Пример HTML-страницы

Кыянат 21 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=13524&preview=true Кызыктуу окуялар.

КЫЯНАТ 

21 болум

 

Аделяга телефон чалып “токтой турчу, сүйлөшөлү” дейин деген. Бирок кыз чалуусуна жооп бербестен телефонун өчүрүп салды. Байэл дароо Айбектин артынан айдап жөнөдү. Улам Аделяга телефон чалып коёт. Бирок ал өчүрүп салган бойдон күйгүзгөн жок. Жипти зуулдата айдап Байэл Айбекке жете келди. Бирде ашып кетип, бирде артта калып, бирде жанашып келе жаткан Байэлди бир карап, бирде сүйлөсөң ыйлап жиберчүдөй болуп артта отурган Аделяны бир карап келе жатты Айбек. Байэл жакындап келип Айбектин тилкесине өтүп аны кыса айдады. Андан буйтаганга аракет кылган Айбектин унаасы чайпалып кетти.

 

– Неңдурайндын баласы! Көөп калган го. Бул эмне, бизди өлтүрөйүн деп жатабы?!- жолду четтей айдап токтомой болду Айбек.

 

– Айбек байке, токтобоңуз, эмнеге токтоп жатасыз?- кыз чыйпылыктап жиберди.

 

– Буга бирди көрсөтүп койбосом болбойт. Жол тандабас айдаса эле эмне керсейип башканын жолун торой бериш керекпи?

 

– Болбойт, башка жактан сүйлөшүңүз. Азыр мени үйгө жеткириңиз. Андан кийин эмне кылсаңыз өз эркиңиз.

 

Айбекке кыздын сөзү мыйзам да. Аргасыз жолун улады.

 

– Жоготчу ушуну, сенин баркыңды билбейт. Күлгөнүңдөн ыйлаганың көбөйдү. Эмне кыласың бул шумпайды? Ташта, сонун жигиттерди четтен табасың,- Айбек Байэлге ачууланып калганга оозу бир тынбай сүйлөй берди.

 

– Уф, Айбек байке, менин сөз угайын деген ниетим жок. Токтотуңузчу.

 

Айбек баштагыдан ылдамдыкты көбөйттү. Көп өтпөй үйгө жетип эле дарбазадан ичкери кирип кетти.

 

Айбек кичирээк көчөгө бурулуп кеткенден кийин ал жактан чыгып жаткан машина Байэлге тоскоолдук жаратып калды. Байэл аны чыгарып жиберип тигилерге жеткенче эбак кирип кетишиптир. Дарбазанын алдында тура берем деп көгөрүп жатты эле, Аида телефон чалганда эсине келди.

 

ххх

 

– Арс, Байэлди кезиктирдиңби? Катты өзүнө бере алдыңбы?- Маржан тынчсызданып жатты.

 

– Бүгүн Аделяга келди. Жип тээп, өзүнчө «крутой» болуп кетиптир. Маржан эже, катыңыз дарегине жетти. Сарсанаа болбой эле койсоңуз болот.

 

– Эмне кылсак да экөөнү ажыратыш керек,- байкабай оюндагыны Арска айтып алды.

 

– Эмнеге?- Арс таң кала сурады. Ага бул сөз майдай жакты.

 

– Эже, сиз менин өнөктөшүм турбайсызбы. Мен дагы ушул иш менен алек болуп жүрбөймүнбү?

 

– Сага ал эмнеге керек?

 

– Эмнеге керек болсун, эже? Мен Аделяны мектепте окуп жүргөндө эле жакшы көрчүмүн. Ал мени эмес, ошол томаякты тандады,- деди Арс Байэлге жиндене. Томаяк деген сөздү укканда Маржандын үстүнөн муздак суу куюп жибергендей эле болду. Андан ары эч нерсе дей албады. Арс аялдын түрүнө маани берген жок. Бардачоктон сүрөттөрдү алып чыгып аялга сунду.

 

– Мен да экөөнү ажыратам деп минтип сүрөт жөнөткөм. Бирок максатым ишке ашкан жок.

 

Маржан мистейген абалынан жазбай отуруп сүрөттү карады. Оюна бир нерсе келе калгандай сүрөттөрдү алып унаадан түшүп кетти. Уулу Барсбекти ойлоду. Ал окуудан келгенче үйгө алып барып коёюн деп шашып жөнөдү. Үйгө келсе Кудай жалгап эч ким жок экен. Конвертке салып жапты да, Барсбектин бөлмөсүнө киргизип коюп, үйдөн чыгып кетти.

 

ххх

 

Аида унаага отургандан бери Байэлдин кабагы салыңкы экенин байкап келе жатты.

 

– Сага эмне болду, кабагыңа кар жаап калыптыр го?- сумсайып тынчтыкта келе жатканына чыдабай кетти Аида.

 

– Жакшы эле баары,- жигит сөздү көбөйткүсү келген жок.

 

– Жакшы дейсиң да. Көздөрүңдөн көрүнүп турбайбы маселең бар экени.

 

Бала бакчага келип калган Аида унаадан түшүп кетти. Байэл Аделяга дале телефон чалып жатты. Такыр чалуу кетпей койду. Кыздын катуу жинине тийгенин түшүндү. “Сага жетиш үчүн ушул иштерге аралаштым эле. Тескерисинче, сени жоготуп баратам го” деп оор үшкүрүнгөн Байэл кызды кучактап, чачынан сылап мурдакыдай эркелеткиси келип турду. Мөлтүрөп жашка толгон көздөрүн эстеп аяп кетти.

 

Бет маңдайында Аида жетелеп келе жаткан кичинекей бөбөккө Байэлдин көңүлү бурулду. Унаадан түшүп аларды көздөй басты. Баланы көргөндөн бери бышырып жүргөн планы оюнан чыкпай жатты.

 

– Салам,- Байэл кичинекей балага жакын келип колун сунду.

 

Бала мурдун чүйрүп Байэлдин колун түртүп, апасына ыктады.

 

– Балам, кой, антпе. Бул байкең мындан ары сени бала бакчага, мени жумушка жеткирет, кечинде ушинтип үйгө алып кетет,- Аида баласынын бетинен өөп койду. Үйгө жеткенче апасына божурап бир нерселерди айтып келе жаткан баланы Байэл улам күзгүдөн карап коюп баратты. Тилинин ушунчалык ширин экенине эзилип кетип жатты. Апасы унаа айдап, өзү жалгыз арткы орундукта отуруу балага жакчу эмес. Бүгүн апасынын жанында отурганына өзүнчө бактылуу болуп, көңүлү жайдары.

 

Үйгө жеткирип эле сырттан кетейин деп жаткан Байэлди Аида үйгө киргизди. Ал тамак даярдаганча уулу Байэл менен ойноп баштагыдан ага жакындай түштү. Үчөө отуруп тамактанышкан соң Байэл алар менен коштошуп чыгып кетти. Байэл өзүнүн унаасына келип отурду. Кечке Жипте жүрүп көнө түшүптүр, жапырайып жерде отургандай сезип кетти өзүн. “Тим эле муну кара, ушул машинага жеткениңе төбөң көккө жеткенче кубанып жүрбөдүң беле. Бир күндө эле чана баштадыңбы?” деп өзүн-өзү жемеледи. Аделяга чалып көрдү, телефону дале өчүк экен. Үйдөн чыгары менен дароо кетпестен эшик алдында отурган жигитти Аида терезеден карап тура берди. Жигиттин эмнеге кетпей жатканына кызыкты. Аделянын үйүнө барган менен пайда жок экенине көзү жеткенде кичине ачуусу тараса сүйлөшөрбүз деген ой менен өзүнүн үйүн көздөй жөнөдү Байэл.

 

Үйгө келип кийимдерин чечип жатып костюмдун чөнтөгүнөн чыгып турган ак кагазга көзү түштү. “Бир аял берди” деп сунуп жаткан өспүрүмдү эстеди.

 

– Ачып көрөйүнчү, эми мунусу эмне болуп кетти? Конвертти айрып ичиндеги кагазды алып чыкты. Актай барактын ортосунда чоң-чоң шилтенип жазылган “Аделя сенин тууганың” деген жазууну көрдү. Кагазды мыкчып жерге таштады да, кайра алып, жазып, барактын эки жагын карады. Башка эч жазуу жок, конверттин ичи-тышын карады, таптаза.

 

– «Аделя сенин тууганың» дейби? Бул жанагы келемиштин эле кылганы,-университеттин жанынан жүрүп кеткен Арстын унаасын эстеди. Кагазды бырыштыра мыкчып туруп таштанды салынган чакага ыргытты. Муштумун улам түйүп, кайра жазып, бөлмө ичинде ары-бери баса берди.

 

– Эч кимиси жок мага ал кантип тууган болмок эле? Талуу жерге соккуң келген экен, ээ, акмак. Мага бул чабуулуң өтпөйт. Мен сага оңой эле жеңилип бере койбойм. Аделянын чыпалагын да карматпайм сага, иттин гана баласы!- деп ызырына жебени төрдө илинип турган дартстын так ортосуна таамай урду да, сыртка чыгып кетти. “Жанагы көргөнүм даана эле Арстын машинасы болчу, ошол эле кылып жатат” деген ой башында айланып жатты. Чындап эле ал бул сөзгө ишенген жок. Ишенгиси дагы келген жок. Байэл бул чындык менен жүздөшүүгө даяр эмес. Бирок тагдырдын планын ким буза алсын? Чындык ага жакын калганын, аны беттеп келе жатканын туйган жок…

 

Байэл катка ишенбегени менен, оюнан эч эле чыгара албай койду. Эшиктин алдындагы отургучта отуруп дембе-дем чылым чеге берди. Терең ой менен ачуулануунун курчоосунда отуруп бир куту чылымды чегип салганын байкабай калыптыр. Кутунун ичинен чылым колуна урунбай калганда өзүнө келе түшкөнсүдү. Телефонун караса түнкү саат 3:40 болуп кетиптир. Балким, Аделя телефонун күйгүзгөндүр деп ойлоп, ага дагы чалып көрдү. Кыска чакыруу кетип тык өчүп калды, кыз аны “кара тизмеге” киргизип койгон эле. “Кой, бир аз болсо да эс алайын” деп Байэл үйгө кирди. Көзүн жумуп уктоого аракет кылганы менен, акылынан “Аделя сенин тууганың” деген сөз кетпей ары-бери оодарылып уктай албай жата берди. Сыртта таң сүрүп келе жатканы байкалып калган маалда Байэлдин көзү илинип кетти.

 

Телефонуна келген чалууларды Байэл бир топко сезбей уктай берди. Тапырап кыйкырып тепкичтен чуркап өткөн балдардын үнүнөн ойгонуп кетти. Телефонун караса, Аида 5 жолу чалыптыр.

 

– Тууй ата, дагы кечиктимби?- Байэл тура калып шашкан бойдон Аиданыкына жөнөдү. «Эми жакындап тамырын тартып келе жатканда мени кетирип жибербесе болду» деген санааркоо болуп жатты. Лифттен түшүп өзүн күнөөлүү сезе акырын келип коңгуроону басты.

 

– Ой, ким келип калган?- Аида жакшы маанайда тосуп алды.

 

– Кандайсыз, Аида эже, мени кечирип коюңузчу. Болду, башка кайталабайм.

 

– Ой, эч нерсе болбойт. Жашсың, уктап каласың. Баламды өзүм эле жеткирип койдум. 2-3 жолу чалсам алган жоксуң, билдим уктап калганыңды. Кебетең эмне, түнү менен жакшылык көргөн эмессиң го.

 

– Кеч уктап…- Байэл башын жерге салды.

 

– Бас, тамак ичебиз. Мен сага тамак даяр болгондо чалгам, чогуу тамактанып алып, анан бутик менен салондун иштерин көзөмөлдөп келели.

 

Көптөн бери жанында жүргөн кишисиндей эле Аида ишинин баарын ага айтып жатканы Байэлди таң калтырып жатты.

 

– Ме, муну ичип алчы,- жигитке алгач муздак суу сунду. Сууну жутуп жиберген жигиттин уйкусу ачыла түшкөнсүдү. Аялзатынын мээримине тойбогон Байэлге Аиданын камкордугу жагып жатты. Тамак ичип болгон соң аял кийинип чыкканча жигит залды кыдырып сүрөттөрдү көрүп, ар кайсы өлкөдөн келген сувенирлерди кармалап жүрдү. Баласын бетинен өөп жаткан Аиданын сүрөтүн көрүп “эх, Байэл, аш менен урган кишини таш менен урмай болдуң го” деди ичинен. Акча деген азгырык бар да. Уят-сыйыт, Кудайдан коркуу дегенди аттап өтүп кетет. Талап-тоноп, уурдап-согуп, улуп-жулууга даяр болуп ач карышкырдай эле кол салууга даяр кылып салат. Байэл кыла турган иши өзүнө пайда деле алып келбесин, ээси айдактап койсо ошол тарапка жүгүргөн бирөөнүн ити болуп жүргөнүн да аңдай элек. Уурда десе уурдайт, саба десе сабайт, өлтүр десе өлтүрөт, отур десе отурат. Бул агым аны бир күнү көргө алып барганда өзүнүн жекелиги жок, айбандан айырмаланбай калганын түшүнөр.

 

Бирде Баханы, бирде Тахирди карап чайды шорулдата ууртап төрдө олуттуу нерсени ойлонуп отургандай Капар. Телефондон көзүн албай берилүү менен футбол көрүп Баха отурат.

 

– Ыя, Тахир, тиги Байэлден дайын жок го. Иш эмне мынча создугуп кетти? Көзөмөлдөп жатасыңбы?

 

– Ооба, шеф, баары пландагандай кетип жатат. Ал азыр тигил аялдын айдоочусу болуп жумушка кирди.

 

– Байка анан, жумушуна берилип кетип, биздин иш экинчи планда калбасын. Бизден оңой кутулууга мүмкүн эмес экенин, анын тынч жашоосу биздин жаныбызда гана болорун мээсине жеткирип кой.

 

– Жок, шеф, ал аябай берилип иштеп жатат. Ал биз ойлогондон дагы көп акча жасайт, көрөсүз го.

 

– Ошондой эле болсун. Сен болсо тиги кампадагы нашалардын эсебин таба бер. Жакында дагы келет. Баха, футболуңду токтот. Айдын аягы болуп калды, жигиттерди ээрчитип алып “доляларды” чогултуп кел.

 

ххх

 

Арс акыркы күндөрү спорттон алыстап, көңүл ачуучу жайларга көп бара баштады. Бүгүн дагы адатынча барга келди. Унаасын коюуга жер издеп жаткан Арс каткырып күлүп бир жигит менен ээрчишип бардан чыгып келе жаткан Аделяны көрдү.

 

– Бул эмне, ичип алганбы?- артынан ээрчий карап ишене албай турду. Аны көздөй басканы менен, жетишпей калды. Бардан чыгып эле тиги жигиттин унаасына отурду.

 

– Баатыр ата жок муну эч ким көзөмөлдөбөй калган го,- деп сүйлөнгөн Арс унаасын от алдырып Аделя отурган машина кеткен тарапка айдады. Унаа түз эле шаардын сыртына чыгып кетти. Арс алардын артынан айдап жүрүп отурду. Аделя унаасын таанып калбасын деп алардан алыс токтоп, өзү капюшонун кийип жөө алар тарапка басты. Тоо тарап тынч болгондуктан экөөнүн сөзү Арска ыраактан эле угулуп жатты. Сыдырым жел менен кобурашкан үндөр Арска даана угулуп, кыздын жигитке жөлөнүп турган карааны үрүл-бүрүл көрүнүп турду.

 

– Болду, жигитиңе жиндене бербечи. Ал болбосо башкасы тургандыр. Андай жигитти чекеден чертип табасың.

 

– Мага мындай мамиле кылып жан дүйнөмө алай-дүлөй салгыдай ал ким өзү? Анын кечириминин мага кереги жок. Кайра-кайра сурай берген кечирими мен үчүн пайдасыз. «Туура эмес кылдым, кечирип койчу, сага көңүл бура албай калдым, кечирип койчу, кабарымды билдиргенге мүмкүнчүлүк болбоду, кечирчи, сени сарсанаа кылдым, кечирип койчу»… Деги эле түгөнбөй койду ушу «кечирип койчусу». Анын сансыз кечирими баарын баштагыга келтире албасын же түшүнсөчү. Кайда, ким менен эмне кылып жүргөнүн билбейм. Дайынсыз болуп кетет да, бир күнү пайда боло калат. Ал мага көңүл бурбаган сайын менин жан дүйнөм ооруп жатат…- кыз Барсбектин көкүрөгүнө өзүн таштап шолоктоп ыйлап баштады. Ичимдик ичип алган неме эмнени сүйлөп жатканын деле билген жок. Барсбекке ичиндегисин болушунча төгүп жатты. Жигит кызды бооруна имере тартып акырын чачтарынан сылады. Бышактап ыйлап жаткан кызды коё бергиси келген жок. Бир саамга үндөбөстөн кучактап тура берди.

 

– Мунусу ким? Эмнеге бул? Экөөбүз бирге өсүп-чоңойдук эле го, маселесин мага айтса болот эле го,- Арс өзүнчө кызганып жатты кызды. Жетип баргысы келди, бирок азыр барганы эч нерсени өзгөртпөсүн түшүндү да, унчукпай отура берди.

 

– Сендей досум болгону кандай жакшы. Кыздар эмне, мага калп эле жагынымыш болуп жүрө беришкени менен, алардын ичинде эмне бар экенин билем. Эч ким мага сендей дос боло албайт, эч ким,- деген кыздын сөзү Арска жага түштү.

 

– Демек, бул сенин досуң. Байэлге болсо таарынычың көп экен,- Арстын ойлогону ордунан чыккансып кымыңдап сүйүнүп алды өзүнчө.

 

– Мен дайыма сенин жаныңдамын. Башкысы, сен ыйлабачы.

 

– Жанында боло калганын мунун,- Арс жигитке жини келди. Ушул учурду Арс колдон чыгаргысы келген жок. Эмне кылса дагы ушуну менен Байэлди кыздын жашоосуна киргизбей турган болду. Байэлди кантип жаман көрсөтүүнүн жолун издей баштады.

 

“Аделяны уурдатуу керек. Ал бул ишти Байэлдин айынан болду деп түшүнүшү кажет. Аделя жоголду дегенди укканда Баатыр ата сөзсүз учуп келет. Мен болсо аларга издешем. Баатыр ата Байэлди өзү жок кылат”. Арс шаарды көздөй ушуларды ойлонуп келе жатты. Планын ишке ашыра алабы, эгер ишке ашса кимдин пайдасына иштейт, аны убакыт көрсөтөр…

 

(Уландысы бар)

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE