Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Кыянат 20 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=13524&preview=true Кызыктуу окуялар.

КЫЯНАТ 

20 болум

 

Байэлди узатып жиберген Аида конок бөлмөгө кирди. Дасторкондо турган коньяктан куюп бир аз ууртап койду.

 

– Мейли, бүгүн чогуу коньяк иче албай калдык. Бирок ал күндөр да алыс эмес,- коньяк куюлган бокалды көтөрүп аял терезени көздөй басты.

 

ххх

 

Чындык менен жүздөшүү ушунчалык оор экенин Маржан тамырынан өткөрүп жон териси менен сезип келе жатат. Таап эле алсам, боорума кысып болгон чындыкты айтар элем деп жүргөн Маржан дале Байэлдин жанына бара албай жүрөт. Эми баягы жазган катын Байэлге жеткире албай убара. Арстан берип жиберейин деген. Бирок Арс менен такыр байланыша албай койду. Эгер Байэлди көрүп калсам, ошол жердеги бир студенттен берип жиберем деген ой менен түш оой өзү Аделянын окуу жайы жайгашкан жерге келди. Күтүп отурганына бир сааттай болуп калды. Байэлден дайын жок. Ал аңгыча окуу жайдын алдынан уулу Барсбекти көрүп калды.

 

– Бул эмне кылып жүрөт бул жакта?- ачуусу келип кетти. Унаадан түшүп уулуна барайын деп, кайра өзүн токтотуп калды.

 

– Мен эмне кылып жүрөм? Сизчи десе эмне дейм?- машинасын от алдырып жүрүп кетти. Ою уулунда калды.

 

– Кең Бишкекте башка кыз калбай калгансып, сен дагы Баатырдын кызын сүйдүм дей көрбө. Биринен кутула албай жатып, бири башталбаса эле болду,- аял унаада өзү менен өзү сүйлөшүп бушайман болуп бара жатты.

 

ххх

 

Аделя сабактан кечирээк чыгып калганына ыңгайсызданып, Байэл келип күтүп калды го деп шашып сыртка чыккан. Чыкса Байэлден дайын жок. Балким, келгендир, мен кечиккенде бир жакка кетип калгандыр деп телефонун жандырып, түшкөн каттарды карап чыкты. Байэлден бир да билдирүү түшпөптүр.

 

– Кызык,- кыздын маанайы чөгө түштү. Аңгыча жанына Барсбек келип калды.

 

– Кандай, окумуштуу? Ушунча кеч чыгасыңбы? Келгениме бир сааттан ашып калды.

 

– Ой, сен кайдан адашып?

 

– Сага келдим. Арт-студияга барып келели деп жатпадык беле.

 

– Мен аны эсимден чыгарып коюптурмун.

 

– Деги сенин оюңда эмне бар? Бас, жүрү, тамактанып алып барып келебиз.

 

Аделя кылчактап эки-жакты карап Байэлди издеп жатты. Көрүп калса дагы ызы-чуу салбасын деген ой келди. Көзүнө илешпеген соң телефон чалып көрдү. Адаттагыдай өчүк.

 

– Уф, качан болбосун өчүк. Өзүңдөн көр,- деди да, Барсбектин артынан басты.

 

– Бир нерсе дедиңби?- Барсбек аркасында келе жаткан Аделяга карады.

 

– Эч нерсе деген жокмун. Сени эле ээрчип бара жатам,- деди кыз билмексен боло күлүп.

 

– Өтүңүз, мадам,- Барсбек машинасынын эшигин ачып Аделяга салонду көздөй кол жаңсады.

 

– Ой, тим эле, сени мага тийиштирип эле койсо.

 

– Эми силерди сыйлаш керек да, кыздын кырк чачы улуу дешет го,- Барсбек унаасын от алдырып кайдадыр жөнөп кетти. Кыз аны дос катары көрөт. Аделя кичинесинен эле эркек балдарга жакын. Бакчада, мектепте балдар менен ойногонду жакшы көрчү. Атасынын досторунун кыздары деле бар, Аделя алар менен эмес, балдары менен достошкон. Кыз үчүн Барсбек деле ошолордун катарында.

 

ххх

 

Байэлге аялдын сунушу чын эле жакты. Аида Байэл үчүн өзү жол салып берип жатпайбы. Аялга жакын болуунун мындан артык кандай жолу болсун? “Жипти айдап, сулуу аялды жандап жүргөндүн эмнеси жаман? Эмнеси болсо дагы Тахир менен бир кеңешип коёюн” деп ойлонгон Байэл Тахир менен жолукмай болду.

 

– Ырас келбедиңби, баягы жер төлөдөгү товарларга кардар чыгып жатат. Жүрү, мени менен барып кел. Жол бою сенин ишиңди да сүйлөшөбүз.

 

Байэлдин келип калганы ага майдай жакты. Тахирге жигиттердин арасынан Байэлден ыңгайлуу өнөктөш жок. Башка жигиттердин Капар менен Бахага жагыныш үчүн ар бир кадамын айтып келгендерин жактырбайт. Экөө Тахирдин унаасы менен жолго чыгып кетишти.

 

– И-и, ошондой дечи… Бир көрүп эле сени айдоочу кылып алгысы келгидей, аны эмне кылып башын айландырып алдың?

 

– Түзгөн план боюнча эле иштеп жаткам. Өзүнөн-өзү эле ушундай болуп баары шыр кетти. Анан дагы 100 доллар берип рахмат айтканы, үйүнө чакыра калганычы,- Байэл кылганына машыркана күлүп калды.

 

– Айдоочу, жардамчы дечи… Жакшы, сенин планыңдан да жакшы кетип жатат бул жагы. Андан көрө сен анын ишеничине кир. Сага мындан аркы картаны өзү ачып берет. Ойлонбой туруп эле макул дей бербейт белең.

 

– Кичине бааланып коёюн дедим да. Каякта иштейсиң дейт. Оюма биринчи келгени дүкөндөргө товар жеткирүү болду.

 

– Даа, Бася, негизи сенин бир нерсең бар. Шефтерге жагып калганыңда эле байкагам. Мага деле оңою менен киши жакпайт негизи, а сени ээрчитип жүрбөймүнбү,- деди Тахир чылымын күйгүзүп жатып. Булардын жанында жүрүп Байэлдин ичиндеги карышкыры ойгоно баштады. Көзү ачылды, көп нерсени түшүнүп билди. Абадан акча жасаганды үйрөндү. Буларга сүңгүп киргени Байэл өзүн жаман жолдо жүргөндөй деле кабыл албай калды. Ага кадимки адал эмгеги менен нан таап жеп жаткандай эле туюлчу болду.

 

Жолдо баратып Байэл Аидага телефон чалып сунушуна макул экенин айтты. Аял муну кубануу менен кабыл алганы анын үнүнөн билинип турду Байэлге.

 

– Атасын көргөндөй эле кубанат го.

 

– Сага кызыгып калганында бир нерсе бар,- Тахир мыйыгынан жылмая башын чайкап койду.

 

– Мени эмне кылсын, элпек бала экен, жакшы жардамчы кылып алайын деп жатса керек.

 

– Жашсың да, жашсың,- Тахир күлүп койду. Бара турган жерине жетип калгандыктан андан ары сөзүн улаган жок. Унаа бурулары менен дарбаза шарт ачылды. Корсулдап иттер үрүп калды. Короонун жарыктары күйүп, аларды көзү жүлжүйгөн толук жигит тосуп алды.

 

– Кызыл скотч менен чапталган коробкадан экини алып чыккыла,- деген Тахир адатынча чылым чегип отурду. Иттердин үнү басылчудай эмес. Багажын ачып баштыктагы эттен эки иттин алдына таштады.

 

ххх

 

Түн бир оокум болду. Аделя дале уктай элек. Байэл болсо өчүк. Ким менен эмне кылып жүргөнүнө күн бою кызыкпаганына кыз өзүнчө бушайман. Кызыл-жашыл болуп боёлгон кийимдерин көрүп кыз аргасыздан жылмайды. Арт-студияга барышса эч ким жок экен. Барсбек экөө кобурашып ар кайсы сүрөттү кызыга карап чоң залды айланып чыгышты. Аделя сүрөт тартып баштады эле, жөн турбай Барсбек ага боёк сүртүп кетти. Кыз ага жооп кылам деп кубалап жүрүп ага сүрттү. Ошентип бири-бирине эрегишип жатып кийимдеринин баары боёк болуп калды.

 

ххх

 

Коробкаларды салары менен Тахир унаасын от алдырып короодон чыгып кетти.

 

– Тиякка-биякка эле ташып калабыз, деги булар эмне?

 

– Ушул суроону берүү эми оюңа келдиби? Экөөбүз канчадан бери ары-бери ташып жүрөбүз. Бир дагы жолу кызыгып сурабаганыңа таң калып жаткам. Сенин ушул ашыкча суроо берип, ар кайсы ишке мурдуңду сала бербеген мүнөзүңдү жактыргам,- деп Тахир күлүп калды.

 

– Наша. Түрмөгө киргизебиз, бүгүндөн калтырба деген. Ошого түнү менен жеткириш керек.

 

– Түрмөгө наша киргизиш оңой элеби?- Байэл таң калганын жашыра алган жок.

 

– Түрмөгө эмнелер гана кирбейт. “Крышаң” болсо колуң баарына жетет. Ал жакта деле кадимкидей жашоо бар.

 

Байэл бир топко унчукпай калды. Жолугуша турган дарекке жетишти көрүнөт. Тахир телефондон бирөө менен сүйлөшүп сыртка чыгып кетти. Аңгыча унааны көздөй эки жигит басып келип баягы коробкаларды көтөрүп жөнөдү…

 

Бир аздан соң колуна бир таңгак акча көтөрүп Тахир унаага түштү. Телефон баскылап отурган Байэлди бир карап алды да, баягы акчадан бир нечесин сууруп алып бардачокко салып, бекитип койду. Байэл отурган калыбынан жазбаганы менен, Тахирдин кыймыл-аракетине көз кыйыгын салып турду. “Демек, сен деле сүттөн ак эмес экенсиң да. Шефтерге сен таза кызмат кылбагандан кийин мен деле…” деп ойлонуп отурган Байэлдин оюн Тахир бузуп жиберди.

 

– Ме, муну ал.

 

Пример HTML-страницы

– Эмнеге?- Тахирдин колундагы 200 долларды көрүп Байэл таң калып калды. Мурда канча жолу мындай коробкаларды жеткирип барышкан, бир дагы жол колуна акча тийген эмес.

 

– Сенин доляң, тим эле чочуйсуң го. Мындай акчаны биринчи көрүп жаткансып, чогултуп жаткан акчаңа кошуп кой.

 

Тахир түн бир оокум болгонуна карабай Капардын хан сарайына барды. Түз эле үйдүн жер төлөсүнө түштү. 6-7 киши бильярд ойноп жатышыптыр. Тахирдин келгенин көргөн Капар кийди коюп, аны көздөй басты. Жакын келгенде үстүгө чыгалы дегенсип баш жаңсап койду. Экөө ээрчишип үстүнкү кабатка чыгып, Капардын бөлмөсүнө киришти.

 

– Баары жайында. Товарды ийгиликтүү жеткирип алдык.

 

– Акчаны толук бердиби?

 

– Ооба, бирок 10 килограммдай карызга сурап жатышат. Тажикстанга чыгарат экен.

 

– Канча убакытка дейт? Аларың баягыдай күттүрүшпөйбү анан?

 

– Сүйлөшүлгөн, чек арадан өткөрүп берсек болду, акчасын дароо колго алабыз деди. Максимум бир айда бүтүрүп беребиз. Чек арадан чыгаргыча убакыт керек экен.

 

– Биринчи партия менен келгендерден калды беле?

 

– Ооба, буларга жеткидей бар.

 

– Анда жакшылап макулдашып ал.

 

Коштошуп Тахир чыгып кетти.

 

– Мамлекеттик маселе чечкендей эле жоголдуң го,- деп күлдү Байэл. Ал ичкери кирбей унаада калган эле.

 

– Шефти билесиң да. Ийне-жибине чейин сурайт го тим эле,- унааны от алдырып, айнегин түшүрүп чылым түтөттү Тахир.

 

– Уйку келди, эртең жумуш күнүм башталат, билесиң да.

 

ххх

 

Аделя түшүнөн Байэл деп кыйкырып чочуп ойгонду. Аябай тердеп калыптыр. Түшүн эстеди. Караңгы жерде жипке таңылып Байэлдин онтоп жатканы көз алдына тартылды. Жетип барып бошотоюн дейт. Буту тушалгандай эч шилтөөгө келбейт. Айласы кеткенде жөрмөлөөгө аракет кылып жатыптыр. Ордунан жыла албай койгондо колун сунуп Байэл деп катуу кыйкырды. Байэл баш буруп бир карады да, көзү жумулду. Аделя ыйлап жатты. Алыстан Барсбек көрүнгөнсүдү.

 

Туруп эле телефонун алып Байэлге чалды.

 

– «Абоненттин аппараты өчүрүлгөн» эле дейт. Каякта, эмне кылып жүрдү экен? Баары жакшы эле болду бекен? Эмнеге мындай түш көрдүм?- кыз терезени караса таң сүрүп калыптыр. Кайрадан уктай алчудай эмес. Үйдөгү машыгуучу бөлмөгө кирип чуркоочу аппаратты иштетти. Байэлдин кыйналып жатканы көз алдынан кетпей жатты.

 

Байэл кеч жатканга уктап калыптыр, турса саат он болуп кетиптир. Тура калып эле Аидага чалды.

 

– Эже, кандайсыз?

 

– Жакшы, Байэл, эмне болдуң, чечимиң күчүндө элеби?

 

– Аида эже, кечирим сурайм сизден. Кечинде кеч жаттым эле. Ойготкуч да жардам бербей калыптыр.

 

– Аа, андай болсо эч нерсе болбойт. Мен баламды бакчага өзүм жеткирип келдим. Шашпай эле келе бер. Тамакка убара болбо, үйдөн ичесиң.

 

Байэл туруп душка түшүп чыгып, экинчи телефонун күйгүздү. Жалаң эле Аделядан келген чалуулар. “Жакшы деле жигит болуп жарытпай калдым” деп өзүн зекиди. Ал азыр сабакта, чалган менен албайт. Байэл болгон ырыстуу кийимдерин кийип жаңы жумушуна жөнөдү. Аял жашаган дарекке жете бергенде гүл саткан дүкөн көзүнө урунду. Эмнегедир токтогусу келди. Кирип 5 кызыл розаны букетке оротуп алды.

 

Аида сүйүүгө кабылган 18 жаштагы кыздай болуп өзүнчө эле күзгүгө улам-улам каранып, коңгуроонун шыңгырашын күтүп жатты. Кыңылдап ырдап алган. Күйөөсү дүйнө салгандан бери анда мындай маанай боло элек болчу. Аңгыча күткөн убакыт келип коңгуроо шыңгырады. Камераны карады. Кызыл гүлдөр көрүндү. Кайра дагы бир ирет караганда Байэл көрүндү.

 

– Охо, гүлдөр,- өзүнчө сүйлөнүп эшикти ачты.

 

– Кандайсыз? Бул менин сизден кечиккеним үчүн кечирим сураганым,- Байэл Аидага гүлүн сунду.

 

– Ой, жөн эле койбойт белең, мен сени каалаган убагыңда кел дедим эле го. Ошентсе да рахмат,- Аида шыпылдай басып вазага суу алып келип дасторконго коюп, гүлдү бир жыттап туруп салып койду.

 

– Тамак жасай албай калдым, пицца буюртма бере салдым.

 

– Убара болбой эле койбопсуз да.

 

– Экөөбүз бири-бирибизге көп убара болобуз эми. Бирок бул убарага кирбейт, мен болгону телефон эле чалып койдум,- аял Байэлди карап жылмайып.

 

Экөө чай ичип бүткөн соң Аида кийимдерин алмаштырып чыкты. Аида баягы Байэл менен таанышкан дарекке айда деди.

 

– Бул сулуулук салону өзүмдүкү. Өзүм бул тармакка жакын болгондуктан күндө келип текшерип, кардарларга кандай кызмат көрсөтүлүп жатканына көз салып турам. Өзүм мурун катардагы кызматкер болчумун. Кийин кыялдар орундалып жеке салонумду ачтым,- Аида жеткенче ушуларды саймедиреди.

 

Күзгүдөн улам артка көз кырын салып, Байэл унчукпай берилүү менен Аиданы угуп, Жиптин ылдамдыгын улам көбөйтүп келе жатты.

 

– Канчада чыгасыз бул жактан?- унаанын арткы орундугунан түшүп жаткан Аиданы карады.

 

– Мен бул жакта төрт жарымга чейин болом. Бас, жүрү, кызматымдан пайдаланып кет. Чачыңды кыркып берейин,- деди Аида унаанын айнегинен Байэлди карап.

 

– Болуптур,- чын эле Байэлдин чачы бир аз иретсиз эле. План боюнча бүгүн эрте туруп кырктырып алам деп ойлогон, бирок кеч ойгонгондуктан кырктырууга убакыт таба албай калган эле.

 

– Кандайсыңар, кыздар?- Аида шайыр-шатман кирип келип эле, фартук кийип бош турган орунду дайындады. Артынан кирип келген кең далылуу, келбеттүү жигит кыздардын көзүнө урунду. Аида жакка бара жаткан жигитти узата карап ресепшнда отурган эки кыз шыбырашып калышты.

 

– Кел, отур,- орундукка отурган жигитке пеньюарды жаап, чачтарын ары-бери сылап көрдү.

 

– Бокс кыла берейинби, сага жакшы жарашчудай.

 

– Кыркып көрүңүз, көрөлү.

 

Аида Байэлдин чачын арыдан-бери кыркып, башын жууп кургатып берди. Кыздар шефинин бул жоругуна таң калып бүтө албай жатышты. Тууганы го деп болжолдоп да алышты.

 

– Мен төрт жарымга чейин бир жакка барып келейин. Эгер жумуш болсо жарым саат эртерээк чалып коюңуз,- Байэл саатын бир карап алып, Жипти зуулдата айдап Аделянын окуу жайына келди. Жанындагы орундукта кызга деп алган гүлү менен кутучаны колго алып кызды алдынан тосуп алып көңүлүн жибитем деп жаткан. Бирок ал ойлогондой болгон жок. Университеттен чыгып келе жаткан Аделяны көздөй жылмая басып келе жаткан Байэлди кыз көрүп турса дагы көрбөгөндөй мамиле жасап, алдына келип токтогон Айбектин машинасына отуруп алды. Байэл Аделя отурган эшикти ачууга кол сунганда унаа ордунан жылып жөнөп кетти. Жашка буулуп турган кыздын көздөрүн жигит даана көрдү.

 

– Таарынганга акың бар. Колумда турган сени күтө албай койдум,- унаадагы телефонуна жетип кызга чалайын деп келе жаткан Байэлдин жолун бир мектеп окуучусу тосту.

 

– Байке, сизге муну берип жиберишти,- ак кагазды сунду.

 

– Турчу биякка, сени менен ойногонго убактым жок,- баланы далыдан кармап четке түрттү.

 

– Байке, алып коюңузчу, чын айтам, сизге берип жиберди.

 

– Ким?

 

– Бир аял,- бала калп айтты. Андан катты алып костюмунун чөнтөгүнө салып койду. Унаага отуруп жатып жолдун аркы бетинде Арстын унаасы ордунан козголуп жүрүп кеткенин байкап калды…

 

(Уландысы бар)

 

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE