Пример HTML-страницы

Кыянат 26 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=13524&preview=true Кызыктуу окуялар.

КЫЯНАТ 

26 болум

 

– Анан дагы Тахирди күтүп коём, ушул ыплас чөйрөгө аралашуумдун өзү катачылык болгон,- сүрөттү карап керебетте отурган Байэл дубалды бир муштады.

 

– Аделя, Тахир… Кана келгени, кана бир басып келип сураганы? Эч кимим жок эле, эч кимиси жок бойдон экенмин дале. Адам өз тагдырын өзү жазат деген чын. Эгер мен спортту таштабай, спорт менен кеткенимде баары башкача болот эле. Андагы досторумдун азыр бири жок. Баарын өзүм үркүттүм, Капардын колунда жүргөнүм үчүн өзүмдү бактылуу сезчү элем го, бакыттан куру калганымды билбей. Башкача жашоодо жашасам болот эле го. Алмаз агайдын эмгегин актасам эмне?..- ичинен өзүн жеп тар бөлмөгө батпай өзүнчө күбүрөнүп жатты.

 

“Тахир мени сатпайт, эмдигиче бир жолу келет эле, ага бир нерсе болгон. Аделя келет, атасынан чыга албай жатса керек” деп ойлоду бир кезде. Күдөр дегениң оңой эле үзүлө койбойт тура.

 

“Жакын санап жүргөн болгону эки адамым бар, алар дагы кыйынчылыкта кумга сиңгендей жок болушту. Жашоо күтүлбөгөн тараптан сокку уруп, күтпөгөн адамды кол сундурат тура. Баарынан дагы ушул аялга кадырым бийик болду. Мен буга жакшылык кыла турган адам кейиптенип кыянаттык кылат элем го, баласын уурдатып көз жашын төгөт элем го? А бул менден жамандык эмес, жакшылык издеп отурат. Угары менен жетип келгенин кара…”- Байэл терең ойго чөмүлүп, Аидага аябай ыраазы болду.

 

Байэлдин жан дүйнөсү тынч эмес, баягы аял менен киши оюнан чыкпайт. Кээде туруп таң калат, ушунча жыл жетим өстүм, чын эле ата-энем барбы? Эгер алар менин ата-энем боло турган болсо, эмдигиче эмнеге бир басып келишпейт? Мени милицияга салып берип тынч алып жатып калыштыбы деп ойлонот. Караңгы төрт дубалдын ичинде ойлонгондон башка эмне кылат эле? Эч нерсе кыла албай тушалып отурган ушул күндөрү эркиндиктин баркын түшүндү. Эркиндик деген эмне экенин эми билди. Эркиндикте ошол эркиндиги чектелип Капар, Тахирдин айтканы менен болуп жүргөнү үчүн өзүнө жини келди.

 

ххх

 

Тинтүү иштери бир заматта Капардын заңгыраган хан сарайынын чакчелекейин чыгарды. Капардын кол балдары менен чогуу катардагы эки укук коргоо кызматкери дагы кармалды. Чатырга бекинишкени менен, бат эле колго түшүштү. Тахир жөн сарсанаа болбоптур, ал айтып жаткан бакан ооздор дал ушулар көрүнөт. Кечээ эле Байэлди түрмөдө чирий берсин деп күпүлдөп жаткан Капар бүгүн тобу менен ошол жакка баратат. Азыр муну оңой чыгара коюшпайт. Колунда акчасы болгону менен, азыр ага “крыша” боло турган кишилер өздөрү камакта. Капардын көз көрүнөө чартаңбай тепкен учуру “крышаларынын” камалышы менен чектелип, колу куушуна тарта баштаган.

 

Ийгиликтүү ишке ашырылган операция тууралуу укканда министр өзү түнү менен жетип келди. Тахир айткандай эле, досунун министрдин жанына кетерине жакын калды көрүнөт. Капардын тобунун сары изине түшүп, “крышаларынын” баарын тазалаган Ташболотов эми буларды тирүүлөй кескилегени кескилеген. Кылмыштуу топтун кармалганы тууралуу жаңылыктар байма-бай жазылып, айтылып жаткан чак. Тахир интернеттен бул кабарды укса жүрөгү ылдыйлай түшсө керек…

 

ххх

 

Аделя акыры Байэлге жолугууга бармай болду. Күзгүнүн алдында бир сааттай сулууланды. Күрмөсүн кийип чыгайын деп жатканда Барсбек телефон чалды.

 

– Аделя, бул жакта Баатыр байке жүрөт, сен келбей эле кой.

 

– Атамбы?! Ал Бишкекте эмес эле го?

 

– Ой, мен көрдүм, унаасын сүрөткө тартып сага жөнөтөм азыр.

 

Барсбектен келген сүрөттү көрүп, шаабайы сууп отуруп калды кыз. Үйдө отургусу келбей кайрадан Барсбекке телефон чалып, экөө киного барууну пландашты. Доспуз да деп ооз учунан айтканы гана болбосо, Барсбектин ичинде Аделяга болгон сүйүүсү оргуштап турат. Кыздын жанында жүргөнгө каниет кылып сезимдерин эч эле билдирбейт. Кыздын ою менен болуп анын көңүлүн алуу менен алек. Барсбек көздөгөндөй эле кыздын бир да күнү Барсбексиз өтпөй турган болду.

 

ххх

 

– Бир күнү кама дейт, кайра бошот дейт.

 

– Ии, эмне болуп кетти?

 

– Тиги Байэл Сапаровдун далай ишинин бети ачылып калганына карабай бошот деп жатат. Анда эмне ал иштин артынан сая түшүртүп убакыттын баарын алат?

 

– Шефпи?!

 

– Аның 180 градуска өзгөрдү, бүгүн Байэлди кимдир бирөө менен жолугуштурганы алып кетти.

 

– Шефтин досунан бийигирээк кызматтагы бирөө-жарымы бар го, Байэлге жакын.

 

– Каяктан болмок эле? Өзү балдар үйүндө чоңоюп жатса. Анын болгон кыйын таанышы эле Капарлар болчу. Аларың өздөрү алапайын таппай жатышпайбы, муну чыгармак тургай.

 

– Кечээ жолугушууга келген аял чыгартып жаткан жокпу?

 

– Ал муну чыгартып алып эмне кылсын, анда айдоочу болуп аз эле иштептир, эмгеги деле сиңип кетпептир,- эшик алдында чылым чегип ушуларды сүйлөшүп эки милиция кызматкери Байэлди тезинен чыгарууга эмне себеп болуп жатканын түшүнө албай турушту.

 

ххх

 

Бөлмөгө кирген Байэл үстөлдүн эки четинде тиктеше отурган чоочун аял менен чоочун кишини карап селейип туруп калды. Чоочун эмей эмне, бир ирет көрдү, көргөн менен, тааныбайт да.

 

Бири-бирине бөтөн болгон үч киши отурду. Озунуп эч бири сөз айта албай бөлмөнүн ичинде жымжырттык бир далайга өкүм сүрдү. Байэл дагы унчукпай муштумун мыкчый кармап көз алдынан бирде кишини, бирде аялды карап коюп отурду. Бир кезде мукактанып Маржан сөз баштады.

 

– Байэл…- үнү титиреп чыкты.

 

– Бизди кечир, мени кечир. Мен жашоомдо чоң ката кетирдим. Энедей болуп сени калкалап бага албадым. Жаштык кылдым, сени таштап өз жанымды карап, өз жашоомду аркалап кеттим. А Баатырдын күнөөсү жок,- Маржан колун Баатырды көздөй жаңсады.

 

– Балким, мен силер издеген Байэл эместирмин. Балким, ал жоктур, балким, башка жакта жүргөндүр. Мага кайсы далилиңерге таянып келип жатасыңар?- Байэлдин үнү каргылданып кетти.

 

– Байэл,- деп Маржан уулунун колун кармайын деди эле, колун тартып алды. – Сени издеп баштаганыма 7 жыл болду. Сенин дайыныңды билүү оңой болгон жок. Сени таптым, баарын тактадым. Баатырды жолуктурдум. Сага келип энеңмин деп айтууга, Баатырга барып балаң бар деп айтууга күчүм жетпей койду. Эми…- бышактап ыйлаган Маржан андан ары сөзүн уланта алган жок.

 

Жанатан атырыла бир тийген Байэл да эми унчукпай талкан сугунуп алган немедей оозунан кеби түшүп отуруп калды.

 

– Байэл, убагында Маржан да, мен дагы жаштык кылдык. Биздин жаңылыштыгыбыздын запкысын сен тартпашың керек эле. Бирок…

 

Баатыр кыйналып сүйлөп жатты. Кең дүйнө тар болуп турду. Жүрөгү мыкчылып сүйлөө оор болуп жатты.

 

– Болду, жетет ушул жагы!- кыйкырып жиберди Байэл.

 

– Жалгыз калтыргылачы мени!- Байэлдин ачуусу жүзүнө чыга түштү.

 

Эшикти көздөй ийини түшүп солдоё баскан Баатыр артка бир кылчайып Байэлди карап туруп калды.

 

– Аделя…- деп оор үшкүрүп, тынчып калды. Дендароо болуп отурган Байэл мелтиреп, муштумун мыкчыган абалынан жазбай өзүнө түспөлдөш кишини тиктеп отура берди.

 

– Аделянын мындан кабары жок. Үч киши билгенди жүз киши билет дейт, сени эч кимден жашыргым келбейт дечи, бирок ар бир нерсенин өз убактысы бар. Азыр билбегени жакшы, билсе ага оор болот. Сен азыр болгону андан алыста…

 

Маржан менен Баатыр эшикке чыгып кеткенден кийин Байэлдин ордунан козголууга дарманы жетпей турду. Тигилер чыгып кетери менен кайрадан камерага алып кетишет деп ойлогон, бирок анын тынчын эч ким алган жок. Өзүнөн-өзү мөгдүрөп, ичи-ичине батпай ыйлап жатты. Ыйлабаганга аракет кылганы менен, ичиндеги оргуштап турган ызасын баса албай койду. Ага ушунчалык оор болуп турду, ушундай учурда жалгыз бир бөлмөдө калгандын өзү азап болсо керек. Үстөлдү үч-төрт ирет муштап жиберди. Эшикке чыгып кыйкырып-кыйкырып алгысы келди. Бирок эшикке чыгууга дагы уруксат эмес. Кечкурун Байэлди камерага алып келишти. Адатта орой мамиле кылган кызматкерлер эмнегедир жумшай түшкөнүн байкады. Керебетине сулк жыгылды. Жаздык астынан Аида таштаган сүрөт колуна урунду. Алып чыгып көпкө карады. Ата-энеңбиз деп маңдайында отуруп сүйлөшүп кеткен кишилерден да Аида менен анын уулу жакын сезилип жатты.

 

Аделяны эстеди, ичи туз куйгандай ачышты. “Бир тууган имишпиз, бир тууган” деп үнү титирей башын мыкчыды. Аделя менен таанышкан күнүн эстеди. Балдардан тепки жеп ооруканада жатканда тамак-ашын көтөрүп алып ден соолугун сурап келбеди беле. Улам бир окуяны эстеп жатып, ойдун тереңине кирип кетти. Аделя менен өткөргөн күндөрү шурудай тизилип көз алдынан өтүп жатты. Учурашканда бетинен же чекесинен өөп, чачын сылап эркелетип койгону болбосо, эч эле тийгиси келчү эмес. Аделя Байэл үчүн ушундай кымбат болчу. Аны эч кимге, керек болсо өзүнө ыраа көрчү эмес. Ушулардын баарын ойлоп отуруп бир кезде “балким, бизди туугандык сезим табыштыргандыр” деген ойго кептелди. Өзүн жубаткысы келдиби, же чындык ушулбу, ким билсин? Байэл үчүн кирейин десе жер катуу, өлөйүн десе жан таттуу болуп жатты. Ушул караңгы төрт дубалдан чыгып кайдадыр кеткиси келди. Ушул жактан алыстаса эле бардык жарааты айыкчудай, өткөн өмүрү унутулчудай туюлду.

 

ххх

 

Көзү эми эле илингендей болгон. Бир кезде эшик шарактап ачылып:

 

– Байэл Сапаров, жолугушууга,- деген күрүлдөгөн үн чыкты.

 

– Эми кимиси болуп кетти?- деп күңк этти Байэл.

 

– Бол, батыраак.

 

Конвой адатынча узун коридор менен Байэлди жолугушуу залына алып жөнөдү. Кире бергенде көзүнө Аделя урунду. Кыз алыстан эле сакалы өсүп, жүдөй түшкөн Байэлди жалооруй карап турган.

 

– Жок, мен жолукпайм,- кыздан жүзүн алып качып Байэл артка кетенчиктеди.

 

– Ал сени эртеден бери күтүп жатат.

 

– Кетсин, мен жолуккум келбейт.

 

Кыз аны көрүп туруп кетип калган Байэлге таңыркап кала берди. Мага таарынып калган экен деп ойлоду. Байэлдин жашоосунда кандай төңкөрүш болгонун кыз кайдан билсин? Эгер баары баштагыдай болсо, Аделяны көргөндө Байэлдин дүйнөсү түгөл боло түшпөйт беле…

 

Жолугам деп дегдеп келген кыз шаабайы сууп шалдырап сыртка чыкты. Сыртта аны Барсбек күтүп турган эле.

 

– Эмне болду?- маанайы суз келе жаткан кызды көрүп жанына жетип барды.

 

Кыз кабагы салыңкы башын чайкап жерди карады.

 

– Жүрү, бул жактан кетели,- кызды жетелеп унаасын көздөй алып жөнөдү. Кандай учур болбосун дайыма жанында жүргөнү үчүн Барсбекти баалачу. Азыр дагы жанында экенине ыраазы болуп кетти.

 

Барсбек унаасын от алдырып узун көчө менен зуулдап жөнөп берди. Кыз кайда барарын сураган дагы жок. Бир кезде Аделянын жакшы көргөн кофейнясынын алдына токтоду. Маанайы жок турган кызды ары-бери бастырып кыйнагысы келген жокпу, өзү унаадан түшүп жүгүрүп кетти. Бат эле кофе көтөрүп жетип келди. Аделя маанайы түшкөндө кофеден күчүн чыгарарын Барсбек жакшы билет.

 

ххх

 

Кызынын бөлмөсүнө эч эле кирбеген Баатыр бүгүн анын бөлмөсүнө баш бакты.

 

– Аделя, эртең сабакка барбай эле кой.

 

– Эмнеге?

 

– Эртең сотко барабыз. Сени Байэл уурдабаптыр, аны ак жеринен күнөөлөптүрбүз. Арс менен мамилеңер кандай эле?

 

– Эме… Ал өзү эле,- кыз ыңгайсыздана түштү.

 

– Арс, кармалыптыр. Көрсө, баары Арстын кылганы экен. Сени уурдатып эмне пайда көргүсү келгенин билбейм, ошол ишке жардамдашкан балдарга акча убадалаптыр. Убагында бербегени үчүн алар Арстын уятын минтип чыгарып коюшту. Дагы жакшы, билбей калсак эмне болот эле?

 

– Мен аны байке деп эле сыйлап жүрчүмүн…

 

– Болду, аларды ойлонбо, андан көрө эрте жатып эс ал,- Баатыр кызын өзүнө тартып чекесинен өөп койду. Дайыма эле көзөмөлдөп турчу атасынан кандайдыр бир жумшактыкты байкады Аделя.

 

ххх

 

– Сенде дагы, анда дагы күмөн болбосун, ДНКга тест тапшыруу керек,- деди Маржан оюн ортого сала сот залынын алдында туруп.

 

– Күмөн деле санаган жерим жок. Кебетеси менин көчүрмөм эле болуп турбайбы. Ишенбей турган болсом ушунча аракет кылат белем? Чоң ишке кириптер болуптур, кайдагы Капар деген неменин тобуна кирип алыптыр. Ал өзү баш болуп кармалбадыбы, муну деле ала жатышмак. Кудум, илгери мен баскан жаңылыш жолду басыптыр да.

 

– Анан эмне, иши бүтчүдөй эмеспи?

 

– Бүтөт, буюрса. Колдо бар далилдерди жок кылышты, оозун басчулардыкын бастык, болгону Аделяны уурдаган окуя боюнча иш каралат. Ал боюнча Арс кармалбадыбы, эми Байэл акталып чыгат.

 

Атасын көздөй келе жаткан Аделяны көрүп Маржан Баатырдын сөзүн аягына чейин укпастан ары көздөй басып кетти.

 

ххх

 

“Аделяны уурдабаганым менен, андан башка кылганым канча? Мени чыгара коюшпаса керек” деп алдын ала эле өзү тыянак чыгарып койгон Байэл. Бирок баары ал ойлогондой болгон жок. Сот залында анын алдамчылыгы, Капардын тобунда жүргөнү тууралуу эч кандай сөз болгон жок. Болгону Аделяны уурдаганга тиешеси жок экени гана айтылды. Байэл баарынын мынча тез болорун, “кызылдардын” колунан оңой эле кутула каларын күткөн эмес. Чынында, Баатыр аралашпаганда Байэл эркиндиктен күдөрүн үзө берсе болмок. Бирок Баатырдын таасири күчтүү экенин ушул иштен даана баамдады.

 

Сот отуруму бүткөнчө Аделя Байэлден көзүн албады. Бирок жигит бир ирет жүз багып кызды карап койгон жок…

 

(Уландысы бар)

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE