Пример HTML-страницы

Орозо айында оңоло албаган инсан, эч качан оңоло албайт

https://kyrgyzcha.site/?p=13656&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Чубак ажы Жалилов, экс-муфтий: “Орозо айында оңоло албаган инсан эч качан оңоло албайт”

(12.07.2013 15:03)

Мусулмандар он бир ай бою

күткөн ыйык Рамазан айы

кирип келди. Орозо айы жай

чилдесине туш келип,

аалымдардын

белгилешинче, бул

айда орозо кармагандарга

17 сааттан ашык даам

сызбай жүрүүгө туура келет.

Ага карабай орозо кармап

жаткан жарандарыбыз көп.

 

-Кечээ, сиз менен

байланышканымда

орозону эртеңден баштап

кармайм дедиңиз. Ошондо

сиз бир күн кеч кармап

жатасызбы?

-Маселенин бардыгы айга

келип такалат.

Пайгамбарыбыз айткан

“айды карап ооз ачкыла,

айды карап ооз бекиткиле.

Эгерде күн бүркөк же булут

болуп, ай чыгып бирок,

силерге көрүнбөй калса,

анда мурунку айды

жыйырма тогуз күн эмес,

отуз күн деп эсептеп, андан

кийинки айда баштагыла”

деген осуяты бар. Бул ислам

дүйнө таанымында айлар

жыйырма тогуз күн же отуз

күн болот. Рамазандан

мурдагы ай Шаабан айы

ошонун жыйырма тогузу

күнү кечинде айды

карайбыз. Ай чыкса демек

Шаабан айы жыйырма тогуз

күн болуптур эртең орозо

деп түшүнөбүз. Ай чыкпай

же чыккан айды көрбөй

калсак анда Шаабанды отуз

күн деп эсептеп, андан

кийинки күндү, бүгүнкү күндү

орозонун биринчи күнү деп

эсептейбиз. Жыйырма

тогузунчу Шаабан күнү ай

көрүнгөн жок. Бул деген

биринчи күнү кечинде ай

көрүнгөн жок деген сөз.

Демек, экинчи күнү орозо

болбой калды, үчүнчү күнү

башталды. Бирөөлөр

айтышы мүмкүн, техниканын

жетишкен заманында айды

көрүп койбойбу деп. Туура,

астрономиялык адамдар,

илимпоздор айды чыгат деп

айтышкан. Бирок, бизге

көрүнбөй калды, бизге

көрүнгөнү эсепке өтөт. Аны

куралсыз өзүбүздүн көзүбүз

менен көрүү керек.

Пайгамбарыбыз “эгер

силерге ай чаң болуп

көрүнбөй калса дагы,

көрүнгөн жок деп

эсептегиле” дейт.

 

-Ал эми тогузунда орозо кармап баштагандарга эч нерсе болбойт да?

-Жок, бир нерсе болот.

Орозо айынын этеги менен башы чуулгандуу болуп, тактаганга аракет кылабыз

да. Себеп дегенде,

Пайгамбарыбыздын осуяты бар “орозо айынын алдына

бир-эки күн кошуп,

орозодон бери эсептеп

тутпагыла” дейт. Бул деген сөз Кудай буйруган бир

айлык орозого бир-эки күндү кошуп жибербегиле деген

сөзү бар да. Ошондуктан

ошол күндү орозо деп туткан адамдар, оозун ачуусу милдеттүү болот. Демек, кечеки туткан орозо бул жактырылбаган деп

эсептелет. Кудайдын

буюрган орозосу отуз күн же жыйырма тогуз күн болот. Жыйырма тогуз күн боло

турган болсо отуз күн болуп, отуз күн болсо, отуз бир күн

болуп калып атат. Бул деген туура эмес, жактырылбаган

иш болуп эсептелет.

 

-Орозо кармоонун ар кандай тарыхый түрлөрү айтылып келет. Негизи, орозо кантип пайда болгон?

-Орозо Адам алейхи салямдан баштап. Кудай

Таалам, Пайгамбарлар жөнөткөндөн баштап, бүгүнкү күнгө чейин эле келе жатат. Бирок, орозонун тутулуу тартиптери бир аз

бөлөкчө. Кыргызда улук

сөздөрү бар. Мисалы, “ач

кадырын ток билбейт”,

экинчиси “ач бала ток бала менен ойнобойт”. Коом барып-барып жиктелип кете берет. Эмне үчүн мародёрлук

келип чыгат, ачка адамдар, ток адамдарды көрүп анан жарылуу пайда болот. Ток

адам тапканынан кайрылып, зекетин берип турган болсо,

мындай болмок эмес да. “Ач кадырын ток билбейт” деген

ачтын кадырын ток билиши керек деген мааниде да.

Кийими= жыртык, үйү=

муздак болсо чыдаса болот, бирок курсагы ачка адам уурдаганга чейин барат.

Биринчи кезекте

ачкалардын кадырын билип, ошолорго жардам бергенди

билүү маселеси турат.

Экинчиси, “ач бала менен ток бала ойнобойт”, сөзсүз түрдө

бай жашагандар жана бай эмес жашагандар болуп экиге бөлүнөт. Ошон үчүн ортодогу мамилени чы=доо

үчүн түзүлөт. Үчүнчү маселе, адамды карап отурсаңыз беш бармак же мантынын кулу болуп калабыз. Ансыз

күнү өтпөй калат.

Чындыгында биз жеш үчүн жашайбайбыз да, биз жашаш үчүн жейбиз.

Кудайдын чыныгы кулу

болуш үчүн жашайбыз. Жеш үчүн жашаш керек деген нерсени жокко чыгаруу керек. Негизи биз адамдагы эң бир назик нерсе бул-тамак маселеси. Ошондуктан

тамак маселесин тосконго орозо аракет берет.

 

-Шектик деген эмне жана шектикти кантип өткөрүү

керек?

-Шектик бул шектүү болуп,

ушул күнү орозо же орозо

эмес деген сөз да. Башкача

айтканда шектүү күн

болгондуктан шеттик деп

айтылат. Бул күнгө шарият

тарабынан атайын бир

буюрулган нерселер жок.

Мисалга, бүгүн кир жуубаш

керек же сөзсүз түрдө күрүч,

аш демдеш керек деген

нерсе жок. Болгону

кыргыздын мейман достугу

ушул жерден да көрүлө

берет. Адам орозого

даярдык көргөндө, орозо

башталганга чейин

карыздарын берип,

кандайдыр бир жумуштарын

эртерээк жайгарып койгонго

аракет кылып, Кудайга

берилип тутканга аракет

кылыш керек. Бирөөлөрдүн

көңүлүн ооруткан болсо

барып кечирим сурап,

тазаланып, аруулануу менен

киргенге аракет кылуу керек.

 

-Орозону кантип туура кармоо керек?

-Орозону туура кармоо үчүн

биринчи кезекте, адам

баласы ниетти түздөп коюшу

керек. Аллах Тааланын

буюрган милдетин аткарып

жатам деген түшүнүк болуу

керек. Анан кээси, семирип

кеттим арыкташ керек деген

сөзү менен эмес, Кудайдын

парзы экенин билип

карманыш керек. Ошого

жараша Кудай Таалам башка

пайдаларын бере берет.

Экинчи маселе орозо

кармоодо аны бирөөгө

милдет кылбоо керек. Бул

сен өзү= үчүн кылып

жатасың, бирөө үчүн кылган

жоксуң. Ошон үчүн бирөөгө

милдет кылба. Үчүнчү

маселе, суусундук ичкен же

жубайлык мамиледе болгон

орозону так бузат. Бирок,

бул орозонун сырткы гана

келбети. Ал эми орозонун

ички жан дүйнөсү адам

күнөөлөрдөн арылуусу.

Мисалга, ушак айткандан,

жаман сөз сүйлөгөндөн,

сөккөндөн, тилдегенден,

ушак ташыгандан, жалган

сүйлөгөндөн, таразаны

алдагандан ушуга окшогон

нерселерден сактануу. Эки

адам кан алдырып

жатышкан экен, анан

пайгамбарыбыз “экөөнүн

тең оозу ачылды десе,

адамдар айтат экен кызык

кан алдырса ооз ачылабы

деп. Жок булар ушак сүйлөп,

башкалардын абийирин

төгүп жатышат. Ошондуктан

кармаган орозосун ачканы

эле калды” дептир. Орозо

десе көп адамдар тамак

ичпегенди гана түшүнүп

калышат. Бул деген жөн гана

сырткы боёгу. Ички дүйнөсү

адам тарбиялануусу, жаңы

багытка жетүүсү.

Пайгамбарыбыз айтат

“орозодо шайтандарыбыз

байланат” — деп, шайтандар

байланат деген сөз бул-

адамдар жакшылык

кылганга көбүрөөк

мүмкүнчүлүк берилет. Орозо

айында оңоло албаган инсан эч качан оңоло албайт.

 

-Кимдерге орозо кармоого милдеттүү эмес?

-Биринчиден улгайган

адамдарга себеби, жашы

улгайгандыктан орозо

кармай турган болсо

даремети кетип калат.

Экинчиси кош бойлуу

аялдарга себеби, балага азык

жетпей калып, бала

чалагайым төрөлүп калышы

ыктымал. Үчүнчүсү колунда

эмизген баласы бар

аялдарга, бизде баланы эки

же эки жарым жашка чейин

эмизет. Анан оорулуу

адамдар, оорулуу дегенде

башы ооруп же тырмагына

тикенек кирип кеткендер

эмес. Дарыгерлер “сага

орозо кармаганга болбойт” —

деп милдеттүү түрдө айтса,

анда орозо кармаганга

болбойт. Ошондой эле,

сапарга чыккан мусаапыр

адамдар. Сапар дегенибиз

токсон километрден ашык

сапарды ниет кылып чыккан

адамга уруксат.

 

-Орозо айында аял менен эркек жыныстык катнашка батууга болобу?

-Болбойт, бул нерсе орозону

бузат. Орозо экенин билип

туруп аял да, эркек да өз

ыктыяры менен ушундай

мамилеге бара турган болсо,

анда эркек дагы, аял дагы

алтымыш күн удаасы менен

орозо тутуп бериши керек.

Эгер, экөө тең орозо экенин

эстен чыгарып, таптакыр

билбей калып, ошол мамиле

бүткөндөн кийин эсине

келген болсо, орозосу

бузулбайт. Кээде, аялы

орозом бар деп каалабай,

күйөөсү болбой эле

мажбурлап өзүнүн ишин

бүтүрө турган болсо, анда

күйөөсү орозосу

бузулгандыгы үчүн алтымыш

күн, ал эми аялы өзү

каалабай, күйөөсү

мажбурлаган үчүн бир күн

тутуп берет.

 

-Ооз ачтыруунун туура жолу?

-Кудай Таалам сооп берсе

экен деп ниет кылуу.

Адамдар орозо тутканда

кыйналышты ачка болду,

ошол орозосу кабыл болсун

деп ниет кылып, Кудайдын

ыраазычылыгын табуу

максатында дасторкон

жайылат. Адам колунан

келишинче ооз ачтырат.

Пайгамбарыбыз айткан

“орозо айында кимде ким

ооз ачтырган болсо, орозо

туткан адамдын сообу эч

нерседен кемибей туруп,

буга дагы ошондой сооп

берилет” деген. Бир ууртам

сүт менен же бир курма

менен болсо дагы ооз

ачтырган болсо сооп алат

деп айтылат. Ооз ачтырган

убакта колунда жок

адамдарга ачтырган жакшы

болот. Ооз ачтырганда

ысырапчылыкка барбаш

керек. Ооз ачтырган учурда

шарияттын эрежелери толук

сакталуусу керек. Мисалга,

эркек менен аялдар аралаш

отурбастан бөлөк отурушуп.

Мындан сырткары адал

тамактар болушу керек.

 

-Орозо айында сойкуларга барган эркектер күнөөгө батабы?

-Эми бул орозого

байланбайт. Орозого чейин деле орозо учурунда же орозодон кийин таптакыр

сойкуларга барган болбойт.

Бул жерде эркектерде дагы

аялдарда дагы бирдей эле

күнөө иш болуп жатат.

Бирок, орозо учурунда

жасалган күнөө башка

учурга караганда жетимиш,

сексен эсеге көбүрөөк болот.

Себеби, орозонун урматын

бузуп жатышат.

Пайгамбарыбыз айтат

“эгерде кимде ким орозо

учурунда бир ибадат аткарса

жетимиш эсенин сообу

берилет” — деп. Демек, бир

күнөө кыла турган болсо

жетимиш нерсенин күнөөсү

берилет.

 

-Кайырды сөзсүз түрдө акчалай берүү керекпи?

-Жок. Кийим-кечек, тамак-аш,

кээде кызмат менен берсе

болот. Кызмат дегеним, отунун

жарып, суусун алып келип

берип дегендей. Кээде авто

унаасы менен бир жерге

жеткирип койсо болот. Такыр

болбоду дегенде жылмаюу

менен адамдын көңүлүнө

жылмаюу тартуулап турса.

 

-Орозо айт кайсы күнгө туура келет?

-Орозонун бүгүн бири деп жатабыз. Жыйырма тогузунчу күн деген күнү кечинде айды

карайбыз. Эгерде ай көрүнгөн болсо, эртеси айт болот дагы

орозо жыйырма тогузу менен бүттү деген болот. Ай көрүнбөй

калса орозо отузу менен болуп, андан кийинки күн айт болгон болот. Ошондуктан аны бүгүн

айтыш кыйын. Азыр деле муфтият болжол менен айтып атат бирок, бир күн айырмасы бар деген сөз. Азыр 8-август

орозо айт деп жатабыз балким, 9-августка жылып калышы мүмкүн.

 

-Орозо жайдын ысык күндөрүнө дал келип калгандыгына байланыштуу, орозо кармап жаткан жарандарыбыз сууга түшсө болобу?

-Туура, орозо ысык күндөргө туура келип калды. Орозонун күнүндө сууну жутпастан оозун чайкаса болот. Сууга, көлгө түшсө болот. Негизгиси оозу менен мурдуна суу кирип кетпеши керек. Кийимин суулап алып үстүнө кийсе дагы

уруксат берилет. Ошондой эле орозо учурунда тишин жууганга дагы уруксат берилет.

Бирок, мүмкүн болушунча туткандан ачканга чейинки убакта жуугандыгы жакшыраак. Кээси орозодо түкүрүк жутканга болбойт деп

түкүрө беришет, түкүрүк

орозону бузбайт. Болгону шилекейин сыртка чыгарып,

кайра жутуп алган болсо жана башка бирөөнүн шилекейин

жутуп алса дагы орозосу бузулат. Маселен бирөө менен

өбүшүп шилекейин жутуп алса.

Орозо учурунда өбүшпөш керек себеби, өбүшүп жатып, жыныстык мамилеге өтүп кетүү коркунучу бар. Ал эми ата-энесин, балдарын кучактап

өпкөндө эч кандай орозо бузулбайт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE