Пример HTML-страницы

Мекен чегинде Нарындын 4 кулуну кайтыш болду. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргыз-тажик чек арасында өз милдетин аткарып жатып каза болгон аскер кызматкерлердин төртөө Нарын облусунун кулундары болгон. Бул тууралуу аймактык кабарчы өздүк булактарга таянып билдирди.

Маалыматты президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү тастыктады.

Каза болгондор:

Ат-Башы районунун Терек-Суу айылынын кулуну, улук лейтенант Жекшенбеков Апсамат Жекшенбекович;

Нарын районунун Эчки-Башы айылынын кулуну, улук лейтенант Алмаз уулу Бейкут;

Нарын районунун Оттук айылынын кулуну, улук сержант Жаныбеков Нурсултан Жаныбекович;

Нарын районунун Куланак айылынын кулуну, катардагы жоокер Какеев Мирлан Эсенгулович.

  • Тажикстан менен чек арадагы жаңжалда каза болгон кыргызстандыктардын саны 24 адамга жетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE