Пример HTML-страницы

Кыянат 22 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=13524&preview=true Кызыктуу окуялар.

КЫЯНАТ

22 болуп 

Аделя Байэл менен эч эле байланышпай койду. Мурдагыдай эле эки-үч саат жинденип, ачуусу тараганда эркелеп өзү байланышат деп ойлогон. Бул жолу андай болгон жок. Кечээтен бери кылган аракетинен майнап чыгара албаганы үчүн өзүнө жини келди. “Эмне болгон, башка бирөөсү барбы же катуу таарынып калдыбы, ушинтип эле баарына чекит коюлабы?” Бул ойлор жигиттин жан дүйнөсүнө тынчтык бербей жатты. Ар кайсыны ойлой берип жакшы уктай албай койду. Таң сүргөндө эле жумушка кетүүгө даярдана баштады. Бир жагынан Тахир дагы шаштырып, бир жагынан Аделя менен мамилесине жарака түшүп, ою эки анжы болуп өзүнчө бушайман болуп турган чагы. Аида Байэлди дагы кечигет деген ойдо өзү жеткирүүгө даярданып жаткан. Аңгыча Байэл келип калды.

 

– Ой, бүгүн эрте келгенсиң го. Өзүм жеткирип келейин деп жаткам.

 

– Башка кайталанбайт дебедим беле. Машинанын ачкычын берип коёсузбу, мен сыртта болом. Сиз кийинтип алып чыга калыңыз,- Байэл Аидадан ачкычты алып чыгып кетти. Бир аздан кийин уулун жетелеп Аида чыкты.

 

– Жакшы барып кел, балам. Бүгүн кечинде паркка барабыз, Байэл байкеңди ук, макулбу?

 

– Ура-а! Парккабы?- бала коопсуздук курун тагып жаткан апасынын моюнунан кучактады. Аида баласын өөп, эркелетип жатты. Байэл көзүнүн кыйыгы менен улам аларды карап коюп отурду.

 

Баланы бакчага таштап чыгары менен Тахирден чалуу келди.

 

– Алло, Байэл, иштер ойдогудайбы?

 

– Ооба, пландагандай эле.

 

– Ошондо балдарды бүгүнкүгө дайындайынбы? Сен айткан жерге эле барышсынбы?

 

– Бүгүн саат 6га ошол жакта болуп калышсын. Баланы бакчадан кийин мен ошол жакка алып барам.

 

– Эртелетпесек, шефтер күндө менден сурай берип тажатышты. Өзүң билесиң да алардын жумушун, ар кимибизден акча талап кылып отура беришет,- деди Тахир үнү өзгөрө.

 

– Балдарга жакшылап түшүндүрүп кой, мен жеңил жаракат алышым керек. Болбосо Аида менден шек санап калбасын. Кайра уулун куткарып бир акчага марыйлы да.

 

– Сүйлөштүк анда.

 

Байэл акыркы күндөрү Тахирден шефтерине болгон жек көрүүнү байкап жүргөн. Азыр ачык эле аларды жамандап салганына таң калды.

 

ххх

 

Адам баласы кээде өз кызыкчылыгы үчүн башкаларды оңой эле курмандыкка чалат. Башкалардын жан дүйнөсү, жашоосу, өмүрү, сүйүүсү, анын кызыкчылыгынын алдында түккө турбай калат. Аделя Байэл менен табышып албасын деп чочулап Арс планын ишке ашырууга болушунча шашып жатты. Байэлдин сары изине түшүп, үйүнүн дарегин билди. Эми бир жолун таап Айбекти кызга жолотпош керек. Кыз окуудан чыгар маалды болжоп, макулдашкан балдары менен окуу жай жайгашкан дарекке келди. Университетке келе турган эки жолдо эки жигит Айбектин унаасын сүзгөнгө даярданып турушту. Пландагандай эле бири капталдан чыгып Айбектин унаасын сүзүп салды. Айбек унаасынан түшүп тиги жигит менен ызылдашып жатып Аделянын чалуусуна жооп бере албай калды.

 

– Айдоочусу келбейт, жанына барып токтоп алып жөнө. Жолдон балдар тосуп алышат. Кызга эч кандай зыян келбесин, үнүңөрдү да жогору көтөрбөгүлө. Акырын алып барып, өткөнкү үйгө киргизгиле,- Арс тигил жактагы жагдайды көрүп дароо кызды алып кетүү керек экенин кабарлады.

 

– Хоп, айтканыңдай болсун,- үстүндө шашкасы бар машина Аделянын так жанына келип токтоду. Айбекти көпкө күтүп калган Аделя таксиге жакын басып келди.

 

– Бошсузбу?

 

– Келиңиз.

 

Таксиге дарегин айтып коюп, телефон карап отура берип кайда кетип жатканын деле караган жок. Жигит дайындалган үйдүн дарбазасынан ичкери кирип токтоору менен бир жигит токтогон унаанын арткы каалгасын шарт ачып, кыз эки жакты карап үлгүргөнчө мурдуна колундагы жүз аарчыны басты.

 

– Апа-а,- деп бир кыйкырганга жетишти Аделя.

 

Бир аздан соң кыз созулуп уктап берди. Көтөрүп кирип экинчи кабаттагы керебетке жаткырып, үстүнө жука жуурканды жаап койду. Анын артынан бири суу, жашылча-жемиш, тамак-аш алып келип кыздын жанына койду да, каалганы сыртынан бекитип салышты.

 

– Кыз бир аздан кийин ойгонуп, ызылдап баштайт. Байэлден башка эч нерсе айтпагыла. Жанынан чыкпа, эмне кылып жатканын карап тургула. Бир нерсеге учурап калса башыбыз менен жооп беребиз. Ишти жакшы бүтүрүп акчабызды алалы,- эки жигитке ушуларды айтып сакалчан кара жигит дарбазадан чыгып кетти.

 

ххх

 

Байэл баланы бакчадан алып, унаанын арткы орундугуна отургузду да, түз эле Тахир менен пландашкан жакка айдап жөнөдү. Байэлге көнүп калган бала божурап бир нерселерди айтып, терезени көрсөтүп улам көргөнүн «бул эмне, аны эмне кылат?» деп сурап келе жатты. Байэл улам артын карап баланын суроолоруна жооп берип жүрүп отурду. Болжошкон дарекке жете бергенде Байэл бойтоюп отурган баланы бир карады да, унааны зуулдаткан бойдон айдап кетти. Ушул жерден адамдык сапаты ойгонуп кеттиби же балага болгон сүйүүсү жеңип кеттиби, айтор, Байэл өз планына өзү каршы чыкты. Болжошкон жерге баланы алып барганы менен, Тахирдин күчүктөрүнө салып бере алган жок. Телефонун өчүрүп туруп, балага көрсөтпөй жол жээкке ыргытып салды. Унаадан баланы түшүрүп, адаттагыдай жетелебестен көтөрүп алып шашкан бойдон үйдү көздөй жөнөдү.

 

– Апа, мени Байэл көтөрүп келди,- деп кубана кирип келип эле апасына чуркады бала.

 

– Ий, балапаным менин, келип калдыңарбы? Мен сени сагынып кетпедимби,- Аида уулун кучактап, кытыгылап ойноп өзүнчө эзилип жатты. Уулун Аиданын колуна тапшырганда Байэл жеңилдей түшкөндөй болду.

 

– Тамакка келгиле, азыр паркка барабыз.

 

– Мен кете бербейинби,- Байэл бир орунда тура албай жатты.

 

– Чогуу эле барып келебиз, кайда шашасың, бүгүн айлыгыңды да берейин.

 

– Шашпай берсеңиз деле болот.

 

– Келегой, тамагыңды ич. Парктан Байэл байкең сени ойнотот,- Аида уулуна тамак берип жатып ушуларды айтты. Карышкырга кой кайтартып жатканын аял сезгенде баары башкача болмок.

 

Байэл парктан кийин Аида менен уулун үйүнө жеткирип, өз унаасын айдап үйүнө келди. Тахир үйдө күтүп жатса керек “аял жанымда болуп калды, телефон жоголду дейм” деп ойлонуп келе жаткан. Айлананы карап анын унаасын көрө албай койду. Каалганы ачып кирейин деп жатканда Байэлди бирөө желке талаштыра урду. Күтүүсүз соккудан жигит сулк кулап берди. Ары жакта турган машина эшиктин алдына чейин кирип келди да, ичинен эки жигит түшүп Байэлди багажга салып, жүрүп кетти.

 

– «Бала мушкер, абайлагыла» деп жатты эле го. Бир соккудан чыккан жок,- алдыдагы жигит дерделеңдеп айтып бүтпөй жатты.

 

– Тим эле рингде жеңишке жеткенсийсиң да, келчи, сени желкеге согуп көрөйүн, кандай уктаар экенсиң,- деди арттагы бири аны жактырбай.

 

– Андан көрө колу-бутун жакшы таңдыңарбы?

 

– Жеткенче ойгонуп алып, барганда даана рингге чыгып жүрбө.

 

– Жанагынча жипти кантип чечмек эле? Ойгонсо да эми эч нерсе кыла албайт го дейм.

 

Унаа зуулдаган бойдон шаардын көчөлөрүн аралап барып караңгы, кичинекей көчөгө кирип токтоду. Жапалдаш бойлуу жигит телефондун жарыгын күйгүзүп жерден бир нерсени чукулап жатты.

 

– Ачылабы деги аның?

 

– Ачылат, баягы казак баланы ушул люкка салганбыз да. Бул жактан эл да көп өтпөйт.

 

– Ачылды, алып келгиле,- деди жигит тигилерге кайрылып.

 

– Чыгып кетпесин, эч ким таппасын эле дейт, эми бирөө-жарым таап же бул чыгып көрсүнчү.

 

Байэлди буту-колу таңылган бойдон көтөрүп келип люктун ичине таштап салышты…

 

– Эй, Миша, токтотчу ошол оюнуңду. Андан көрө кыз эмне болду?- сырттан тамак-аш көтөрүп кирип келген кара жигит алгач эле кызды сурады.

 

– Эмне болмок эле, жатат да,- деди эшик алдында отурган жигит телефондон көзүн албай.

 

– Жакшы эле жатабы аның? Чириген байдын кызы экен, эртең баарыбызды ит аткандай аттырып салбасын,- деп Мишанын жанына келди.

 

– Ой, коркпочу. Ушинте бергениң жакпайт да,- телефон караган абалынан жазбай отура берди.

 

– Эй, берчи ачкычты.

 

– Ме алчы, кызыңды карап отура бер,- Миша дегени ачкычты ыргытып, биринчи кабатка түшүп кетти. Жигит кыз жаткан бөлмөгө кирди. Чын эле баштагы калыбынан жазбай мемиреп уйкуда жатат. Коркуп кетип, жакын барып сөөмөйүн кыздын таноолоруна коюп көрдү эле, жылуу демдин илеби сезилди. Аңгыча телефонуна чалуу келди. Кызды ойготуп албайын деп жан талаша өчүрө салып, сыртка атып чыкты.

 

– Алло, Арс, баары жакшы. Кызың атасынын үйүндөгүдөй мемиреп уктап жатат. Ойгонуп ызы-чуу салып жатат го деп келсем, баштагы калыбында эле жатыптыр.

 

– Чын эле уктап жатабы?- Арс тынчсыздана түштү.

 

– Өзүм текшерип чыктым.

 

– Бөлмөнү жакшы кара, зыян келтире турчу эч нерсе болбосун,- Арс телефонду өчүрдү. Апасын акмалап жатты. Аделянын апасы анын жок экенин билсе биринчи кезекте Арстын апасына телефон чалары бештен белгилүү эле. Бөлмөсүнүн эшигин атайын ачып койду. Бир кезде сырттан апасынын “Кудай сактасын. Ыйлабачы, балким, достору менен жүргөндүр. Эмнеси болсо дагы Баатырга билдирип кой” деген сөзү угулду. Бөлмөсүнөн атып чыкты.

 

– Шүмшүктөр кайдан чыгат? Шүмшүктөр ушинтип жаралат,- деп өзүнүн кылганына маашыркана сыртка чыгып бара жаткан Арсты апасы токтотту.

 

– Бас, Баатырдыкына барабыз.

 

– Иштерим бар, апа, саат түнкү бир болду. Ал жакта эмне бар?

 

– Ишти эмне кыласың? Окууга кеткен бойдон Аделя жок дейт.

 

– Жүргөндүр да бир жерде.

 

– Барбасак болбойт, Жамал апаң эми эле ыйлап жатат.

 

ххх

 

– Эс-мас абалда жаткан Байэлдин кулагына чып-чып деген үн тынбай угулуп жатты. Үнгө көнүшүп калганда көзүн ачты. Көөдөй караңгы, жакын жерде тамчы тамып жаткандай. Башы деңгиреп калыптыр. Колун созуп айланасын сыйпалап көрдү. Колуна темир түтүк урунду. Кайда жатканына акылы жетпей турду. Чөнтөгүн сыйпалап телефонун издеп таба албай койду. “Каяктамын, мага эмне болду? Муну ким кылды?” деп башы маң болуп жатты. Бир кезде бойтоюп сүйлөп келе жаткан Аиданын баласын, Тахирди эстеди. “Ошол кылды, неңдурайын!” деп башынын кара куш жак бөлүгүн кармады. Катуу оорутуп жатканынан улам сокку жегенин билди. Акырындап көөдөй караңгылыкка көзү да көнө баштады. Жер төлөдө жатат окшойм деп болжоду. Бир маалда жогору жактан бир аз шоола көрүндү. Байэл жарык түшүп жаткан тарапка жетип барып, колун жогору көтөрүп ошол жерди түртүп көрдү. Ачылчудай түрү жок. Аделясын эстеди. “Бул жактан эмнеси болсо дагы чыгышым керек. Мени ким издейт да, ким бошотот?” Бир жагынан люктун ичиндеги жыттан, экинчи жагынан курсагы курулдап, оозу кургап кыйналып жатты.

 

ххх

 

– Аның качып эле кетти,- Капар адатынча чылымын тумандата түтөтүп Тахирдин маңдайында отурду.

 

– Жок, ал качмак эмес. Кайда качат эле? Машинасы үйүнүн жанында турат. Ага бир нерсе болду.

 

– Тиги аялдан суратчы. Эмне болсо дагы дайынын билгиле,- Капар Байэлдин өзү үчүн эмес, анын казынасына алып келе турган акчасы үчүн тынчсызданып жатты. Тахир бөлмөдөн чыгып кетти. Унаасында отуруп аялдын социалдык түйүндөгү баракчасына “Байэлди акыркы жолу качан көрдүңүз? Мен анын досу болом” деп кат жазды. Көп өтпөй эле кат окулду деген белги чыкты. Жооп жазбаганынан аялдан да күмөн санай түшүп, анын жашаган дарегин караштыра баштаганда “Байэл кайда, эмне телефону өчүк?” деген кат келди аялдан. Муну окуган соң Тахир Байэлдин башка ишке кириптер болгонун даана сезип турду. Тааныш балдарга четинен чалып сурап баштады. Баары бир ооздон дайынын укса кабарлап коюшарын билдиришти.

 

ххх

 

Бөлмөдө жарык күйгүзүлүү калган болчу. Акыркы күндөрү кыз бир жагынан сабактары көп болуп, экинчи жагынан Байэлдин мамилесинен улам дайыма чарчаңкы абалда жүргөн. Ушунун таасириненби, Аделя бир топко мемиреп уктады. Бир кезде козголуп, уйкулуу көзү менен эки жагын карап чочуп кетти. Кыздын ачуу кыйкырыгы үйдүн ичин жаңыртты. Кире бериште беймарал уктап жаткан эки жигит ордунан атып туруп экинчи кабатты көздөй жүгүрүштү.

 

– Мен каяктамын? Ачкыла, силер кимсиңер?- каалганы катуу ургулап жатты кыз. Кызга эч ким жооп берген жок. Сыртты карайын десе бөлмөнүн терезеси жок. Түнбү-күнбү билинбейт. Кыз бакырып жатты.

 

– Бакырба, өзүң эле кыйналып каласың. Сага эч ким тийбейт. Болгону тынч отур,- деди кыздын ачуу кыйкырыгына чыдабай кеткен кара жигит.

 

– Сен кимсиң? Менден эмне керек?- кыз эшикти тынбай тепкилеп ыйлай берди. Бир кезде кыз тынч алып калды. Кыздын дымы чыкпай калганына санааркап тигил экөө кыз отурган бөлмөнүн каалгасына кулак төшөп калышты.

 

– Байэл дегени эмне болду экен?

 

– Чүш, ошону сурай турган учурбу?- Мишаны кара жигит нукуп жиберди.

 

Кыздын кулагына Байэл деген сөз даана угулду.

 

– Байэл? Демек, мага муну кылган Байэлби?- өзүнчө тыянак чыгарып жиберди.

 

– Чакыр ошол Байэлди!- өктөм кыйкырган кыз кайрадан эшикти ургулап баштады. Бышактап ыйлап жаткан кыз баштагыдан чыйрала түштү. “Бирок Байэл мага муну кылмак эмес”, өз оюна өзү кайра каршы чыкты. “Менден кимге эмне керек, Айбек байке келбегенине караганда анын кабары барбы?” кыз ушинтип ойлонду.

 

ххх

 

Баатыр кызы жок дегенди уккандан бери бир орунга тура албай жатты. Аялы кабар берери менен Айбекке телефон чалды.

 

– Неңдурайын, мен сага көзүңдүн карегиндей кара дебедим беле?! Ошол кыздан көзүңдү алба дебедим беле?! Башка ишке алагды болбосун деп сага акчаны Кудайды карабай берип жатам го. Мен сага какшачу элем го! Аделя каалайбы-каалабайбы, дайыма жанында бол деген эмес белем?!

 

– Эме…

 

– Эмне?! Кандай болду? Сен аны карабай кайда жүрдүң?

 

– Аделяны алганы университетке бара жатсам бирөө капталдан чыгып менин унаамды сүзүп салды. Аны менен ызылдашып жатып убакыт өтүп кетти. Университетке барсам, Аделя жок. Телефон чалсам албай койду. Үйгө кетип калган экен десем, үйдө дагы жок.

 

– Жүрө бер сен ошентип, эгер кызымдын бир тал чачы түшсө менден жакшылык күтпө!- бакырып алды Баатыр. Жанында болгондо Айбекти жеп салмак.

 

Түн бир оокум болгонуна карабай Баатыр эки-жакка телефон чала берип баарын түп көтөрүп салды. Москвадан Бишкекке учуу үчүн чукул каттамга билет алдырды. Бул ишти менден акча өндүргүсү келгендер эле кылды деп болжоп жатты. Бирок шек санай турган адам акылына келбеди. Бир колунда чылым, бир колунда телефон. Учак жөнөй турган эки саатты күтүү ал үчүн кырк жылга тете болуп, Бишкек көзүнөн учуп турду…

 

(Уландысы бар ).

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE