Пример HTML-страницы

Ноокаттагы тургундар суунун жээгинен жансыз дене табышты

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Ноокат районуна караштуу айылдардын биринде суунун жээгинен эркек адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына жергиликтүү тургундар билдирди.

Алардын айтымында, адамдын сөөгүн таап алган жергиликтүүлөр аны тааный алышкан эмес. Жансыз дене бир нече күндөн бери сууда жатканы божомолдонуп жатат.

Аталган маалыматты Ош олбустук ички иштер башкармагынын басма сөз кызматы тастыктады. Учурда маркумдун өздүгү тактала элек.

Милициянын маалыматы боюнча, 3-сентябрда саат 19:59 чамасында Ноокат РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кабар келип түшкөн. Анда Ноокат районунун Кара-Таш айыл аймагынын Капка жайлоосунда жайгашкан суунун боюнан эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы айтылган. Аталган маалымат Ноокат РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүү учурунда өздүгү такталбаган азиат түспөлүндөгү болжол менен 30-35 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылып, өздүгүн аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE