Пример HTML-страницы

Москва районунда он айда жол кырсыгынан 22 жаран каза тапты

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районунда үстүбүздөгү жылдын 10 айында 99 жол кырсыгы катталып, 22 жаран каза тапты. Бул тууралуу райондук ички иштер бөлүмүнүн ЖКККБсы билдирди.

«Жол кырсыгын болтурбоо, анын кесепеттерин алдын алуу боюнча райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан күнү- түнү тыкыр иш жүргүзүлүүдө. Бирок, тилекке каршы жол эрежелерин бузуудан, жол кырсыктары да катталууда. Маселен, өткөн 2021-жылы он айда 135 жол кырсыгы катталып, жараат алгандардын саны 218, каза болгондор 24 адам болгон.

Ал эми үстүбүздөгү 2022-жылдын 10 айында ( январь- ноябрь) 99 жол кырсыгы катталып, 187 жаран жараат алып, 22си каза тапты. Мас абалында 126 айдоочу кармалып, 8823 протокол түзүлдү. Албетте, мындай көйгөйлүү окуялардын баары айдоочулардын жол эрежелерин одоно түрдө бузгандыгынын кесепети. Ошондуктан, райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү айдоочулук күбөлүк берүүдөгү өлкө башчысынын акыркы эскертүүсүн кубаттоо менен элге жеткирүүнү колго алдык. Райондогу унаа мектебинин, кесиптик-техникалык лицейдин, жарандарды ташуучу унаалардын, таксисттер тобунун жетекчилери менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Айдоочулук күбөлүктү берүүдө мыйзамдуулуктун сакталышы, айдоочулардын унаалардын абалын көзөмөлгө алуусу, техникалык кароодон өткөрүүсү, жол эрежелерин сактоосу, адам өмүрүнүн баалуулугу жана башка жөнүндө эскертилип, катуу талаптар коюлду», — деди ЖКККБдан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE