Пример HTML-страницы

Мен апамды сагындым 10 бөлүм 

https://kyrgyzcha.site/?p=8249&preview=true Кызыктуу окуялар.

«»МЕН АПАМДЫ САГЫНДЫМ«»»
10-БӨЛҮМ.
—Алтышка бул сулуу ким?
—Аа бул кыз эми биздин үйдө иштейт,аты Тамара.
—Эчким керек эмес деп жатпадың беле,өзүңө окшошун таап көнүп калдыңбы?
—Жок тиги Кудайберген жанымды койбойт,мейличи мага жеңил болот экен кайра жакшы.
—Эже саат сегиз болуптур,кете берейинби?
—Ий ооба кете бер,бул менин жолдошум Алтынбек болот.
—Аа саламатсызбы,мен барайын.
—Тамара мектепти бүткөнсүңбү?Аябай жаш көрүнөсүң.
—Жок тогузунчу классты бүткөндөн соң окуумду таштоого туура келип калды.
Мейли дегенсип Алтынбек башын чайкап койду.—Коё турсаң,ме могу беш жүз сомду жол кире кылып тур,бул миң сомуна болсо азык-түлүк ала кел эртең.
—Эже мындай көп акчаны алалбайм,корком.Өзүңүз барсаңыз.
—Менин убакытым жок,дүкөн мына маңдайыбызда эле.
Аста акчаны алып чыгып кетти. Алтынбек менен Алтынай баягы экөө талашкан вазаны көрүп каткырып күлүп жиберишти.
—Карап кой өңү эле эмес силердин тандооңор дагы дал келет экен.Кукладай кыз экен э кемпир?Ушундай келин алсак болмок бизге ,аябай тың окшойт.Анын үстүнө экөөңөрдүн баардык жогуңар дал келсе үйдө уруш жок болмок.
—Токтосоң,сен эмне ошондо мени ызы-чуу чыгаргыч чыр деп жатасыңбы?Карап кой муну эми мен жаман болуп калганымды.Экөө тамашалаша күлүп олтурушту.
—Жок жакшы элесиң Алтынай күнөө өзүмдө.
—Кандай күнөөнү айтып жатасың?
—Атам илгери «Кыз кезинде баары жакшы,жаман катын кайдан чыгат»—десе көңүл бөлчү эмес элем.Туура айтыптыр да көрсө хаа-ха.
—Койчу тамашаңды эк,эсимден чыгып кеткен тура бул кыздын бир буту протез экен.Ичим ачышып кетип эле дароо алып баса бердим.Ата-энеси да жок экен.Эх шордуу колумдан баары келсе кана,бутун калыбына келтирип бермекмин.
—Жакшынакай эле жүрбөйбү,демек кыз эрктүү экен.Мындай деп айтпа сен.Бизге эмне буту үчүн туура келбейт деп жатасыңбы?
—Жок эми деймда,кантип төрөйт ошону ойлоп элемин.
—Баспай жаткандар деле төрөй берет кудай берсе.Кесир сүйлөбө,эртең башыбызга эмне келишин билбейбиз.
—Айттымда койдум,жөнчү эми.
Тамара эшике чыкты эле алдынан кудуңдаган Кудайберген чыкты.
—Эмне кеттиңби?
—Ийи кеч кирди барайын.
—Коркпойсуңбу жеткирип коёюнбу?
—Жок өзүм эле!-деп кызара чыгып кетти..
—Апа,эмнегеди могу кыз мага жакын туюлуп жатат.Мага жагып калды,сүйлөсөң уялып башын жерге салган кыздар азыр жок.Бул болсо кызарып,башын жерге катып араң жооп берет экен.
—Ай бала өтүңдү алам,тим эле сүйлөгөнүн кара.Туура жакшы кыз экен уяттуу,тың.Бирок түшүнөсүң да бизге таакыр туура келбейт.
—Койчу апа кайдагын айтпай,менин сүйлөшкөн кызым бар,мен жөн эле жакшы кыз экен дедим.Ичим ачышып жатат байкушка.
Алтынбек күлүп койду.Тамара өз ишин так аткарып,Мыскалга дагы жардам берип жетишип жатты.
Билинбей күндөр өтүп Кудайберген менен Тамара жакындашып дос болуп кетти.
—Тамара эй турнике тартына аласыңбы?
—Ооба тартына алам,эмне эле?
—Жөн эле сенден мен көп тартынам,мектептен баарынан ашып кетчүмүн.Кел жарышабыз.
—Кел,кел утулган эмне кылат?
—Утулган уткандын бир айтканын кылат.Экөө эшике чыгып мектеп тарапка жөө басып барышты.
—Кана кыздын кырк чачы улуу дейт баштаңыз айым.
—«Алтын баштуу аялдан,бака баштуу эркек артык/-дептир сизден болсун.
—Болсо болсун,анда караңыз!-деп Куба жетимишти чимирилип эле тартынып койду.
Тамара өзү турнике тартынып эле жүрчү,мектепте көбүнөн ашып кетчү.Өзүнө ишенип турнике тартылып баштады.
—Кырк тогууз..ээлүү..Апееей эмне болдубу?Айттымго эркеке тең келе албайсың деп.
—Өзүң баштадың жаман экенсиң,эмне кылыш керек айт.
—Мен ойлоп таба элекмин,тапканда айтам.
—Даамдуу аш жасап берейинби?
—Аш?-тамакпы аны күндө эле жеп жатам.
—Ай акмак десе аш деген гүрүч ошону билбейсиңби?
—Аш эмес плов же гүрүч..
Экөө баягы эле сөз талашканы бүтпөйт.Бири-биринен күндөп,түндөп чогуу жүрсө дагы тажашпаса керек.
Кеч кирип Тамаранын кетүү сааты келди.Чай берип,жыйнап үйүнө жөнөп жаткан.Алтынбек менен Алтынай бөлмөсүнө кирип кетишкен.
—Тамарааа,мен ойлоп таптым.
—Эмнени?Жанагы утулганыңа өзүмдүн белегимди.
—Ошону унута элексиңби,барчы эк чарчап турсам өзүм.
—Болбойт анда,экинчи сүйлөшпөй коём анда.Өзүң билесиң.
—Айт айт эмне кылайын.
Сөөмөйү менен бетин көрсөтүп,өп дегендей тосту.Кызарып кеткен Тамара мындайды күтпөгөн.
—Жинди экенсиң Куба,мен сени жакын көрүп жатсам мени жаман ойлоп алыптырсың.Бүгүндөн баштап сага башчыга кылган мамилемди улантам.Эшике куйчуңдап чыгып бараткан Тамараны тез жетип белинен имере калды.Жанып турган көздөрүнө тигилип туруштук бере албай көзүн ала качты.Муундары шалдырай эмне кылып жатканын унутуп денесин муздак тер басып кетти.Тамараны аста бошотуп,»кечир»-деп чекесинен аста сүйүп койду.Бул сезим экөөнү тең шалдыратканбы Тамара дагы эмне дешин билбей катып калды.Жанынан беш кадамдай жылып кеткен Кубанын артынан жетип секирип тез бетинен өпмөкчү болду эле,күтүүсүздөн Куба бурала коюп илептерге илептер тийип өттү.
Жерге кирип кете жаздаган Тамара артын карабай үйдөн чуркап чыгып кетти.Ондогон Тамарадан сулуу кыздардын башын айлантып,өпмөк түгул башка максатына жетип жүргөн Куба эмне болуп кеткенин түшунбөй жатты.Бөлмөсүнөн капыстан чыгып калган Алтынбек экөөнү көрүп жөн гана жылмайып койду.Куба ордуна барып жатып калды.Опкоолжуган жүрөгү төшүнөн чыгып кетчүдөй согот да.Башына Тамарадан башка ой келбей,көз алдына тартыла берди.
Эмнеге мындай тагдыр? Тамара кандай жүрөгү таза инсан,мунусуна карабай кудай сыноону ушул асыл жанга эле үйүп койгондой.Муңга батып кеткен көздөрүн кеч болуп кала электе сактап калсам.Дүйнөдөгү эң бактылуунун катарына кошсом.Бул кыялдар орундалбаса керек,апам мага башында эле эскертүү берген.Болоору болоор…
Үйгө канаты бар куштай учуп,булбулдай сайрап келген Тамара эчкимди карабай керебетине
бой таштады.Ичин уйгу-туйгу кылган бул сезим акылдан адаштырып салчудай.Асманды карап Кудайбергендин элесин издеген Тамара бул туйгу эмне деп аталаарына башы жетпей турду. Эртеси жумушуна келген Тамара бир күнөө кылгандай бул үйдүн жашоочуларынан качып турду.Билип калсачы деген күдүк,кызды тынч коёр эмес.Өзүн Кудайбергенге тең эмес экенин эң жакшы түшүнөт.Жүрөкө,сезимге биз акыл үйрөтүп,буйрук бере албайт экенбиз.Акыл башканы айтса,жүрөк өзү каалаганын кылат эмеспи дайым.
Үйдүн коңгуроосу басылып калды.
Башка тууган-уругун тааныбагандыктан Алтынайды чакырып түшуүгө туура келди.
—Кел Жоомарт жакшысыңбы балам.
—Келдим аяш апа жакшымын рахмат.Өзүңөр күүлү-күчтүү олтурасыңарбы?Аяш апа Куба үйдөбү?
—Ий ал залга кеткен,келе элек.
—Саат үчтө бүтөт эмес беле тренировкасы,саат азыр төрт болуп калды.Мейли күтүп турайын.
—Ооба келип калат азыр,өт төргө чай ич.Жоомартты Тамаранын алдына салып ашканага киргизип жиберди.
Кубанын досуна чай берип коюп,наушникти кулагына салып ишин уланта берди.Наушникти салганын көрбөй калган Жоомарт,Тамарага сүйлөй берди.
Бир дагы суроосуно жооп ала албаган Жоомарт кыздын кулагы укпайтко деп ойлоду.
Кыздын күлуп карап,назик чай куйганына дароо көңүлү жылыган бала таанышуунун аракетин кылып жаткан.Акыры туруп барып ийнинен чукуп суроого туура келди.Жоомарт тамашаны сүйгөн ажыкыс бала болчу.Тамаранын жанын келип ийнин чукуду.Идиш жууп жаткан кыз чочуп,колундагы чыныны түшүрүп жиберди.
—Ой акырын кыз,сени ала-качып жаткан эчким жок.Кашык каякта деп бешинчи жолу сурап жатам.
—Мына кашык.Кечириңиз мен наушникте укпай калыпмын…
—Оо кудай рахмат,мага жагып калган кыз сүйлөйт кулагы да угат экен.Сени оорукчанбы деп чочуп кеттим…Оорукчан деген сөз кызга каттуу тийдиби ким билсин акшыя карап чыгып кетти.
—Кыз апей мен эмне дедим,таанышалычы.Кайдан пайда болуп калдың бул жакта.
—Мен бош эмесмин,ишим көп..
Тамара каттуу кагып салды эле кыйынмын деген жигит дагы жанына кайра барууга акыбалы жетпеди.
Аңгыча эшиктен Куба кирип келди.
—Оо досум кел,кайсы шамал айдады?
—Үйүңдө бир чүрөк бар экен,ошонун шамалы тартты дейнби ха-ха.
Тамаша дос үйүңдөгү кыз ким?Карындаштарың болсо күйөө бала болбойнбу?Бирок өзүн оорукчандай кызык эле алып жүрөт экен тооба..
—Туура ал оорукчан,бир буту протез досум.Карындашым болсо кана,жөн эле үй кызматчы досум.Билесиңби ушул күнгө келип ошончо чүрөк кызды көрдүм,ошонун баардыгын бир Тамарага теңебейм.Өтө акылдуу жакшы кыз..
—Коё турсаң сен өзүң жактырып калгансыңбы дейм да.
—Жок койчу кайдагын айтпай..
Экөө бири-биринин далынан таптап кайра сыртка чыгып,бир жака жөнөп кетишти.Бильярдный залга барып олтурушуп бир аз кызып калып Куба Тамарага ашык болуп калганын айтып алды.Бирок апасы башында эле болбойт деп эсине салганын кошумчалады.Тамаранын майып экенине карабай чын эле Жоомарт дагы жактырып калган.Досунун сүйүүсун талашпайын деп,сезимин терең катып унчукпай койду.Тамара күнү-түнү Колледжге өтүүгө каттуу даярдык көрүп жатты.Кудайберген чын дилинен жардам берип,Тамарага деген сезими аяоо эмес сүйүү экенин түшүнүп жетти.
Ичинен миң ойлонуп бушайман болуп айласын таппай жаткандай.
Уурданып карап күндө Тамарага кармалып,бул кылыгына уялып кетет.

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE