Пример HTML-страницы

М.Абдилова 7 жылдан бери Кочкордо өспөйт деген жашылчалардын түрүн өстүрүп келет

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор районуна караштуу Кара-Суу айылынын тургуну Махабат Абдилова 7 жылдан бери айылда өспөйт деген жашылчалардын түрүн өстүрүп келет. Дыйкан менен аймактык кабарчы таанышты.

Ал жашылчаларды өстүрүү боюнча эл аралык долбоорго кирген. Анын алкагында жашылчаларга кандай кам көрүү, өстүрүү керектигин үйрөнгөн.

«Биз буга чейин жашылчалар суук климатта өспөйт деп жүргөнбүз. Айылга долбоор келгенде 13 кыз-келин жашылчаларды өстүрүү боюнча окуп, жамаат болуп уюшуп алдык. Окуунун аягында күнөсканаларды куруп беришкен. Ошону менен иштеп жатабыз. Андан бери айылдагы 100гө чукул кыз-келин үйрөнүп кетишти. Февраль айынын башында жамааттагы кыз-келиндер күнөсканага бадыраң, помидор, калемпирдин көчөтүн тигип, сатыкка чыгардык. Күнөскананын жакшы жактары көп. Бизде жашылчалар органикалык жер семирткичтер менен өстүрүлөт. Демек, ден соолукка зыян эмес. Таза азык деп айта алам. Экинчиси кошумча киреше, керектөөдөн ашыгын сатыкка чыгарсаң, акча болот. Быйылкы жылы түшүм жакшы болуп жатат. Жамааттын мүчөлөрү өстүргөн продукцияларын сатыкка чыгарып башташты

Түшүм жакшы алуу үчүн эң негизги топуракка көңүл буруу керек. Күзүндө жыйнап алгандан кийин топуракты казып, зыянкечтерди жоготуп, жер семирткич чачып, жерди даярдап алуу зарыл. Мындан сырткары, өсүп турган жашылчаларга курт түшсө, кара самынды сууга чылап, аны чачса да жакшы болот. Эрменди да сууга чылап, чачып койсо, ашыкча болбойт», — дейт Махабат Абдилова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE