Никита Цой муай-тай боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону болду

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Молдавановка айылындагы №31 медициналык түзөтүү мекемесинин тиш доктуру, 27 жаштагы ички кызматтын лейтенанты Никита Цой муай-тай боюнча чемпион наамын төртүнчү жолу коргоду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ал дүйнө чемпиону наамын Таиландда коргогон.

Cotosen WW

27 жаштагы Никита Цой Бишкекте дарыгерлердин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы дагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Медицина башкармалыгында тиш доктур болуп иштеген.

Никита Цой өзү Бишкектеги №15 мектепте окуган. 10 жылдан бери тай боксу менен машыгып келет. Буга чейин таэквондо менен машыккан. Машыктыруучусу — Сыргак Айталиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы
Admin
Оцените автора
KYRGYZCHA SITE
Пикир калтырыныз.

Пример HTML-страницы