Пример HTML-страницы

Кыянат 23 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=13524&preview=true Кызыктуу окуялар.

КЫЯНАТ 

23 болум

 

Таң сүрүп жылдыздар тарай баштады. Үйдөгү бышактап ыйлаган аялдын үнү, аны соороткон дагы бир аялдын үнү сыртка чейин угулуп жатты.

 

– Кызым кайда? Табылбай калсачы…

 

– Кудай сактасын, ыйлай бербей чыйралчы.

 

Сыртта чый-пыйы чыгып Айбек ары-бери басып жүрөт. Бир нерсе кылайын дейт, эмне кылышты билбейт. Баары Баатырдын келишин күтүп жатышты.

 

ххх

 

Маржан жолдошуна эртең мененки чайын берип коюп жумушка кетейин деп жаткан.

 

– Болот, жүрү чай ичели,- деп бөлмөгө кирип келген Маржан күйөөсүнүн шашып кийинип жатканын көрдү.

 

– Мен шашып жатам, Камчы чалды. Тиги Баатырдын кызы кечээтен бери жок дейт.

 

– Кандайча жок?- Маржан дароо Байэлди ойлоду.

 

– Окуудан үйгө келбептир. Баатыр Москвада эмес беле, түнү менен учуп келиптир. Барбасам болбойт,- Болот шаша-буша үстүнө күрмөсүн кийип үйдөн чыгып кетти. Маржан дал болуп туруп калды. Арсты эстеди. Арска телефон чалганы менен, чалууга эч ким жооп берген жок. Бөлмөгө батпай өзүнчө тынчы кете баштады.

 

ххх

 

– Кайда барчу эле сени менен? Кимге жолукчу эле?- Баатыр Айбекти суракка ала баштады.

 

– Окууга эле барчу, курбуларына жолукчу,- деди Айбек өзүн күнөөлүү сезе.

 

– Айбек, эч нерсени жашырбай айт. Болору болду. Азыр тез аранын ичинде кызымды табышыбыз керек.

 

– Бир балага жолукчу. Аты Байэл болчу. Арс тааныйт,- деп Арсты карады.

 

– Ким ал? Кимди айтып жатат?- деп жини менен Арска кайрылды Баатыр.

 

– Мурун бир залда машыкчубуз. Аделя экөө кыз-жигит болчу,- деди Арс.

 

– Эмне?! Кыз-жигит дейсиңби?

 

– Эме, акыркы учурда таарынышып жүрүшкөн.

 

– Айбек, сен эмне мага айткан жоксуң? Эй, ким менен жүргөнүн караштырып койбойсуңбу?! Аделяга коркунуч жарата турган бирөө болсо эмне болот?- Баатыр үнүнүн барынча бакырып алды.

 

– Байэл эле кылды. Ошол жетим менен сүйлөшпөй эле койчу деп Аделяга канча айттым?.. Мени укпай, жаман көрүп койчу.

 

– Жетим дейсиңби?

 

– Ооба, ал балдар үйүнөн чыккан жетим бала.

 

– Тапкыла ошол баланы. Жердин жети кабат катмарына кирип кетсе дагы таап, менин алдыма алып келгиле. Мен ага көргүлүктү өзүм көрсөтөм.

 

– Мен тааныш балдарга чалайын, бүгүн кечке чейин таап берем,- деп Арс чыгып кетти.

 

– Милиция болгонуңар кайсы? Түндөн бери бир илинчек таба алган жоксуңар, иштебейсиңерби жакшылап!- маңдайында турган жашы элүүлөргө таяп калган полковник досуна да бакырып алды.

 

– Ой, Батыке, табабыз, иштебей жатат дейсиңби? Балдар түндөн бери көз ирмебей иштеп жатышат. Ошол райондогу камераларды карап жатышат. Университеттен чыгып жолдун аркы өйүзүнө жакшынакай эле өтүп кетиптир. Аркы бетте камера жок экен, кашайып…

 

ххх

 

Арс телефонун албай койгон соң Маржан жолдошуна телефон чала баштады. Эмне кылса дагы кабар алгысы келди. Эне эмеспи, Байэл зыян тартып калбаса экен деп санаасы санга бөлүнүп турду.

 

– Болот, эмне болду, кабарын билишиптирби?

 

– Азырынча эч кандай маалымат жок. Бирок бир бала бар, ошол эле уурдады деп жатышат.

 

– Эмне болгон бала экен ал?

 

– Жигити болчу дейт,- Муну уккан Маржандын көкүрөгү сайгылашып кетти.

 

– Шашпай сүйлөшөлү, кечке телефон менен сүйлөшкөнүм туура эмес болот.

 

– Жамал кандай?- шашып кеткен Маржан Баатырдын аялын сурады.

 

– Кандай болмок эле, кызынан дайын жок болуп жатса?..- деп кесе сүйлөдү.

 

– Барып кетейин, уят го,- деп жиберди Маржан.

 

– Келсең кел,- Болот телефонун өчүрүп салды.

 

Маржан унаасын айдап Баатырдын үйүн көздөй жөнөдү. Конок болуп баргандагы дарек алигиче эсинен чыкпаптыр. Бат эле көздөгөн жерине жетип келди. Дарбаза ачык экен. Сырттан кирип келе жаткан Маржандын көзүнө кабагы салыңкы турган Баатыр көрүндү. Көпчүлүк турганынан баш ийкеп учурашып үйгө Жамалдын жанына кирип кетти.

 

ххх

 

Кыз бакыргандан, эшикти ургулагандан кадимкидей чарчап калды. Акыры бөлмөдөгү тамак-аштан жемей болду. Кобурашкан адамдардын үнү угулганы менен, бири дагы ал камалып турган бөлмө жакка келбей койду. Терезеси жок бөлмөдө сааттын канча болгонун, күнбү-түнбү, билбей жатты. “Апам байкуш, санаадан өлдү го. Атам укту бекен? Айбек байкени жеп салды го. Эмнеси болсо дагы эртерээк мени табышса экен”. Кыз ушуларды ойлонуп отурду. Сырттагы кобурашып жаткандардын арасында Арс дагы бар эле.

 

– Коркпой-үркпөй эле “Байэл уурдаттырган” дей бергиле. Мен силерди эртең эле бошоттуруп алам.

 

– Биз кызылдарга илешпей эле коёлучу.

 

– Эч нерсе болбойт. Акчаңарды убадалашкандан көбөйтүп берем. Эми аягына чейин туруп берип койгула.

 

– Экөөбүз тең барсак болбой калат. Миша жалгыз эле барсын.

 

– Эмнеге мен?

 

– Миша, ызылдабачы. Мен бир күн жатып алсам, биздин башка иштер өлөт да. Сени кантип эле каматып жиберели? Айткандай эле аткарып кой, болду,- деп кара жигит Мишага көз кысты.

 

Арс пландарын түзүп, баарына көзү жеткен маалда Байэл менен кызды Баатырдын алдына алып бармай болду.

 

Аңгыча Баатырдан чалуу келип калды.

 

– Эмне болду, Арс? Тиги баланын дайынын билдиңби?

 

– Үйүндө жок экен, кечээ келбептир. Азыр балдарга чалдым, бардык жактан сураштырып жатабыз. Шеги чыгып жатат.

 

– Айтпайсыңбы, милициялар барсын ошол жакка.

 

– Ызы-чуу кылып жиберсек Аделяга зыяны тийип калбасын. Акырын колго алалы. Мага ишениңиз, кечке чейин таап, алдыңызга алып барам,- деп чебелектеген Арска Баатыр ичинен ыраазы болуп жатты.

 

– Анда сүйлөштүк, байланышта бололу.

 

ххх

 

– Мен айтканда кызды алып чык, Миша. Аделянын көзүн таңып койгула. Жолдон силердин унааны тигилер тосуп, Аделяны бошотушат. Миша, сенин колу-бутуңду байлап багажга салып кетишет,- Арс эрдемсип чыгып кетти. Унаасында отуруп алып Байэлди кандай кылып алып барышты ойлонуп жатты.

 

Кызына сарсанаа болуп жаткан Жамалдын кан басымы жогорулап кыйналып жатты.

 

– Көп кишинин деле кереги жок. Бир аз эс алып алсын. Силер дагы түндөн бери бул жакта экенсиңер. Үйүңөргө барып эс алгыла. Мен бул жакта болуп турам,- деди Маржан Арстын апасы менен Камчынын аялына карап. Уйку бетин көрбөй чарчаган немелер дароо эле макул болушту.

 

Врач неме дары-дармегин берип, Баатырдын аялынын жанында калды. Маржан окуядан кабардар болуп туруунун жолун ушинтип тапты.

 

ххх

 

Соолуп, шалдырап сызда отурган Байэл сырттан күбүрөгөн үндү эшитти. Керели кечке тынчтыкта отурган неме жандана түштү. Түтүктөрдүн үстү менен акырын ошол тарапка жыла баштады.

 

– Эй, ким бар?- деп кыйкырып люктун капкагын түрткүлөй баштады. Үнү угулбай койду көрүнөт, эч ким келе койгон жок. Кайрадан шалдайып отуруп калды. Азыр ал үчүн жарыкчылык, бир тамчы суу кымбат болуп турду. Айласы кеткенде түтүктөн тамчылап жаткан сууга колун тосту. Кандай суу болсо дагы ичүүгө белсенди. Люктун капкагынын дал тушунда тамчыга колун тосуп отурган кезде көөдөй караңгы люктун ичи жарык боло түштү. Байэл бурулуп карагыча кимдир бирөө аны желкеге тепти. Шалдырып турган неме кулап түштү.

 

– Солдойгон, неңдурайын…- сүйлөнүп бири өйдө көтөрүп, экинчиси тартып алды. Колун артка кычырата таңып, машинанын артына салышты. Экөө чылымдарын чычайта кармап Арстан чалуу күтүп отурушту…

 

– Убакыт түштөн ооп кетти. Кантип эле бир илинчек мурдуңарга илинбесин?

 

– Болушунча издеп жатабыз. Экинчи топ ошол аймакта иштеп жатат.

 

– Илең-салаң болбой жакшылап издегиле! Чаламандын чак түшүндө жоголуп жатат. Кантип эле эч нерсе билинбей калсын? Эмне кылсаңар да тапкыла, керек болсо шаарды үймө-үй кыдыргыла,- досунан сөгүү угуп келген полковник кызматкерлеринен күчүн чыгарып жатты. Аңгычакты көзүнөн заар чачырап турган полковникке телефон чалуу келди. Телефон менен сүйлөшүп сыртка жөнөдү, эшикти ачар замат «кыз табылды» деген маалымат келип түштү.

 

ххх

 

Миша пландагандай эле Аделяны алып чыкмай болду. Каалгага ачкыч салынып ачылып жатканда эле Аделя ордунан тура калып эшикти көздөй жүгүрдү. Эшикти ачып эле Миша кызга тапанча кезеди. Үмүттүү келе жаткан кыз алайып туруп калды. Куралды көрүп кыздын денесин калтырак басып, турган жеринде катып калды. Капкара кийинип, бетине кара бет кап тагынып алган кишинин кебетеси дагы кызды чочутпай койгон жок. Мишанын көзү гана көрүнүп турду. Селейип катып калган кыздын колун скотч менен таңып көзүн шарф менен байлап жиберди. Качан кызды көтөргөндө Аделя тыбырчылай баштады. Тыбырчылаткан бойдон алдыңкы кабатка алып түштү. Эшиктин алдында токтоп турган унаанын арткы орундугуна салып дарбазадан чыгып кетти. Сүйлөшкөндөй эле шаарга жакындап калганда Мишанын жолун тосушту. Милициянын формасын кийген эки жигит, Арс, дагы бир бала бар эле. Ызылдап мушташкан түр көрсөтүшүп, Миша жаракат алган адам болуп жатып калды. Арс арткы орундукта отурган Аделянын көзү менен колун чечти. Аделя Арсты көрүп ыйлап жиберди. Арска Аделянын аны кучактап, анын көкүрөгүнө башын коюп ыйлап жатканы ушунчалык жагып турду. Ал ушул сезимдер үчүн аркасы эмне болорун эч ойлонбой кымкуут ишти жасабадыбы. Аделяны өз унаасына отургузуп Баатырга алып жөнөдү.

 

ххх

 

Жашоодо белгисиздиктен өткөн азап жок. Бара турган багытын, кызын кимден, кайдан сураарын билбей Баатырдын айласы куруду. Ар кимден күмөн санаганы менен, эч кимден кыпындай дагы шек биле албады. Колунда далили жок болгондон кийин кимге догуруна алат? Ушул убакытка чейин дайыма ушундай жагдай жаралып кетпесин деп коруп жүрбөдү беле. Кичинесинен эле чочулап кызына дайыма жан сакчы койгону дагы ушул коркунучунан улам эмес беле. Канча аракет кылса дагы минтип колунан эч нерсе келбей жатканына жини келип турду. Кээде акча деле эч кандай маселе чечпесин түшүндү. Башында кызы үчүн акча сурашат деп чалуу күткөн эле. Бирок эч кимден эч кандай чалуу келген жок. Кыйналып турган аялына санааркап үйгө аялынын жанына кирген маалда Баатырдын телефону шыңгырап калды.

 

– Алло, эмне?- Баатыр ордунан тура калды.

 

– Жанагы шумпай кайда?- Баатыр үйдөн шашкалактап чыгып кетти. Маржан аркы бөлмөдө болгону менен, кулагы берки бөлмөдө эле. Баатырдын артынан эле көчөнү көздөй бет алды. Шумпай дегенде эле Байэлди айтып жатканын түшүндү Маржан. Баатыр унаасын от алдырып үйдөн бир аз узаары менен Маржан дагы унаасын айдап аркасынан жөнөдү. Баатыр катуу ылдамдыкта айдагандыктан Маржан андан узак калды. Ылдамдыктан ушунчалык коркчу. Бирок азыр коркунучун жиреп өттү. Баатырдын унаасынын караанын жоготуп албайын деп өмүрү айдап көрбөгөн ылдамдыкта айдап бара жатты. Жүрөгү сайгылашып жаны жай тапчудай түрү жок. Ызырынган Баатырдын түрүнөн чочулап турду. Шаардан узап, Баатырдын унаасы талаа тарапка бурулду. Жаңы курулуп жаткан кабат үйлөргө жетип токтоду. Маржан канчалык алыс болбосун унаадан түшүп бара жаткан Баатырдын колундагы куралды көрүп жүрөгү оозуна кептелди. Үнү угулчудай болуп кыйкырып да жиберди.

 

– Мен эмне болуп жатам? Жетиш, Маржан, жетиш,- Баатыр ачуусу менен бир нерсе кылып салбасын деп чый-пыйы чыгып жакын эле жерге аптыгып жете албай жатты.

 

ххх

 

Арс дайындагандай балдар эбак эле Байэлди алып келип ээн имаратка киргизип, колу-бутун таңып коюшуптур. Эки күндөн бери наар албай жаткан неменин шайы кетип калыптыр. Жигиттерге каршылык деле көрсөтө алган жок.

 

– Неңдурайын, кана жанагы?!- Баатыр сөгүнүп кирип келди.

 

– Салам алейкум, байке,- кире бериштен бир чоочун жигит тосуп алып, Баатырды экинчи кабатка алып чыкты.

 

– Аделя кана? Табылды дебеди беле?

 

– Бул Аделяны качырып жибериптир. Аны милициялар менен куткарып калышты. Азыр алып келишет.

 

– Тапкан экенсиң уурдай турган адамды,- Байэлди бет талаштыра урду. Шалдырап турган менен, “бул Аделяны качырып жибериптир” деген жигиттин сөзү кулагына даана угулду. Оозу таңылуу болгондуктан Байэл сүйлөй да алган жок. Кимдин колуна түшкөнүн түшүнбөй жатты эле, эми түшүндү. Ачуусу кайнап жинин кимден чыгарышты билбей турган Баатыр жигитти дембе-дем соккулап, эки-үч ирет тээп да жиберди.

 

– Бошотчу оозун!- Баатыр бирине буйрук бере сүйлөдү. Шыпылдап бири келип Байэлдин оозундагы скотчту алды.

 

– Менден силерге эмне керек?- Байэл маңдайындагы кишини карады.

 

– Эмне керек деп коёт. Сен керексиң, сен! Сенин мына бул мээңди чачырата атыш керек,- тапанчаны Байэлдин чыкыйына такады.

 

– Мен эмне кылдым сизге?

 

– Неңдурайын, акмак! Аделяны кайда качырдың?

 

– Аделяга эмне болду?- Байэл кишини тик карады.

 

– Сүйлөбөчү сен, кылгылыкты кылып коюп өлүмүш болосуң го,- тапанча менен баштан ары бир нукуп жиберди.

 

– Баатыр?!- аялдын ачуу кыйкырыгы имараттын ичин жаңыртты. Чочуп кеткен Баатыр да, Байэл да, тиги жигиттер дагы ошол тарапты карап калышты. Маржанды Баатыр даана тааныды. Лөкүйгөн эки жигит бир жанында турган кишини, бир тиги аялды карап калышты. Баатыр дале Байэлдин башына тапанча такаган бойдон турат.

 

– Баатыр, тийбе ага!- аялдын үнү каргылданып көзү жашка толуп турду. Байэл өзүнө болушуп жаткан аялдан көзүн албай кадалып карап турду. Мындай учурда аны куткарууга келген аялдын ким экенине таңданып турду.

 

– Эмнеге келдиң сен бул жакка? Жамалга бир нерсе болдубу?- Баатыр Маржанга кыйкырды.

 

– Тийбе, тийбе…- мукактанган аял башка эч нерсе айта албады. Ачууланып турган Баатырдын ого бетер ачуусу келди.

 

– Эмнеге тийбейм?- Байэлди тапанчасы менен башка нукуп жиберди.

 

– Тийбе, ал сенин уулуң!- деп кыйкырган Маржан башы тегеренип кулап түштү. “Сенин уулуң…” деп кайталап барып дымы чыкпай калды. Маржандын “сенин уулуң” деген кыйкырыгы Баатырдын да, Байэлдин да башында аска-зоо арасындагы кыйкырыктай жаңырып жатты. Экөө тең уккан кулагына ишене албай дендароо болуп туруп калышты. Тиги жигиттердин бири жерде жаткан аялды сыртка көтөрүп жөнөдү. Аңгыча Арс Аделяны жетелеп кирип келди.

 

– Ата-а!- деп кыз кыйкырып жиберди. Кечээтен бери болуп көрбөгөндөй коркунучту башынан өткөргөн кыз атасынын моюнун кучактап ыйлап жатты.

 

Байэл уккан сөзүнө ишене албай башы маң болуп, сүйлөгөнгө дагы дарманы келбей турду. Милиция кызматкери таңылып турган Байэлдин колуна кишен салып алып чыгып бара жатышты. Баары ушундай пландалган. Аделя Байэлди жек көрүп карап турду. Аялдын айтканы кулагына жаңырып дендароо болуп турган Байэл дагы үн-сөзсүз кетип бара жатты. Чыга бериште турган Арс экөөнүн көздөрү бири-бирине кадала түштү…

 

(Уландысы бар)

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE