Пример HTML-страницы

Н.Осмонов Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 2-сентябрь күнү Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Мураталы Тагаевдин буйругунун негизинде Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Абдылдаев Сагынтай Ишенбаевич ээлеген кызматынан бошотулду.

Сагынтай Абдылдаев пенсия курагында болгондугуна байланыштуу администрациянын аппарат кызматкерлери өз каалоо-тилектерин айтып, ардактуу эс алууга узатышты. Ошол эле учурда район акиминин буйругу менен райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчисинин убактылуу милдетин аткаруучусу болуп Осмонов Нурбек Лесбекович дайындалды жана аппарат кызматкерлерине тааныштырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE