Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Мугалим Гүлзат Осмонова нан бышыруучу жай ачып, кыз-келиндерди жумуш менен камсыз кылууда

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылынын 46 жаштагы тургуну Гүлзат Осмонова нан бышыруучу жай ачып, кыз-келиндерге иш орундарды түзүп жатат. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Анын айтымында, жалпы Ак-Муз айылын нан жана таттуунун түрү менен камсыз кылып келе жатат. Бир гана өзүнүн айылы эмес, Ат-Башы айылы, Нарын шаары, Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарына чейин буюртма беришип, алып кетишет. Гүлзат айым Ак-Муз айылынын Боогачы атындагы орто мектебинде орус тили сабагынан мугалим. Кесиби менен нан бышыруучу жайды бирдей алып келе жаткан айымдын жолдошу дагы ишкер.

«Мурун үйдөн кошумча нан жасаганды жакшы көрчүмүн. Кийинчерээк өз алдымча нан бышыруучу жай ачып, 5-6 адамды иш менен камсыз кылып жатабыз. Баарын буюртма аркылуу жасайбыз. Нан жана таттуулардын түрүн жасайбыз. Нан себеттин (корзина) ичине булочка, кекс, таттууларды кошуп буюртма беришет. Учурда аз да болсо жумушсуздукту жоюп жатабыз го деп ойлойм. Нан себеттин баасы көлөмүнө жана жасалышынын кыйындыгына жараша 250 сомдон башталат. Ундан жасалган биздин эмгектерди өзгөчө чет өлкөдөн келген туристтер кызыгуу менен карашат. Ушундан улам туристтик фирмалар 50-100дөн нан, булочкаларды буюртма кылып алып кетишет. Ун кымбаттаганда, биз дагы нандын баасын көтөрдүк», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE