Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Кыянат 15 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=13524&preview=true Кызыктуу окуялар.

КЫЯНАТ 

15 болум 

Байэл Тахирдин айткандарын ойлонуп залды көздөй баратты. Оюнан эч эле кетпей койду. Кыялданганы көп акча. Залда балдар машыгууну баштабастан топтолуп турушуптур. Кирип келген Байэлди Арс жекире карап койду. Аңгыча Алмаз топтолуп турган балдарды көздөй басты. Түрүнө караганда олуттуу кабары бардай.

 

– Балдар, мен кетип жатам.

 

– Каякка, агай?- бир ооздон баары сурап жиберишти.

 

– Келишим менен 3 жылга Дубайга кетип жатам.

 

– Бизчи?

 

– Силерди мындан ары Эрмек агайыңар машыктырат. Келсең, Эрмек,- олбурлуу, жашы 30дан ашып калган жигитти чакырды.

 

– И-и, балдарыңыз калбайбыз дейби?- күлө сүйлөдү.

 

– Бири-бириңерге бөтөн эмессиңер. Баарыңар таштап салбай, кадимкидей спорттук карьераңарды уланткыла. Машыгууңарды баштагыла, ансыз да убактыңарды кармадым.

 

Агайы менен коштошуп балдар шалдырай бурч-бурчка туруп калышты. Алмаз бул сапарды көптөн бери күтүп жүргөн. Буга чейин да эки-үч курдай чет жакка барып ишин улантууга аракет кылып көргөн. Бирок каалагандай болбой жаткан. Мына эми көздөгөнүнө жетип, Дубайга сапар алып отурат.

 

Оокат-кечесин жыйнап бүтүп калган маалда Алмаздын бөлмөсүнө Байэл баш бакты.

 

– Кел, Байэл.

 

– Агай, ушуну менен 3 жыл көрүшпөйбүзбү?

 

– Мен келип-кетип турам. Балким, силер дагы беттешке барып каласыңар дегендей. Мен сени Эрмекке дайындап кетем. Мурдагыдай эле бекер машыгасың.

 

– Ал жагынан деле сарсанаа болгон жокмун.

 

– Байланышып турабыз.

 

– Качан учасыз?

 

– Баары даяр болуп калды. Эртең төрттөрдө.

 

ххх

 

Чылымды тумандата түтөтүп тапчанда эки киши отурат. Кимдир бирөөнү күтүп жатышкандай. Аңгыча дарбаза шарт ачылып, кечээги Байэлге барган кара Mercedes-Benz E-class короого кирип келди. Тахир унааны токтотуп, жерге түшөрү менен чөнтөгүнөн алып чыгып, чылымын тутантты. Бир-эки кере соруп алып, Капар менен Баха отурган тарапка жөнөдү.

 

– Салам алейкум!

 

– Кандай келдиң? Товар жакшы жеттиби?

 

– Жакшы. Баары жайында.

 

– Иттердин тамагын ала бардың беле?- Баха капталдан чыкты.

 

– Ой, Баха, иттериңди ойлоп жүрөсүңбү?- Капар күлүп калды.

 

– Ооба, алып бардым.

 

– Байэл мал боло турганбы?

 

– Болбой анан.

 

– Тамырын тарта алдыңбы?

 

– Айтканды аткарчудай жигит экен. Бизге бат эле сиңип кете турган.

 

– Көргөндө эле байкалган.

 

– Кыскасы, жарайт. Физикалык жактан да мыкты экен.

 

Сыягы, Байэл булардын сынынан өттү көрүнөт. Үчөө утур-утур чылым түтөтүп узун сөзгө кирип кетишти.

 

ххх

 

– Болот, сага бирөө чалып жатат,- Маржан Болотко телефонун алып келди.

 

– Алло, алейкум салам. Аа, Алмаз, сенби?

 

Алмаз дегенди угуп Маржан каалганы толук жаппастан туруп калды.

 

– Макул, берейин. Кандай кылып алып кетесиң?- дегенин угуп бөлмөгө кайра кирип келди Маржан.

 

– Ким экен?

 

– Алмаз, Дубайга кетип жатыптыр. Бир аз акча сурады. Кайра салып жиберем дейт. Үйгө келип алып кетет.

 

Маржан дароо уулун ойлоду. “Алмаз кетсе таппай калбайын. Бир барып жүзүн көрө албай жүрөм” деп өзүнө жини келип кетти. Бир жакка кетем деп турган Маржан үйдө Алмаздын келишин күтмөй болду. “Эми дагы таппай калбайын дайынын. Алмаздан маалымат алайын” деп ойлонду ичинен. Бир саатка жетип-жетпей коңгуроо шыңгырады. Маржан дарбазаны көздөй жөнөдү.

 

– Ой, кел ай, кандайсың? Жакшы турасыңарбы?

 

– Жакшы, жеңе. Өзүңүздөр жакшыбы?

 

– Жакшы, келип турбайсыңарбы үйгө.

 

Болот кире бериштен тосуп алды. Ал-акыбал сурашып болгон экөөнү Маржан чайга чакырды. Дасторконго келип отурганда Маржан астыртан суроо узатты.

 

– Канча убакытка кетип жатасың?

 

– 3 жыл, жакшы болсо андан да узак болуп кетет.

 

– Машыктырып жүргөн балдарың эмне болот?

 

– Залды башкага өткөрүп бердим. Балдар ошол жакта эле машыга беришет.

 

– А жакшы.

 

– Иштеп ал жакты да көрүп кел. Балким, үй-бүлөңдү жаныңа алып кетесиң,- деди Болот.

 

– Дарегин жазып койчу мага. Барсбек спорт менен алектенип баштасабы дедим эле.

 

– Шаар ичинде эле. Так даректи жазып жиберем. Барып турсун, машыктыруучуга дайындап коём. Мен жөнөйүн, эртең учам. Убактым тар. Апамдар да үйгө келишмек.

 

– Кайра кайтарганга шашпа, жакшылап орун-очок алып ал,- Болот конвертке салынган акчаны Алмазга берди.

 

– Рахмат жок дебегениңиз үчүн.

 

– Болсо, берип турганга эмне жетсин? Жардам керек болсо тартынбай кайрылып тургула. Колдон келген жардамды аябайбыз.

 

– Акчам болору менен кайтарам.

 

Болотко ыраазы боло коштошуп, үйдөн чыгып кетти.

 

ххх

 

– Арс жазбай калдыбы?- жигит тынчсызданып жаткан суроосуна жооп алгысы келди.

Пример HTML-страницы

 

– Жок,- деп бурк этти Аделя.

 

– Жазчу болсо таарынбасын.

 

– Айтпадымбы, жазбайт болду,- экөөнү эрегиштирбейин деп Аделя калп айтты. Арс тындырбай эле чалып да, жазып да жатат. Бүгүн эле үйүнө келип кеткен. Маанайы чөгө түшкөн Аделянын чачтарын сылап, колун бекем кармады Байэл.

 

– Мага таарынбачы. Билесиң, сени жоготуудан корком. Менин сенден башка кимим бар? Эч кимим жок. Жашоомдо жалгыз сен барсың. Сени менен жашоом көрктүү болуп жатпайбы. Анан кантип сени кызганбайм?

 

– Мушташып эмес да бирок,- Аделя Байэлди аяп карап койду да, бат эле жылмайып маанайын көтөрүүгө өттү. Колунда кармап келе жаткан бөтөлкөдөгү суудан алаканына куюп, Байэлдин моюнуна чачып жиберип каткырып күлүп качып кетти. Селт эте чочуп кеткен жигит Аделянын артынан чуркады. Кууп жетсе өзүнө да суу чачарын билген кыз таштандыларды жүктөп жанынан өтүп бараткан КамАЗга бөтөлкөнү ыргытып салды да туруп калды. Жигит жетип келип кызды көтөрүп алды. Ушуну менен экөө өткөнкү таарынычтарын жоюшкандай жакшы сүйлөшүп калышты.

 

– Аделя, мага уруксат бересиңби? Кетишим керек,- жигит саатын карап.

 

– И-и, эмнеге эрте?

 

– Алмаз агай…

 

– Дагы Алмаз агайбы? Кыз мурчуңдай түштү.

 

– Андан кутулдум дей бер, Дубайга кетип жатат. Бүгүн учат. Узатып, коштошуп коёюн.

 

– Аа, түшүнүктүү. Анда кечинде сүйлөшөбүз.

 

Алмазды узатканы Байэл да аэропортко барды. Сактап жүргөн акчасынан 5000 сом алып алыптыр. Агайы менен коштошуп, ыраазычылыгын билдирип колундагы акчаны сунду.

 

– Ой, жөн, бул эмне кылганың?

 

– Чай ичип коюңуз. Сиздин мага кылган жакшылыгыңызды эч качан унутпайм.

 

– Рахмат,- деп Алмаз акчаны алды. Албай койсо Байэл басынып, жаман абалда каларын билди. Анын үстүнө Байэлде чогултуп жүргөн акчасы бар экенин билчү. Жигиттин дердеңдеп сүйүнө түшкөнүн көрүп Алмаз да кубанды. Кантсе да колунда жүрүп баласындай болуп калбадыбы. Ошентип Алмазды Дубайга узатып баргандар шаарды көздөй сапар алышты.

 

ххх

 

Кечкурун Байэлге Тахирден чалуу келди. Байэл шапа-шупа кийимдерин алмаштырып, сыртка жөнөдү. Унаа эшиктин алдында токтоп туруптур. Байэлди салып алып кайдадыр жүрүп кетти. Байэл эч кандай суроо бербестен бара берди. Бул сапаты Тахирге абдан жагып жаткан. Азыр да бул сапатын баалап жатты. Экөө бир бийик тосмолуу короого кирип келишти. Байэл короодо турган унааны жазбай тааныды. Унааны караганча ары жактан Капарды көрдү…

 

 

– Куш келдиң, баатыр!- Капар эшик алдындагы топчанды көздөй басты.

 

– Салам алейкум,- Байэл жетип келип салам берди.

 

– Өткүлө.

 

Баары топчандан орун алышты.

 

– Байэл, сен эми биздин курамдын бир мүчөсүсүң. Эрежелер менен таанышып ал,- алдына тиркелген барактарды таштады Баха.

 

– Бизде ич ара мыйзамдар бар. Аларды сакташың керек. Калганы өзү менен өзү кете берет. Тахир азырынча сенин жол башчың.

 

Байэл колундагы барактарга үңүлүп отуруп калды. Колуна минтип кагазга чыгарган эрежелерди берерин эч күткөн эмес.

 

– Аны өзүң менен алып ал, кеттик.

 

Байэл Тахирди ээрчип жөнөдү. Экөө өткөндөгүдөй коробкаларды машинага салышты да, сыртка чыгып кетишти.

 

Түн ооп калганга көчө унаалардан бошой түшкөн. Унаа даңгыр жолдо зуулдап жүрүп отурду. Интернет аркылуу батир сатууга кызыгып калган Байэл ошол тууралуу сурап келе жатты. Тахирге ушинтип аны жогору сезип турган учур жагат. Бакылдап сүйлөп, интернетке жарнама жайгаштырганды көрсөтүп келе жатты. Байэлге эсеп ачтырмай болду эртең.

 

Экөөнүн сөзү кызуусуна киргенде баягы тааныш дарекке жетип келишти. Тахир телефон чалары менен дарбаза ачылды. Машина ичкери кирип, өткөнкүдөй коробкаларды жер төлөгө ташып түшүрүштү. Өткөнкү коробкалар жок. Жер төлө бошоп калганын көрдү Байэл.

 

Үйдөн далдайган жигит чыгып, Тахирди көздөй басты. Учурашып колундагы таңылган жашыл акчаны Тахирге тапшырды. Тахир боорундагы сумкага салды да, унааны көздөй басты. Машина дарбазадан чыгып жолго түштү. Экөө бир топко үн-сөзсүз өз ойлору менен алек болуп калышты. Тахир бир кезде Байэлдин уктап калганын көрдү. Жайына койду, качан гана батирине жетип калганда ойготту.

 

ххх

 

Байэл адаттагыдай эртең менен залга жөнөдү. “Агай жок эми машыгуулар кандай болор экен? Бүгүн Тахирге жолугуп ишти баштап көрүшүм керек. Биз жеткирген коробкалар эмне болду экен?” Айтор, ар нерсенин башын ойлонуп жатып залга кандай жетип калганын билбей калды. Байэл кийинүүчү бөлмөдөн чыгып келе жатып Арска учурап калды. Көздөрүндө октору болсо бири-бирин атып салчудай эле карашты. Экөөнүн ортосундагы тирешүү да күндөн-күнгө чыңалып бараткандай. Экиден, адаттагыдай өз алдынча ар бири ар бурчта иштеп жатышат. Балдардын көбү келиптир. Көнүп калганга Байэлдин көзү акырын агайын издеди. Жаңы машыктыруучусу Алмаз агайындай анын келгенине көңүл да бурган жок. Андыктан өз алдынча машыгууну баштады.

 

Ушул тапта зал жайгашкан имараттын алдына Маржандын унаасы токтоду. Ал Алмаз жазып жиберген дарек боюнча келе жаткан. Акырын басып залга кирип, ооздогу отургучка отуруп калды. Кызуу машыгып жаткан балдар аялдын келгенин байкашкан жок. Аял астыртан балдарды карап жатты. Грушаны дембе-дем согуп жаткан балага көзү токтоду. Баатырдын жаш кезин көргөндөй болду. Дал эле Баатырдын өзү менен сүйлөшүп жүргөн кезин көрүп турду. “Мына ал, мына” деп кайталап сүйлөй берди. Жер кыдырып издеп жүргөн уулу көз алдында турат. Жетип барып кучактап, кеч болсо дагы кучагына алгысы келди. Бирок даабады… Жүрөгү дикилдеп бат-баттан согуп жатты. Сыртка чыгып кетүүнү ойлоп ордунан турайын деди эле, көзү караңгылай түштү. Турууга дарманы келбеди. Эне катары кандайдыр жакындыкты сезип турду. Бирок эмне кыла алат? Жанына барып эмне дейт? “Ушунча жыл кабарыңды албаган энеңмин, эми келдим” дейби? Алыстан карабаска аргасы жок…

 

– Эже, сиз кимге келдиңиз эле?- деген үндөн өзүнө келе түштү Маржан.

 

– Бул залга кичинекей балдарды алат бекен, билгени келгем,- деп жиберди. Башынан эле ойлоп келе жаткан бул жоопту.

 

– Жок, эже, бул жакта жалаң чоңдор машыгат,- деген жигит ары басып машыгуусун улантты.

 

Акырын эки-үч жолу сүрөткө тартып алды. Бул жерде канча отурбасын уулуна азыр жолуга албасын билди. Көргөнүнө каниет кылып сыртка жөнөдү. “Кандай болбосун Баатырга айтышым керек. Болотко эмне деп айтам? Уулум деп кучактап маңдайыңдан жыттай аламбы? Кечирер бекенсиң?” Маржан чубалжыган ойлордун сазынан чыга албай жатты. Көйгөйү кайнап төгүлүп жатса да өз ичине сактап башкаларга айта бербеген жаны муну кантип айта салат? Чоң сырга айланган бир учурдун катачылыгы өмүр бою аны коштоп келе жатат. Эми дагы канча сактайт, аны убакыт көрсөтөт. Бирөөнүн сыры болсо бир жөн. Бул сырдын каарманы өзү болуп жатпайбы…

 

ххх

 

Байэл түш оой Тахирге жолукканы жөнөдү. Сүйлөшкөндөй эле экөө барып Байэлге бир нече банктык эсеп ачтырышты. Батирлердин сүрөттөрүн ар жактан чогултуп топтоп жасап чыгышты.

 

– Кирешеден бөлүшөсүң да,- берилип сүрөттөрдү карап жаткан Байэлге кайрылды Тахир.

 

– Албетте, биринчи киреше болсун.

 

– Болот, бирок айына бир эле иш жаса. Анан акчага кызыгып кетип кызылдардын кылтагына илинип калба. Алардын бир тизмесине түштүң дегиче биздеги сага болгон мамиле өзгөрөт. Сага берген кагаздан окудуң да бул боюнча.

 

Байэл унчукпай ойлонуп калды. Себеби ал кагаздар үйгө барган бойдон кыймылдабай турган. Аңгыча Тахирдин телефонуна чалуу келип, сүйлөшүп калды. Байэлге “макул” деген эле Тахирдин жооптору угулуп жатты.

 

– Капар байкелер чакырып жатат.

 

– Азыркыгабы?

 

– Кеттик. Кечинде бир иш бар экен.

 

Экөө баягы хан сарайга келишти. Бул жер алардын кеңсеси деп койсо болот. Иштин баары ушул жерде сүйлөшүлөт. Эшиктин алдындагы бассейнди тиктеп бир колуна чылым, бир колуна теспе кармап Капар отурат.

 

– И-и, келгиле.

 

Жигиттер саламдашып жанына туруп калышты. Бирөөнү күтүп жаткандай Капар унчукпай чылым чегип отура берди. Аңгыча Баха бир жигитти ээрчитип келип калды. Аларды көрүп Тахир кетирейинби деп көзү менен Байэлди көрсөттү эле, Капар башын чайкап койду.

 

– Баха, бүгүн Жайдардын маселесин чечип бергиле. Баягы машиналардын акчасын ала албай жүрүптүр. Чыңгыз тоготпой жаткан көрүнөт, кыязы. Милицияга арыздана албасын билет да. Биз аркасында турганыбызды эске албай калса керек. Бир эсине келтирип койгула. Акчаны толук кайтарганча тыкыр көзөмөлдөп тур, Баха. Балдарды даярдап ал кечкиге. Дымактуу неме тиш кайрайм десе керек.

 

– Түшүндүм.

 

– А, баса, Байэл, тиги машыктыруучуң Дубайга кеткенин уктум. Ал эми ошол жактагы иштери менен алек болот да. Сен биздин залга которул. Өзүңө жакшы болот. Бизге да ашыкча маселе жаратпай.

 

– Мм. Ал жакта беттеш пландалып…- Байэл оозун жыйып алгыча Баха жооп бере салды.

 

– Андан коркпо. Айтпадык беле, беттешке чыгуу жагынан маселе болбойт. Андай беттештин далайына чыгасың. Биздин беттештерде сен кармап көрө элек акчалар ойнойт. Куру мушташкандан сага эмне пайда?..

 

– Болуптур,- деди акчанын изине түшүп алган неме. Акчага катуу берилип баратканын Байэл өзү байкабай калды. “Курсагымды тойгузганга эле акчам болсо” деп жүргөн жигит убакыттын өтүшү менен өзгөрдү. Ал эми кандай жол менен болсо да байыгысы келип жатты.

 

– Тахир, муну залга табыштап жайгаштыр. Беттеш боюнча мен сүйлөшүп коём,- деген Баханын беттештин үстүнөн да акча өнөп калгысы келди.

 

– Макул, шеф.

 

Байэл толугу менен булардын карамагына өттү. Кандай калчайт, өздөрү билишет…

 

(Уландысы бар)

 

 

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE