Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Кыргызстандык циркачтар Нур-Султандагы эл аралык фестивалдан байге менен кайтышты. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Токмок шаарынан чыккан циркач балдар эл аралык фестивалда алдыңкы орундарды ээледи.

«Аят» акробаттар тобунун жетекчиси Фархат Төлөковдун айтымында, дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүнөн келген бул мелдеште 100дөн ашуун акробат күч сынады.

«Нур-Султан шаарында өткөн «Азия жаңырыгы-2022» XIII эл аралык цирк искусствосунун фестивалында Кыргыз мамлекеттик циркинин артисттери эки коло байге жана атайын сыйлыктарды жеңип алдык. Фестивалга Франция, Израиль, Венгрия, Моңголия, Вьетнам, Россия, Беларусь Республикасы, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Кыргызстандан жана башка өлкөлөрдөн келген 100дөн ашык артисттер күч сынашты. «Аят» тобундагы акробат шамдагай жигиттер биринчи коло байгеге жана көрүүчүлөрдүн атайын сыйлыгына ээ болушту.

Ал эми Алмаз Алжанов жетектеген «Алмаз» жонглёрлор тобу экинчи коло байгени жана Венгрияда боло турган фестивалга жолдомо утуп алышса, Чымкент циркинин атайын байгесин «Sky» акробат дуэти жеңип алды», — деди ал.

Фархат Төлөгөнов машыгууну 10 жыл мурун Чүй айылындагы эски имаратта баштаган.

«Биздин топтогу 3 бала Токмоктон болобуз. Чүй айылындагы мечиттин жанында эски имарат бар. Ошондо 7 жыл машыктык. Ал эми Кыргыз мамлекеттик циркинде иштеп жатканыбызга 3 жыл болду. 2021-жылы дүйнөлүк мелдешке 30 мамлекеттен циркачтар катышып, биздин «Вертикальные мачты» номерибизди жактырып калып, Европадагы №1 «Флик-Фляг» аттуу циркке келишимдин негизинде чакырышкан. Ал жерге оӊой менен циркачтар бара албайт. Ошол жерде 1 ай иштеп келдик», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE