Пример HTML-страницы

Кыямат күнүндө

https://kyrgyzcha.site/?p=4737&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

КЫЯМАТ КҮНҮНДӨ ҮЧ ТҮРДҮҮ АДАМ СУРАККА АЛЫНЫП КЕЛИНЕТ:

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салавты болсун) минтип айткан:

❗️»Кыямат күнүндө үч түрдүү адам суракка алынып келинет:

1⃣ Биринчиси, бул дүйнөдө шариат илимин алып башкаларга үйрөткөн аалым. Ага Бейиштеги ал үчүн даярдалып коюлган нээмат-белектерди көрсөткөн соң, андан: «Сен кайсы амалың үчүн ушундай сыйга татыктуу болдуң»? — деп суралат. Ал: «Мен шариат илимин үйрөнүп, Аллах үчүн аны башкаларга үйрөткөнмүн» — деп жооп берет. Ошондо ага: «Сен жалган айттың, шариат илимин башкаларга үйрөтүүдө адамдар аалым экен деп макташсын деген ниетте болгонсуң. Сен ошол ниетиңе жеттиң. Чындыгында адамдар сени макташты. Эми сенин бара турган жериң Тозок» — деп айтылат да, периштелер аны тозокко алып кетишет.

2⃣ Экинчиси, Аллах жолунда урушка чыгып, кайтыш болгон адам. Ага да, Бейиштеги нээмат-белектери көрсөтүлгөн соң, андан: «Сен кайсы амалың үчүн мындай соопко жеттиң»? — деп суралат. Ал: «Мен Аллах жолунда урушка чыгып, шейит болгонмун» — деп жооп берет. Ошондо ага: «Сен жалган айттың. Урушка чыккан мезгилде, адамдар баатыр экен деп макташсын деген ниетте болгонсуң. Сен ошол ниетиңе жеттиң. Чындыгында, адамдар сени баатыр экен деп макташты. Эми сенин барчу жериң Тозок болот» — деп айтылат да, периштелер аны Тозокко алып кетишет.

3⃣ Үчүнчүсү, баардык байлыгыны муктаж адамдарга тараткан адам. Ага Бейиштеги нээмат-белектери көрсөтүлгөн соң, андан: «Сен кайсы амалың үчүн мындай соопко жеттиң»? — деп суралат. Ал: «Мен Аллахтын ыразылыгы үчүн байлыгымды башкаларга таратканмын» — деп жооп берет. Ошондо ага: «Сен жалган айттың, байлыгыңды тараткан мезгилде, адамдар мени берешен экен деп мактасын деген ниетте болгонсуң. Сен ошол ниетиңе жеттиң. Чындыгында, адамдар сени макташты. Эми сенин бара турган жериң Тозок» — деп айтылат да, периштелер аны тозоко алып кетишет».
?(Муслим).

✔Бул хадистен биз билебиз: Бардык иш-амалдарды Аллахтын гана ыраазычылыгы үчүн кылуу керектигин. Албетте кылып жаткан иш-амалдар Куран-Сүннөткө дал келүүсү кажет.

❌Кээ бирөөлөр чын ыкыласы менен кылып, бирок Куран-Сүннөткө дал келбеген болуп калат.

❌Ал эми башкасы Сүннөттү кылып, бирок анда чын ыкыластуулук жок болот. Бул экөөнүн тең амалдары Аллахтын алдында кабыл болбойт.

?Чын ыкыластуулукка далил:

«Алар бардык ибадаттарды калыс Аллах үчүн гана кылууга, андан (жеке кудайга сыйынуудан) башка динден жүз бурууга, намаз окууга, зекет берүүгө буюрулушкан эле жана дал ушул гана Туура Дин!» (Баййина сүрөсү, 5 аят).

?Ал эми Сүннөткө далил:

«Айт (эй Мухаммад): «Эгер Аллахты сүйчү болсоңор, анда мени ээрчигиле. (Ошондо гана) Аллах силерди сүйөт жана күнөөңөрдү кечирет. Аллах — Кечиримдүү, Мээримдүү». (Аалы Имран сүрөсү, 31 аят).

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE