Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Кыянат 27 бөлүм АЯГЫ

https://kyrgyzcha.site/?p=13524&preview=true Кызыктуу окуялар.

КЫЯНАТ 

27 болум

 

Байэлге жолукпасын деди көрүнөт. Сот отуруму бүтөрү менен Баатыр Аделяны ээрчитип чыгып кетти. Аделя кылчактай артын карап сот залынан чыгып атасы менен жөнөй берди.

 

Байэл сыртынан кайрат күткөнү менен, ичинен өрттөнүп баратты. Эркиндикке чыкса эле жеңилдеп калчудай болуп жатпады беле. Дегдеп күткөн эркиндик аны кайрадан эле жалгыздыкка кептеди. Ата-энеңбиз деп жашоосуна эки адам пайда болгону эле болбосо, өмүрү көрбөгөн ал адамдарга кантип жакындайт эле? Балалыктан берки ызасы муунтуп, үйүнө батпай жатты. Барып сырын төгүп алайын десе эч кимиси жок. Акыры күчүн ичимдиктен чыгармай болду. Чогултуп жүргөн акчасынан алып чыгып үйүнүн жанындагы барды көздөй жөнөдү. Кирип эле бир чоң бөтөлкө аракка буюртма берди. Бармен алып келери менен удаасынан эки стакан тартып жиберип отуруп калды. Арак бир заматта денесине тарап, ичиндеги күйүтү сезилбей калгансыды.

 

Ойлору менен алпурушуп отуруп чоң бөтөлкө аракты түбүнө түшүрдү. Сааттын жебеси түнкү төрттү чамалап калыптыр. Теңселе туруп сыртка чыкты. Үйүнө баргысы келбей жатты. Бир саамга бардын алдында турду да, келе жаткан таксиге кол жаңсады. Эмнегедир оюна Аида келди, таксини ошол жакка айдатып жөнөдү. Түн бир оокум болгону, жаман-жакшы көрөрү аны ойлондурган жок. Жолдо унаа аз болгондуктан, такси бат эле Байэлди айтылган дарекке жеткирди. Акчаны берди да, кайтарым акчасын күтпөстөн унаадан түшүп кетти. Мастыгына салып Аиданын батиринин коңгуроосун тындырбай баса берди.

 

– Ким болуп кетти?- Аида уйкулуу көзү менен телефонун алып саатты карады.

 

– Түндө кишинин тынчын алган бул ким?- таңдана туруп халатын жамына оозгу бөлмөгө жөнөдү. Каалгага жакын келгенде коңгуроо дагы басылды.

 

– Ким бул?

 

Эч ким жооп кайтарбады.

 

– Ким бул?

 

– Мен Байэл,- деген тааныш үн угулду. Эми эле ким болуп кетти деп жинденип турган Аида жан талаша эшикти ачты. Байэл Аиданы көрүп эреркеп кеттиби, айтор, эшик ачылары менен Аиданы көздөй оой берди. Байэлдин мас экенин көргөн ал унчукпастан сүйөп конок бөлмөсүнө алып кирип керебетке жаткырып, бут кийимин чечти. Үстүнө одеялону жаап жаткан Аиданы Байэл билектен кармады.

 

– Кетпеңизчи, менден баары кетишти,- деди Байэл Аиданын колун коё бербей.

 

– Эмне болду?- Аида керебеттин кырына отура кетти.

 

– Мен ишенген адамдар мени таштап кетишти,- оор үшкүрүнө Байэл обдулуп өйдө болуп башын мыкчып отуруп калды. Терезедеги шооладан экөөнүн карааны гана көрүнүп турду бири-бирине.

 

– Жашоо ошонусу менен жашоо да. Андай нерсе жалгыз эле сенде болгон жок, баарында болот. Керек болсо менде дагы болгон, болуп эле келе жатат,- деди Аида сыпайы үн чыгарып.

 

– Ойлоп көрсөм, мен курсакта кезде эле таштандыга айланыпмын. Бул жарыкка келерим менен мени балдар үйүнө таштап кеткеничи!- мастыгы менен ичиндеги көкүрөк өйүгөн нерсесин айтып жатты.

 

– Билесизби, Аида эже, мен ушунча жыл ата-эне дегендин эмне экенин билбей чоңойдум. А мен жок деп эсептеген ата-энем, көрсө, жашоодо бар экен, аларды көрдүм. Бар болгондо дагы экөө тең бардар кишилер экен. Элестетиңиз, ушунча жыл жашоодо жок деген адамдар мага келишти, мени эркиндикке чыгарышты. Эң жаманы эмне билесизби? Сүйгөн кызым бир тууганым болуп чыкты. Мен жашоодо эмнемден жазганымды билбейм. Мунун баарын көтөрүп кантип жашайм?- көзү жашылданып, үнү каргылданып кеткен Байэл Аидага башын жөлөдү. Аялга башын жөлөп эркек башы менен ыйлап турганы жат көрүнүш болсо дагы, баш жөлөөргө бир адамы бар экенине ыраазы болуп турду Байэл.

 

Байэл сүйлөп жатып чарчады көрүнөт, кыйшайып уйкуга кетти. Сыртта таң сүрүп калганы терезеден көрүнүп турду. Аида акырын Байэлдин үстүн жаап, бир топко аны карап турду да, өз бөлмөсүнө кетти.

 

ххх

 

Аделя соттон келгени наар албады, бөлмөсүнө кирип кеткен бойдон сыртка чыккан дагы жок.

 

– Кел, Аделя, тамак ич,- деп кызын чакырган эне жооп болбогон соң ордунан туруп жөнөдү эле, Баатыр токтотуп койду.

 

– Аны жөн кой, эс ала берсин,- деди Баатыр өктөм.

 

– Курсагы ачты го,- деди чыйпылыктаган эне.

 

– Тийишпе ага, курсагы ачса тамак ичер, кичинекей кыз беле ал сага?

 

Ушуну менен эч ким ага тийишкен жок. Бөлмөсүндө өз ою менен алек. Бир жолу ага жүз багып карабаган Байэлге таарынды. “Мынча жүзүңдү бургудай мен сага эмне кылдым эле? Түшүнбөстүк болуптур, эми ошон үчүн эле жүзүмө карабай коёбу? Арсты билбей жүрсө бир жөн. Бизди ажыратыш үчүн эмне гана кылган жок? Эми өзү камалып отурат”,- Аделя түнү менен көзүн ирмебеди. Адам бир ойго чөмүлүп алса уйку деген айланып качат эмеспи. Таң сүрүп калган маалда башы каңгырап ооруп турганын сезди. Көзүн жумуп уктайын дейт же көзү жумулганы менен, уйкудан дайын жок.

 

– Уф, ушу экөөбүздүн жолугушуубуз өзү жаңылыш болгон. Бактылуу күндөрүбүздөн кайгылуу күндөрүбүз көп. Билинбей канча жылдар өтүп жатат,- Аделя туруп дары салган кутусунан баш оорунун дарысын алды да, терезе жакка басты. Тээ алыстан кызыл болуп сүрүлүп чыгып келе жаткан Күндү бир топко карап турду да, дарыны ичип сыртка чыгып кетти. Сыртка чыксам ойлордон алыстаймынбы деп ойлоду. Эшик алдындагы бассейнге көз чаптырып тура берди.

Пример HTML-страницы

 

– Биз бул кебетебиз менен бир боло аларыбызга деле көзүм жетпей баратат. Эми сага бир мүмкүнчүлүк берем. Болбосо өмүрдө жалгыз өтсөм дагы ушул мамилеге чекит коём. Бар киши эмес же жок киши эмес, тоё жашабай ушинтип эзилип, күтүп, кайгырып эле жүрө берет белем?!- кыз өзү менен өзү диалог куруп жатып, акыры ушул чечимге келди.

 

ххх

 

Бассейнди телмире тиктеп ойго батып турган кызын карап Баатыр оор үшкүрүп алды. Эки баласынын эки жакта кыйналып жатканына жаны кейиди. Ушуга күнөөлүү өзү экенин эстегенде кабыргасы кайышып кетти. Баарын кантип жолго салышты билбей турду. Жарым кылым сүргөн өмүрүндөгү тажрыйбасы, топтогон байлыгы бул маселени чечүүгө, жайгарууга жетпей жатты…

 

Байэл ызаланды, ичиндеги болгон ачуусун, ызасын арактан чыгарып жатты. Соолукпай эле үстөккө-босток ичимдик ичкенге өтүп алды. Керели кечке байырлаганы эле сыракана, барлар болчу болду. Аида Байэлди эмнегедир жалгыз таштап коё албады, кайсы учур болбосун жүргөн жерин билип, мас экенине карабай унаасына салып алып келип жаткырып коёт. Бир курдай Баатыр менен Маржан келди эле, экөөнү жанына жолотпой койду. Мастыгына салып аларды сөгүп-сагып айлаларын кетирди. Байэлдин ичип жүргөнүн Барсбектен уккан Аделя аны издеп келди. Негизи Барсбек аны жаман көрсөтүү үчүн айткан. Бирок ал ойлогондой болгон жок, Аделя угары менен “мени Байэлди көргөн жериңе алып бар” деди. Аделя келген менен, Байэл жанына даатпады.

 

– Бар, бар,- жанына жакын келген Аделяны бир колу менен түртүп, жүзүн караган жок. Колундагы рюмканы карап тура берди. Дал ошол учурда эшиктен кирип келе жаткан Аиданы көрдү Байэл. Ордунан туруп барып, аны кучактап бетинен өөп тосуп алды да, аны белинен кучактай сыртка чыгып кетти. Аиданы ээрчип кетип калды. Бул учурда Байэл анча деле мас эмес болчу, болгону Аделянын көңүлү калсын деп аны алганы келген Аидага күтүүсүздөн атайылап жармашты. Мунун баары өзү араң жүргөн Аделяга катуу тийди. Ого бетер соолуп калды.

 

ххх

 

Кызынын эч нерсеге көңүлү чаппай ойлуу, кыйналып жүргөнүнө түтпөй кетти Баатыр. Жер алмаштырса алаксыйт беле деп ойлонду. Акыры Аделянын дегдеп жүргөн Италиясына кетирүүнү эп көрдү. Аделянын кыялы Италияда окуу эле, бирок атасы “жалгыз кызыбыз болсоң, сени кантип Италияга кетирип жиберебиз?” деп көнбөй койгон. Аделя айласыз Бишкекте окуп калган. Баатыр бул чечимге көпкө ойлонуп келди. Өзүмчүлдүк кылып кызынын көксөөсүн суутуп келечегине залакасын тийгизгени туура эмес экенин түшүндү. “Мурун эле Италияга кетирип жибергенимде бул иштин баары болбойт эле, Байэлге да жолукпайт эле” деп канча өкүндү. Ошол чечимин айтуу үчүн кызынын бөлмөсүнө келди Баатыр. Атасы кирип келгенде бүк түшүп жаткан Аделя араң ордунан козголду.

 

– Кызым, баары жайына келет. Бул учур дагы өтөт. Ал жигитти унут, азыр жашсың. Сенин алдыга койгон кандай максаттарың бар эле, ошончо окууга короткон эмгегиңди ушул келечеги жок мамиле үчүн жокко чыгарасыңбы? Акылдуу кызсың, кеч боло элегинде токтот. Андан көрө окууңа көңүл бур. Буюрса, Европага кетесиң, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат,- Баатыр кызын ийининен өзүнө тарта кучактап койду.

 

– Европага?!- Аделя көзү тостоюп таң калганын жашыра алган жок. Илбиреп араң жан болуп жүргөн кыз жандана түштү. Ушул сөздүн атасынын оозунан чыкканына ишене албай турду. Соолуп бараткан гүлгө суу куйгандай эле тириле түштү. Атасы чыгып кеткенден кийин бир заматта ойлору Италияга бурула түштү.

 

ххх

 

– Кимге ишенеримди билбейм. Менин бул дүйнөгө жаралышымдын өзү кыянаттык менен коштолуптур. Ата боло турган киши энемдин ишеничине кыянаттык кылып таштап кетсе, энем Кудайдан аманат болгон мага кыянаттык кылып балдар үйүнө таштап салып, бир кайрылып келбегеничи. Андан бери саналуу эле жакшы кишиге кезиктим. Балалыктан жаралуу жаным бирөөгө ишенип, таянгым келчү, бирок өз кызыкчылыктары үчүн баарына даяр адамдардын айлампасына түштүм да, мен дагы адамдарга кыянаттык кылууну үйрөндүм. Ал учурда өзүмдү башкара албай калдым,- деди мөгдүрөп отурган Байэл.

 

– Катаңды моюнуңа алып жатканың жакшы. Өзүңдү актап моюн бербей жүрсөң деле жүрмөксүң. Жашоодо бардык адамдар жаңылат, бир жолу жаңылдым деп эле ошол катачылыкты кайра кайталай бергендер канча? Жашоонун бактысы да, кайгысы да ишенимде деп жатпайбы, жакшы күндөр алдыда экенине ишен, мага ишен, баары өз жолуна түшөрүнө ишен, эң негизгиси, ишенимиңди жоготпо,- Аида эмнегедир жигитти аяп кетти. Ага болушунча колдоо көрсөткүсү, мээрим, сүйүү бергиси келди.

 

Ушул учур Байэлди Аидага кыйла жакындатып салды. Элге жык толгон шаарда жападан жалгыз калгандай кыйналып турганында кол сунган адамдан кантип алыстайт эле?

 

– Сага азыр бул шаар жай болбойт. Сен биз менен Дубайга кет.

 

– Дубайга кетип жатасыңарбы?- Байэл жан талаша сурады.

 

– Ооба, бир жылга. Байэлге бул күтүүсүз болду. Караан тутуп жаткан Аидасы азыр кетип бараткандай туюлуп кетти ага.

 

– Ал жакта сага жеңил болот. Жаңы жер, жаңы жашоо дегендей,- Аида Байэлди суроолуу карап калды. Байэл бир топко үн каткан жок.

 

– Эмнеге болбосун? Туура айтасыз, мага, балким, ушундай жаңылануу керектир. Чогултуп жүргөн акчам бар, анда документтеримди даярдайын. Ал жактан иш таап иштейм да.

 

– Акчадан кам санабачы. Андан көрө өзүңдү кара, өзүңө кел, болду. Ансыз деле канчадан бери күчүңдү арактан чыгарып жатасың. Түшүнсөң керек өзүң деле ичкилик күйүтүңдү жеңилдетпешин.

 

Байэл Аиданын айтканын укту, эртеси эле ичкилигин токтотуп, алар менен чогуу кетүүгө камылга көрө баштады.

 

ххх

 

Ата-апа дей албаса дагы алыска сапар алып жатканын аларга айтты. Баатыр менен Маржан Байэлдин минтип жакшыга умтулуп жатканына кубанып, чөнтөгүнө акчаларын салып беришти. “Кабарлашып тур, жардам керек болсо айт. Жайгашкан жериңди билдир” деп коштошуп калышты.

 

Бир кезде уулун уурдап акча өндүрүүнү көздөп Аидага жакындаган Байэл бул аялдан мынчалык жакшылык көрөм деп ойлогон эмес. Ушул аялдан жылуулукту, ушул аялдан колдоону, ушул аялдан өмүрү сезбеген мээримди табарын ойлогон эмес. Жашоодогу кыянаттыктан жадаган Байэл жакшылыктын көзүн ушул аялдан көрдү. Аиданы, анын уулун өзүнө жакын тутуп, бүгүн алар менен бир учакка отуруп жаңы жашоону көздөй сапар алды. Сырттан караган кишиге алардын учакта отуруп бара жаткан көрүнүшү бактылуу үй-бүлөнүн элесин берип турду…

 

(Аягы)

 

 

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE