Пример HTML-страницы

Мустафа Кемаль Ататүрк.

https://kyrgyzcha.site/?p=5437&preview=true Кызыктуу окуялар.

МУСТАФА КЕМАЛЬ:
,,Өзүнүн көз карандысыздыгы жана өмүрү үчүн өлүмгө башын сайган Улут эч качан жеңилбейт!»
,,Уктап жаткан Улут жок болот,
же кул болуп ойгонот».

?Ошентип, Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Осмон империясына караштуу Ирак, Сирия, Палестина, Египет, Ливия, Трансиордания өзүнчө бөлүнүп кетишкен.
Мурдагы постто жазылгандай, европалык өнөктөштөр өздөрү каалагандай кылып бөлүп Түрк жерин басып алып башташкан.
Ошол убакта парламентте көпчүлүктү түзгөн кенжетүрктөр ( малотурки)
,,Единение и прогресс» партиясын тарады деп жарыялап, лидерлери Германияга качып кетишкен…

Түрк мамлекетинин эгемендүүлүгүн сактап калуу үчүн жаңы парламент түзүүнү Кемел колго алат.
,,Мудрос келишими» боюнча ,
,,Түрктөр суверендүүлүгүн сактап калат» — деген пункт боюнча,
,,Укук коргоо уюму» тарабынан колдоого алынып жаңы парламент түзүүгө мүмкүнчүлүк берилет.
1920- жылы 8- январда көпчүлүктү Кемалдын тарапташтары түзгөн жаңы парламент шайланат.
Бирок, бул парламентти иштетпей,
16- мартта Британдык аскерлер кууп салышат да, англиялыктардын айтканы менен боло турган
,,Свобода и согласия» аттуу партияны парламентке алып келишет.

КЕМЕЛ тарапташтары менен Анкарада 1920- жылы 29- апрелде
Улуттун Улуу Жыйынын түзөт жана
УУЖ өлкөдө жалгыз мыйзамдуу бийлик — деп жарыялайт.
,,Биздин Султан чет элдиктердин туткунунда калды,
ошондуктан анын буйруктары жараксыз!»- деп жар салат.
Бул үчүн Кемелди жана тарапташтарын сыртынан эле
өлүм жазасына буюрушат…

? ,,Түрктөр ар- намысты бийик койгон Элбиз!
Кул болуп жашаганча, таптакыр жок болуп кеткенибиз жакшы.
Ошондуктан, Эркиндик же Өлүм!»
Мустафа Кемел ушул сыяктуу жалындуу ураандары менен бардык түрк патриотторун чет элдик баскынчыларга жана өлкөнүн ичиндеги саткындарга каршы аёосуз согушка үндөгөн.
Кемалисттер түндүк — чыгышты армяндардан, батышты — гректерден, италиялыктардан жана Британдык оккупанттардан жерин тазалоодо аёосуз күрөш жүргүзгөн…
( Бул согуштар тууралуу маалыматтар
эки тараптын көз карашында эки башкача жазылган…таап окусаңыз болот)

? КЕМЕЛ тышкы саясатта өлкөнүн көз карандысыздыгын сактоо үчүн күрөш жүргүзсө, мамлекеттин ичинде Улутташтыруу саясатын жүргүзгөн.

?,,Жаңы мамлекет түзүү үчүн, мурунку
,, ишмердүүлүктөрдү» түп- тамырынан өзгөртүү керек «-деген.

КЕМЕЛ: ,,Ислам динин кылымдар боюу саясий курал ( инструмент) катары колдонулуп келди, Диндин ыйык баалуулуктарын сактоо, аяр мамиле кылуу керек, карасанатай ойлорго, максаттарга колдонбоо керек»- деп сунуштап,
Исламды мамлекеттик дин макамынан алынып, шарият менен башкаруу жоюлуп, анын ордуна улутчулдукка таянган Жаңы Идеология иштеп чыккан.
Ислам дининин таасирин азайтуу үчүн, Динди Мамлекеттен бөлүп караган мыйзам иштеп чыккан.

?,,Улуттук баалуулуктары, мурастары жок эл, башка улуттун жеми болоорун билишибиз керек «.- деген КЕМЕЛ.

1.Билим берүү системасы жаңыланып, Түрк биримдиги, тарыхы, тили, маданияты окутулуп, түрк салттары менен тарбиялоо жүргүзүлгөн.

2. Өлкөдө жашаган бардык жарандарды ,,Түрк» деп жаздырган,
мамлекеттин калкынын 20 пайызын түзгөн Күрддөрдү дагы кошо.

3.Жазууну араб алфавитинен латын алфавитине өткөргөн.
( Европалык илим- билим менен тааныштыруу оңой болуу максатында).

4.Түрк тилин тазалап, араб, фарс тилинен келген сөздөрдүн ордуна
түрк тектүү карай калкынын 330 сөзүн кабыл алган.

5.Медицина тармагында диний жол менен дарылоо токтотулуп, медициналык билими бар врачтар дарылай баштаган.

6. Шаарларга, айылдарга мечиттерди эмес,
агартуу, ишкердик, тейлөө, өндүрүш, турак- жай имараттарын курдурган.

7. Чыгып кеткен чет жерликтердин жерин дыйкандарга, өндүрүш- ишкана курам деген ишкерлерге бөлүп берген.

8. Теңчилик болуусу үчүн, жарандардын аты- жөнүн эч кандай титулу белгиленбестен , үй- бүлөлүк фамилияны киргизген.

9. Аял — эркек тең укуктуу деп жарыяланып, аялдар паранжы кийүүгө тыюу салган, көп аял алуу тыйылып, жарандык нике мыйзамдаштырылган.
Аялдар шайлоого, шайланууга, билим алууга, мурда тыюу салынган жумуштарда иштөөгө уруксат берилген.
?,,Адамзат — эки жыныстуу, эркек жана аялдан турат.
Экөөнүн бирөөнү өстүрүп, өнүктүрүп
экинчисин караңгылыкта кармасак, адамзаттын деңгээли жогоруламак беле?
Үй- бүлө бекем болуусу үчүн аял эркекке шайкеш болуш керек»- деген
КЕМЕЛ.

?Улутташтыруу иши мамлекеттеги башка улуттардын нааразычылыгын туудурган.
Лозанн келишиминде: ,,улуттук азчылыктардын улуттук тили , окуу жайлары , уюмдары сакталат»- деп жазылса да,
КЕМЕЛ ал келишимге көңүл да бурган эмес…
Бардыгынан да дини бөлөк еврей, армян, гректер каршы чыгышкан.
Еврейлер 1926- жылы Испаниядагы еврейлер коомуна арызданып кат жөнөтүшкөн.
Натыйжада, булардын коомдору таптакыр жоюлуп, ишканалары иштерин токтотуп, чет өлкөлүк коомдор менен карым- катнаш кылууга тыюу салынган, ,,нагызтүрк» болууга мажбур кылышкан.
Еврей тили ( иврит) окууга тыюу салынып, армяндар ,гректер дагы өз тилинде сүйлөөгө тыюу салынган ( болгону, сыйынуу ( молитва) убагында гана колдонууга уруксат берилген)
Аларды курал кармаган аскердик кызматка да алышкан эмес,
эмгек- батальондорунда кызмат өтөшкөн.

(Бул тарыхта ,, геноцид армян, евреев, греков, ассирийцев»- деп да жазылган…)

?Мындан сырткары, Түрк республикасында түрк эмес этнос — Күрддөр болгон. Ал курддөргө автономия берген эмес.
1925- жылы курддөрдүн жалпы көтөрүлүшү башталган.
Көтөрүлүш аёосуз басылган:
Башчысы Саид Пираны дарга асылып,
206 курд айылдары жок кылынып,
15 миң күрддөр каза тапкан.
Жай турмуш кечиргендерин батышка жер которткон.
Курддөрдүн да бардык коомдук уюмдары мыйзамсыз деп табылып, жок кылынган.
Күрд тилиндеги китептер өрттөлүп,
улуттук кийимин кийүүгө тыюу салынган.
Бардык жазуулардан
,,күрддөр», ,,курдестан» деген сөздөр алынып салынган.
Курддөрдү ,,тоолук түрктөр»- деп атоо жарыяланган…
Бул иштерин оппозициялык күчтөр катуу сынга алышкан, Стамбулдук журналисттер коому Кемелди ,,каракчылардын башчысы» — деп атаган.
,,Кемел — Смирнаны күлгө айлантып,
ал жерде жашаган христиандарды тып- тыйпыл кылып, жеңишин белгиледи!»- деп жазган У.Черчилль.

?Алгач, КЕМЕЛдин бийлигин эч бир мамлекет ,,тааныган эмес».
1922- жылы Генуеде ( Италия) экономикалык- финансылык суроолор боюнча болгон, 29 өлкө катышкан Генуе конференциясына Кемелди да чакырууга Совет өкмөтү сунуш киргизип, эл аралык таанууга ээ болгон…

?Мына ушундай катаал, аёосуз, талыкпаган күрөштүн натыйжасында
1923- жылы 29- октябрда
Түрк республикасы болуп жарыяланып, алгачкы президенти
Мустафа Кемел шайланган.
Ар төрт жылда шайлануучу
президенттик орунга 1927- 1931- 1935 — жылдары төрт ирет шайланган.
1924- жылы кабыл алынган,
Кемел түзгон Баш Мыйзам ( конституция) 1961- жылга чейин эч өзгөрүүсүз күчүндө болгон.
?Ал жашоодо тамашакөй, шатыра — шатман жүргөн, бирок чоң саясатчы катары акылгөй, чечкиндүү, өжөр, токтоо болуучу.
Мамлекеттин көйгөйлөрүн көбүнчө сый- тамак үстүндө, мамлекеттик ишмерлер, илимпоздор, искусство адамдары, аскер адамдары менен жай баарлашып, аңгемелешип отуруп чечкен.
1923- жылы 29- январда Латифа Ушаклыгиль аттуу айымга үйлөнгөн,
расмий жазууда 1925- жылы ажырашкан деп жазылган.
Кемел аялы тууралуу жазганга, алардын каттарын өзү өлгөндөн кийин да жарыялоого тыюу салган…
Ошондуктан, жеке турмушу белгисиз.

Ататүрк дүйнөлүк согушта, эгемендик үчүн болгон согушта курман болгондордун балдарынан 7 кыз,
3 уул багып чоңойткон.
Баарына мыкты билим берген.
Баккан кыздарынын бири-
Сахиха Гөкчөн — дүйнө жүзү боюнча эң биринчи аскердик учкуч — айым болгон. Анын урматына Стамбулдагы эл аралык аэропорт аталган.
Дагы бир кызы Түркияда белгилүү тарыхчы болгон.

1937- жылы өзүнө таандык жерлерди
мамлекеттин карамагына өткөрүп берген, кыймылсыз мүлктөрү менен байлыгынын бир бөлүгүн ,,Түрк тилин изилдөө» коомуна мурас кылган.
Калган бөлүгүн баккан балдарына бөлүп берген.

1938- жылы 10- ноябрда дүйнөдөн кайткан…….

?Түрк элин чачырап, бөлүнүп, жок болуп кетүүдөн сактап,
кыйрап, тонолуп, таланып кеткен империянын ордуна
ТҮРК МАМЛЕКЕТИН орнотуп, бутуна тургузуп, кайсы мамлекет болбосун тең ата мамиле курууга жетишкен,
МУСТАФА КЕМЕЛГЕ
1934- жылы 24- ноябрда түрк парламенти ,,АТАТҮРК» -деген наам ыйгарышкан…
,,АТАТҮРК»- деген наамды башка бирөөнө ыроолоого тыюу салынган.
ж.о.э каралоого, сындоого да тыюу салынган….
Учурда Түркиянын дүйнө жүзүндө өз орду бар, экономикасы туруктуу өнүгүп бара жаткан кубаттуу мамлекет.

?АТАТҮРК:
,,Мени таануу үчүн, сөзсүз эле менин жүзүмдү көрүү кажет эмес,
эгер менин оюмду, максатымды, сезимимди түшүнө алсаңар, ошол жетиштүү»- деген.

Менин түшүнүгүмдө : Ататүрк- инсан катары идеалдуу болбосо да,
өз улутунун чыныгы уулу болгон.
Ал өз өмүрүн, билимин, күчүн өз улутун сактап калуу үчүн жумшаган.
,,Жашоо — бул күрөш!
Ошондуктан, биз эки нерседен бирөөнү тандашыбыз керек:
Жеңиш же Жеңилүү…» — деген Кемел.
Ал Жеңишти тандаган…..

23.05.2022ж. 21-45✍️

Мен эмне үчүн АТАТҮРК тууралуу материалдарды чогултуп алып чыктым?
Биздин Кыргызстаныбызга да
ушул учурда АТАТҮРКтөй лидер керек болуп жүрбөсүн?
Кайсы иштерин колдодуңуз?
Пикир бөлүшөлү, кыргыздар?!

???????????????

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE