Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Маймактагы мектеп 19 миллион сомго оңдолду

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Буура районуна караштуу Маймак айыл аймагындагы Райкан Шүкүрбеков атындагы орто мектептин капиталдык оңдоодон өткөн имаратынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу облус жетекчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган мектеп 1981-жылы курулуп, 40 жылдан бери бир да жолу капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Өткөн жылы «Жылуулукту жакшыртуу» долбооруна катышып, 2021-жылдын август айында оңдоо иштери башталган. Долбоордун алкагында имаратты жылуулоо, эски терезелерди жаңыртуу, электрокерамикалык жылыткычтарды орнотуу, электр өткөргүчтөрүн жаңыртуу, заманбап жарыктандыруу системасын орнотуу жана имараттын вентиляциясын алмаштыруу иштери жүргүзүлгөн. Аталган иштерге 19 миллион 201 миң 368 сом жумшалган. Анын ичинен 40 миң сом жергиликтүү бюджеттен которулган.

Учурда мектепте 150дөн ашуун окуучу билим алууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE