушундай адам эле».

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE