Пример HTML-страницы

Майлуу-Сууда жыныстык катнашка жөндөмсүз жигитти окуучу кызды зордуктады деп айыпташкан

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын тургуну өспүрүм кыздын зордукталышы боюнча соттук териштирүүлөрдү утуп алды. Эми ал сот аркылуу реабилитациялануу укугуна ээ болууга аракет жасап жатат.

Turmush 2020-жылдын октябрь айынын аягында Майлуу-Суу шаарында жергиликтүү тургун кыз зордуктоого шектелип кармалганын жазган.

  • Айыпталуучу Максим [аты өзгөртүлдү, М.Н.А.], 1991-жылы туулган, орто билимдүү, үй-бүлөлүү эмес, убактылуу эч жерде иштебейт. Буга чейин сот жообуна тартылган эмес.

Алдын ала тергөөнүн маалыматы боюнча, 2020-жылы 7-сентябрда милициянын нөөмөт бөлүмүнө дарыгерлердин жалпы практикалык борборунун фельдшеринен билдирүү түшкөн. Ал саат 22:20 чамасында 1-класстын окуучусу — 2012-жылы туулган Алима [аты өзгөртүлдү, А.А.] түшкөнүн, анын жыныс органынан кан кеткенин билдирген. Кыз ооруканага жаткырылган.

Материалдар Майлуу-Суу ШИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Кийинки күнү кечинде ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө шектүү Максим кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Максим Жазык кодексинин 161-беренесинин 4-бөлүгү (жаш кызга карата жасалган зордуктоо) боюнча шектелген.

Майлуу-Суу шаардык сотунун 2020-жылдын 11-сентябрындагы чечими менен Максим 2 айга — 2020-жылдын 9-ноябрына чейин камакка алынган. Ал Ош шаарындагы №25 СИЗО мекемесине камалган.

Анын жактоочусу шаардык соттун тергөө судьясы иштин материалдарын бир тараптуу караган деп эсептейт. Максим гепатит оорусуна чалдыккан, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген (экинчи топтогу майып) жаран болуп саналат. Мындан тышкары жактоочу Максим тергөө менен кызматташууга даяр экенин, милиция кызматкерлери анын үйүн тинтүүгө барганда тергөөгө өзү келгенин белгилеген.

Ошондой эле сот отурумунда жабырлануучу кыздын апасы Д.А. менен Максимдин мамилеси начар болгондуктан ал атайын милицияга арыз жазып, кызын ага карата каршы көртмө берүүгө мажбурлаганы айтылган.

Жактоочу эркиндигинен чектебеген бөгөт чарасын тандоону суранган.

Бул сунушту башка жактоочусу да колдогон. Ал шектүү Максим гепатиттен тышкары өнөкөт простатит жана импотенцияга чалдыкканын айткан. Мындан тышкары жабырлануучу кыз өгөй атасы [Максим] зордуктагандан кийин үйүнө алып барганын көрсөткөн. Ал эми жактоочунун пикири боюнча, бул тастыкталган эмес, ойдон чыгарылган. Ал Максимди үй камакка чыгарууну суранган.

Импотенция (жыныс алсыздыгы) — негизинен эркектин жыныстык катнашууга жөндөмсүз абалы.

Простатит — эркектин простата (ички жыныс) безинин сезгениши.

Прокурор баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырууну сураган.

Жыйынтыгында Жалал-Абад облустук сотунун соттук коллегиясынын 2020-жылдын 6-октябрындагы чечими менен баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылган.

Тергөө органдары Максимге карата 161-берененин 4-бөлүгү (зордуктоо) боюнча айып коюшкан.

Майлуу-Суу шаардык соту 2021-жылдын 23-августунда Максимди кылмыштын курамы жок болгону үчүн актаган. Жалал-Абад облустук соту 2022-жылы 17-январда өкүмдү күчүндө калтырган.

Максим сотко мыйзамсыз кылмыш жоопкерчилигинен реабилитациялануу укугун алуу боюнча кайрылган.

Соттук отурумда арыздануучу 2021-жылдын 23-августунда Майлуу-Суу шаардык соту тарабынан акталганын, Жалал-Абад облустук соту 2022-жылы 17-январында өкүмдү күчүндө калтырганын айтып, буга байланыштуу реабилитациялануу укугун таанууну суранды.

Сотто арыздануучунун өкүлү арызды колдоп, сотко Максим биринчи инстанциялардагы соттордо акталганын бирок реабилитацияланбай калгандыгын түшүндүрдү. Буга байланыштуу реабилитациялануу жана анын мыйзамсыз соттолушу боюнча зыяндын ордун толтуруу укугу боюнча сотко кайрылууга туура келгенин айтып, сотто арызды канааттандырып берүүнү суранды.

Майлуу-Суу шаардык прокурорунун жардамчысы Э.К. арызга макул болгон жок. Ал азыркы учурда бул кылмыш иш Максимдин ишин тергеген милиция кызматкерине козголгондугун айтып, буга байланыштуу Максим бул иш боюнча өтүп жаткандыгын белгиледи.

Иликтөөнүн жыйынтыгында Максимдин иши боюнча Жогорку сотко даттануу берилет. Прокурордун жардамчысы Максимди мыйзамсыз кылмыш жоопкерчилигине тартуудан жана мыйзамсыз камалуудан реабилитациялануу боюнча арызын канааттандыруусуз калтырууну суранды.

Майлуу-Суу шаардык соту тараптардын жүйөлөрүн угуп, берилген материалдарды иликтеп чыгып, арыз төмөнкү негиздер боюнча канааттандырылган деп эсептейт.

Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, реабилитациялоо укугу мүлктүк зыяндын ордун толтуруу, моралдык зыяндын кесепеттерин жоюу жана эмгек, пенсия, турак жай жана башка укуктарды калыбына келтирүүнү камтыйт. Кылмыш куугунтугунун натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруу тергөө органынын, тергөөчүнүн, прокурордун жана соттун күнөөсүнө карабастан мамлекет тарабынан толук төлөнөт.

Ушул эле кодекстин 2-бөлүмүндө реабилитациялоо укугу, анын ичинде кылмыш куугунтугуна байланыштуу келтирилген зыяндын ордун толтуруу укугу: аларга карата мыйзамдуу күчүнө кирген актоо өкүмү бар.

Учурда Максимдин иши боюнча биринчи жана апелляциялык инстанциялардын өкүмдөрү күчүндө.

Мындан тышкары Кылмыш-жаза кодексинин 133-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, сот өкүмүндө, аныктамасында, токтомунда, ал эми тергөөчү, прокурор, токтомдо акталганга же кылмыш куугунтугу токтогон адамга карата реабилитациялоо укугун тааныйт.

Ошол эле учурда реабилитацияланган адамга кылмыш куугунтугуна байланыштуу зыяндын ордун толтуруунун тартибин түшүндүргөн билдирүү жөнөтүлөт.

2021-жылдын 23-августундагы соттун чечиминин корутунду бөлүгүндө реабилитациялоо укугу жөнүндө пункт камтылган эмес. Ушуга байланыштуу сот Максимдин мыйзамсыз кылмыш куугунтугуна тартылгандыгы үчүн реабилитациялоо укугун, ошондой эле мыйзамсыз камакка алынгандыгын таануу жөнүндө арызы канааттандырылууга тийиш деп эсептейт.

Максимге реабилитациялоо укугу, анын ичинде кылмыш куугунтугуна байланыштуу келтирилген зыяндын ордун толтуруу укугу берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE