Пример HTML-страницы

Лейлек жана Баткен райондорундагы 75 үй-бүлө Кадамжайга көчүрүлөт

Акыркы жанылыктар

TurmushЛейлек жана Баткен райондорундагы 75 үй-бүлө Кадамжайга көчүрүлөт. Бул тууралуу президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

Анын айтымында, сел каптап кетүү коркунучундагы үйлөргө өткөн жылы Кадамжайдын Ак-Турпак айылынан жер берилген.

«Катраң айылында селден жабыркаган 2 үйдү көчүрүү маселеси турат. 2021-жылы Лейлек районунун Катраң жана Ак-Терек айылдарынан жалпы 50 үй-бүлөгө жана Баткен районунун Газ айылынын 25 үй-бүлөгө Кадамжай районунун Ак-Турпак айылынан атайын жер бөлүнүнүп берилген. Азыркы учурда жол, суу маселелери каралып, электр энергиясы тартылууда. Буйруса үйлөрдү курууга толугу менен шарттар түзүлүүдө», — деди ал.

Абдикарим Алимбаев бүгүн, 15-августта Лейлек районуна иш сапары менен барып, жергиликтүү эл менен жолугушуу учурунда селдин кесепеттерин жоюу боюнча тийиштүү кызматтарга тапшырмаларды берди.

Тактама:

2013-жылдын жыйынтыгы боюнча Ак-Турпак айыл өкмөтү «Кыргызстандагы мыкты айыл өкмөт» наамын алган. Ак-Турпак Баткен облусундагы эң бай айыл өкмөттөрдүн бири болуп эсептелет.

Элдеги уламыштарга караганда, айылдын аталышы топурактын өңүнө байланыштуу. Айылдын аксакалы Турдали Алдаевдин айтымында, мурда бул жерде эч нерсе өспөгөн, шор баскан, ак топурактуу жер болгон. Кийин жартыбаш уруусу келип, жерди өздөштүрүү менен айыл кылып жашап калышкан. Элет облустун борборунан 35 чакырым алыстыкта жайгашкан. Айылдыктар негизинен дыйканчылык, багбанчылык менен алектенишет.

Ак-Турпак күрүчүнүн жериндеги баасы сортуна карап 1 кг 100 сомдон 250 сомго чейин бааланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE