Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Кыргызча анекдоттор

Эх чөнтөкчү

Чөнтөкчүнү катуу бараткан машина уруп кетти. Токтогон да жок. Кыйкырык, чуу. Бир аял: «Мен номерин көрүп калайын деп жакшы эле аракеттендим, бирок ушунчалык катуу кетти!» Анда араң жаткан ууру: оозун араң кыбыратып: «Анын намыяны менин чөнтөгүмдө!» дептир.


Түн ичинде мас эркек үйүнө жолдошун ээрчитип келет. Баары уйкуда. Тигил үйүн көрсөтө баштайт: «Бул-мейманканам, бул-жатаканам, бул керебетибиз, тигил жаткан- аялым, жанындагысы-менмин…»


эки дос

кара-суулук эки дос машинасында баратып зеериккенден адырда оттоп жургон эшекти коро калып досум аяш бул жакта журотго десе досу айтып койот аяшындын куйругу узунураак болчуу


апенди

бир куну апенди жолдон кузгу таап алат да бул сакалы оскон чал мага окшош экен дептир


Гастарбайтер Тажибай

Роосия шаарында стройкада иштешкендер Тажибай,сарт ха гастарбайтерлерда ,кыргыз , ,карочи баары бар екен ,иштеп жатышса еле бир тажибайдын башына кирпич тушуп кетсе ,шеф келип кантип не болуп тушуп кетти объясните мне деп кыйкырса ,бечера тажибайлар орусча билишпей коздорун жалдыратышыыыып ,не кылсын ха билбесе , айталбай турса арасынан бир кыргыз чыгып ,айтып жатат дейт;слушай Тажибай здесь был,кирпич там был ,когда кирпич здесь был,тажибай пиздес был .деген


Улгайган сантехник

Сантехник бир келиндин уйуно суу киргизип бутут, акчасын сурайт.
— Бул жумуштун баары биригип 2000 сом болот.
Тиги келин халатын алып салып.
— Эмичи? десе.
— Дагыле 2000 сом.
Устунон баардык кийимин алып салып.
— Эмичи? десе.
— Дагыле 2000 сом.
Акчасын алып Пивной барга барып, 2000 сомду столго коюп.
— Мага ушунун баарына пиво бер десе.
Бармен — Аксакал эмне анча.
— Керек болгондо ойгонбогон, эми сийип жата берсин. дептир.


«Правильный» эркек

Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт… Бирөөсү айтат: — — Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы…
— Анан? дейт тигилер
— Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур….
— Ии, анан?!…
— Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы… Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт….
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
— Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат…
— Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши…
— Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
— Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт…


бир келин жаны турмушкка чыканда

бир келин жаны турмушга чыгат экен ал келин аявай чарчап кичине эс алып алайын деп жатат экен ал тушундо олуп калат оо дуйного барганда жакшы жана жамандык кылгандарын таразага салып текшерсе эко тен чыгып калат экен анан аны алла-таала сени 1себеп м.н кайра кайтарам дейт экен адам.дан башкасын ат-же,тоок анан ал келин ойлонот экен ат болсом мени минип иштетет андан коро тоокту тандадым дейт анан алла-таала тоок болдун дейт экен ал келин тоок фирмага келет экен ал фирмада тооктор аявай ызуучу б.т экен жанындагы тооктон сурайт бул жерде эмне болуп жатат дейт жанындагы айтат жумуртка тубаган-дын башын алып акарачкага сатып жатат дейт анан жанагы келин ойлойт кой анда мен жум-ка туйун деп ыйынат экен анан бироо котуно шапалак менен бир чаабат чычып койдун дейт экен


Эркектер

Бир аксакал кемпирин жаным, алтыным деп чакырат экен.
Ага таң калган бир жаш жигит:
-Сиз ушуга чейин ушинтип эркелетесизби, десе
-Ээ балам, кемпирим укпасын, атын унутуп калганыма эки жыл болду дейт имиш…


галстук менен бобочканды кара!

Бир киши ото ашыкча семирип кетет;Доктурга барса 2дары берет.бироосун бир жума ич экинчисин экинчи жума улант дейт.экоон тен ичип, арыктап, терилери саландап калат.Доктурга барат да байке бу терилерди не кылабыз дейт.Анда врач тамандан ойдо терисин сыдырып чокусунан артканын кыркып тигип салатда коз мурун ооз тушунан тешип коёт.караса терилери жып жылма рахматын айтат да кузгу сурайт.караса киндик бешенеде турат.оой киндикти не кылабыз десе,доктур ал эч нерсе эмес тиги галстук мн бобочкан ойго салыпатат дептир.


Тиш доктор

Мамыт тиш доктордон аябай коркот экен.
Тиши ооруса да коркуп барбайт экен.
Тиш доктордон коркконун достору баары билет экен.
Бир күнү Мамыттын тиши аябай ооруп, айласы кеткенден тиш докторго барууну чечет экен.
Тиш докторго барып кайтып келе жатса, Мамыттын сүйүнүп келе жатканын достору көрүп сурашат экен:
— Мамыт, сен тиш доктордон коркот элен, мынчалык сүйүнүп келе жатасын?
анда Мамыт:
— Барсам тиш доктор ордунда жок экен…


түнү менен кайда жүрдүн?

Күйөөсү үйүнө мас болуп келип, эшигин ачалбай,
ачкычты салган бойдон уктап калат.
Эртен менен аялы жумушка барайын десе эшик ачылбайт,
каккыласа, күйөөсү:
— ким, дейт,
аялы:
— мен, ач эшикти, десе
күйөөсү:
— түнү менен кайда жүрдүн?, деп коет.


анда рекламасын да кылба …

Жаш, сулуу катчы кыз акыркы күндөрү аябай кыска, ачык кийине баштайт. Өзгөчө, ал кыз басканда жаш директордун жүрөгү опколжуп чыкчу болот. Бир күнү директор өзүн кармана албай, кызды бөлмөсүнө киргизип эшикти бекитип, кызга отуруусун буюрат. Катчы кыздын отурган абалын карап, директордун көздөрү чанагынан чыкчудай болот. Кызга жакын келип, колун анын тизесине коюп:
— Бул саткылыкпы?
— Жок, албетте. Сиз мени ким деп ойлоп жатасыз?
Директор кебелбей:
— Эгер саткың келбесе, анда рекламасын да кылба…


эркектер

кундордун биринде грип кучоп турган кезде гнекологдун ангинасы кармап тамагы буто баштайт аялына бугун ишке барбай еле койойунчу десе кой бар деп жонотуп жиберет екен гнеколог ишинде отуруп бир женщинанын ушасына секиин келип айтат екен бугун аялым ишке зордуктап жонотуп жиберди неге десе сиз келет турбайсызбы так что чечининиз дейт екен


Өмүрбек Бабанов

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов аптекага кирет.
—Чоң кыз, мага ач көздүктүн дарысын берип коёсузбу?
—Канчаны берейин, Өмүрбек Токтогулович?
—Болушунча көбүрөөк, болушунча көбүрөөөөөөөөөк!!!


Баатыр эне

Мамлекет тарабынан 7 балалуу болгон энелерге баатыр эне деген наам берилип ар кандай женилдетилген мүмкүнчүлүктөр бериле турганы айтылат.
Алты балауу болгон аялы менен күйөөсү ошол мүмкүнчүлүктөн пайдалангысы келип дагы бир балалуу болууну калашат. Бирок эч эле балалуу боло алышпайт.
Анда күйөсү аялына болгон чындыкты айтат:
-Менин башка жакта бир балам дагы бар, ошол баламы алып келсем 7 балалуу болуп сен батыр эне болосун, дейт
Аялы макул болуп кубанат.
Күйөөсү баласын алып келгени кетет. Күйөөсү баласын үйүнө алып келсе 6 баласы да жок экен,
Аяланын сураптыр:
— Балдар кана, алтоо тең жок ко?
Анда аялы жооп бериптир:
— Аларды да аталары алып кетип калды.


Карыздан кутулуу

Бир жигит досунан 100 000 сом карызга алат экен, бир жылдан кийин 20 процент кошуп 120 000 сом кылып берем дей экен.
арадан бир жыл өтүптүр, досу жигитке келип сүйүнүп сурат экен,
— Досум арадан бир жыл өттү, эми акчамды проценти менен кошо бер деп
жигит досуна ишинин жакшы болбогондугун айтып 5-6 ай дагы убакыт бер дейт экен
арадан 5-6 ай өтүптүр, досу жигитке келип дагы сурайт экен,
мурунку эле жоопту алыптыр:
— Ишим жүрүшпөй жатат, 5-6 ай дагы убакыт бер, дейт экен
досу:
— Досум процентин албай эле койдум, 100 000 сом алган акчанды эле бер, дептир.
жигит аны да бергенге акчасы болбогондукугун айтып досун 5-6 айдан кийин берейин дейт экен.
арадан дагы 5-6 ай өтүптүр, досу жигитке келип 100 000 сом карызын бер дейт экен, жигит дагы деле ошол эле шылтоону айтып акчам жок иштерим жүрүшпөй жатат дептир, досу карызын толук алалбашын сезип жок дегенде 80 000 сомун алайын деп, досуна:
-мейли, 100 000 сомдун баарын албайын, 80 000 сомун бер анда дептир,
жигит 5-6 айдан кийин келгенде 80 000 сомун берерин айтып жөнөтөт.
5-6 ай өтөт, досу жигитке келип 80 000 сомун бер деп сурайт, мурунку эле шылтоо, акча жок деген, досу жигитке жини келип ар келгенде шылтоо айтып жөнөтө бересинби дептир,
Жигит анда айтыптыр:
— Досум бираз сабыр кылып күтө турчу, акырындык менен карызындан кутулуп жатам го, 120 000 сомдон 80 000 сом калды го — дептир


Мен аракты таштадым

Бир адам дайыма бир барга барат экен, барганда барменден 3 бөтөлкө арак алып келдирип ичип турат экен,
Бармен бир күнү жанагы адамдан сурайт экен:
— Сиз эмнеге ар бир келгениңизде 3 бөтөлкө арактан ичесиз?
адам жооп берет экен:
— Биз 3 дос болчубуз, үчөөбүз үч тарапка кеттик, бир бөтөлкөнү өзүм үчүн, эки бөтөлкөнү да эки досум үчүн ичим жатам.

бир канча күндөн кийин, жанагы адам эки бөтөлкөдөн иче баштаптыр.
Бармен мунун бир досу өтүп кеткен турбайбы, эки бөтөлкөдөн иче баштаптыр деп ойлоп, адамдан сурайт экен:
— Аллах рахматы кылсын, бир досуңуз өтүп кеттиби?
анда адам жооп берет экен:
— Кудай сактасын, эки досум тең тирүү, мен аракты таштадым — дептир


СПИД бул жаман оору

Бир адам баласын Америкага окууга жөнөтүп жатып баласына мындай деп жатыптыр:
Балам ал жакка барганда этият болуп жүргүн, ал жакта спид деген жаман оору бар, ал ооруну жугузуп албагын, этият болуп жүргүн, ал ооруну жугузуп алсаң,
сенден келинде жугат, келинден мага жугат, менден апаңа жугат
билесиң да, апаңдан айылдын баарына жугат — дептир


Аялым аккордеон ойной албайт да…

Эркек үйүнө келе жатса, кошунасынын аялы отун жарып жатат, күйөөсү жанында аккордеон ойноп отурат.
Анда эркек:
— Ай, кошуна, сага эмне болгон? Аялың отун жарып жатса сен аккордеон ойноп отурасың да?
— Аялым аккордеон ойной албайт да…


Шакарап, Шакарап

Күйөөсү роддомго баратат дейт.
Ким торолдү деп сурарын даярданып баратыптыр, аялынын жанындагылардан уялып
-Эркекти бадыран деп сурайм, а кыз болсо помидорбу деп сурайм,-деп аябай даярданып барып аялына кыйкырып атат.
-Эй, эмне болду? Помидорбу, бадыранбы?-деп сураса аялы жооп берип атат дейт.
-Шакарап, Шакарап-деп кыйкырып.
Көрсө аялы эгиз төрөгөн экен


Интернет

Кечээ интернет 1 күн иштебеди.
Ошол себеп үй бүлөм менен бир дасторкондо олтурганга убакыт болду.
Бир топ сүйлөштүк, жакшы адамдар экен.
Акем үйлөнүптүр, иним мектепти аяктаптыр. Эжем турмушка чыгыптыр.
Ата-энем кыйла карып калышыптыр.
А баса, негедир чоң атам көрүнбөйт ко…?


Суу май

Бир куну апендинин апасы мынтип айтат экен -Балам майыбыз тугонуп калыптыр кошуналардан суу май сурап келчи деп идиш берет. Бала эн жакын кошуна досуна барып досум бизде суу май тугонуп калыптыр многу идишге суу май берип турч дейт бала. -Досу макул азыр суу майды алып чыгайын дет.Мна кел тосгун идишти. Балага идишине суу куйуп бергенден кийин ойлонуп туруп тубуно дагы куйуп берчи деп идишти гонторгондо идиштеги суу майдын баары тогулуп калат.


Блондинка

Бишкек-Москва каттамына чыккан Блондинка кыз келип бизнес класс орунга отуруп алат. Билеттердин ордун текшерип жатып стюардецса блондинканын орду бизнес класста эмес экономикалык класста болгонун айтат. Блондинка буга эч эле макул болбой коет. Мен блондинкамын, сулуумун каалаган жериме отурам деп. Стюардецса блондинканы эч кондуро албай, акыры тажап, капитан пилотко барып айтат. Капитан келип блондинканын кулагына шыбарайт. Блондинка ордунан туруп аркадагы орунга отуруп алат. Стюардецса тан калып капитандан сурайт.
— Кулагына эмнени шыбырадыныз деп
Капитан жооп берет:
— Бул орун Москвага барбайт, аркадагы орун Москвага барат дедим дейт.


Түш

Бир адам түш көрөт, эртеси эрте менен туруп Бос/Шефине түшүн айтып берип жатыптыр.
Экөөбүз бир самолетто учуп баратып экөөбүз тен самолоттон түшүп кетиптирбиз. Сиз балга, а мен болсо бокко түшүп калыпмын дейт.
Шефи:
— ээ, ошончолук болот да анан деп, кердейип жооп берет.
Жанагы адам түшүн улантып айтат.
— Анан экөөбүз бири-бирибизди жалап тазалап жатыптырбыз!


Мөнөк

Бир мөнөк шапкасынын үстүнөн башын тырмап жатканын бир киши көрүп калып сурайт экен
— Сен мөнөксүнбү?
— Ооба, эмнеге сурадың?
— Шапкаңдын үстүнөн башыңды тырмап жатасың да.
— Эмне болуптур анан? Сен деле көчүгүң кычышса шымыңды чечип тырмайсыңбы?


Кайнене менен келин

Кайненелер менен келиндер 2 автобус болуп тойго баратышыптыр.
1-автобуста жалаң келиндер, 2-автобуста жалаң кайненелер экен.
Кайненелер болгон автобус кырсыкка учурап баардык жүргүнчүлүр каза болуп калышат. Аны көргөн келиндер баары «кайненелерибизден кутулдук» деп кубанышып жатышса арасында бир келин ыйлап жатыптыр.
Эмне болду сага деп сурашса «мен кайненемди үйдө калтырып келген элем» деп жооп берген экен!


гречка

Жаны турмушка чыккан кыз апасына чалат.
-Апа куйоо баланыз гречка жебейм деп жатат.
-А сен ага канчалаган кыйынчылык менен бышырганынды айттынбы?
-Апеей аны бышырыш керек беле?


Орусча суйлоо

Бир куну бироо имамдан сурап калат:- таксыр бу суйлогондо орусча аралаштырып суйлогондорго куноо болобу же болбойбу? :- десе имам: — точнасын эстей албай жатам, помоему болсо керек эле… дептир.


Апендинин уйуно ууру тушкондо.

Апендинин уйуно ууру тушуп, уйундогу баалуу буюмдарын жана башка буюмдарын алып чыгып, качып бара жатса, Апенди ойгонуп кетип жастыгын алып жугуруп аларга жетип алат экен. Ууру: «аа бу Апенди кайда баратасын?»-десе, Апенди:»Кочуп баратабызго»- дептир.


Апенди

Бир апенди кетип жатып бир айнек таап алатда айнекти карап бул маймыл ким дейтимиш


кыз жигит

кыз менен жигит отурса эле бир орус кемпир келип девушка ты же молодая тебе надо маме помогать десе тиги жигит чыдабай кетип кыз га айтат экен бар уйуно барып апана жардам берип кайра 5 минутта кел деп жиберсе 5жылдан кийин келип кайра ошол жакта отурса ал кыз менен баланын кызы келип айтат дейт мам я же тебе должен помогать деп


Оюн

Кыргыз казак озбек чогу сапарга чыгышат екен поезде баратып караса картасын унутуп койушуптур анда емнекылабыз десе озбек айтыптырш давай прадукталардан ойнойбуздеп нан журуптур,казак каймак журдумдеп нанга каймак шубаптыр’орус варениа журдумеп варениа шыбап койуптур кыргызкарап мен котордум деп жеп койуптур


карыш жылба

Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба — дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн — деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! — дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй…
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим — дептир анда уулу


эшек

Апенди досун үйүнө чакырып коюп, унутуп кетип калат.
Досу келсе эч ким жок экен.
Ачуусу келген досу Апендинин дарбазасына чоооо-оң кылып «ЭШЕК» деп жазып кетиптир.
Эртеси базарда экөө жолугуп калышат:
— Апенди, кечээ үйүңө барсам эч ким жок экен, — дейт.
Анда Апенди:
— Билдим сенин келгениңди. Ырас атыңды дарбазама жазып кеткен экенсиң, — деген тура.


алтын

бир апенди болуптур анын алтыны бар екен анан ал бир куну алтынын жерге комуп койуптур.Айлар откондон сон алтынын издей баштаптыр еч еле таппай койот екен аргасы кетип елдерден сурай баштайт екен .Бир куну жанына бир адам келип сурайт .
-эй апенди алтынынды комуп жашырып жатканында кандайдыр бир белги койдун елеби деп сурайт.
апенди болсо
-албетте, мен жашырган жерде булутун колокосу бар болчу деген екен апенди


эс алсын

Эки көзү толо куржунун эшегине артып алып жол жүрүп баратса, Апендиге бирөө кыйкырат:

— Эшектин убалынан коркпогон кандай ташбоор жан элең? Очоюп минип алып, оор куржунду жонуна артып…

Тиги кишинин сөзүн туура көргөн Апенди куржунду өз ийинине арта салып эшекти минген бойдон жолун улаптыр…


жаза

Апенди шашкалактап жүрүп кетмендин мизин басып алат. Сабы чабылып келип Апендинин чекесине бир тийет. Жаны ачынган Апенди кетменге кыйкырыптыр дейт:
— Ушундайыңан көчүгүңө жыгач тыгып койгон турбайбы!


апенди

Бир жолу Апенди там үстүнөн кулап кетет. Көчөдөн өтүп бараткан бирөө:
— Ой, Апенди, жерде эмне жатасың? — дейт эңкейип.
— Эмне үчүн жерде жатканымды билгиң келсе, өзүң тамдан кулап көрбөйсүңбы? — дептир Апенди, көзүн араң ачып.


тун

Түн ичинде Апендинин үйүнө ууру кириптир. Алар колуна тийген көр-жерди алып качып баратышса, Апенди да жууркан-төшөгүн көтөрүп, артынан жөнөп калбайбы.
— Ээй! Сен каякка?! — деп кыйкырышат уурулар.
Анда Апенди:
— Көчүп баратпайбызбы? — деп коёт имиш.


Алайкууну интернеттен коруу кыйын

2009-жылы студент болуучубуз Туралиев Жаныбек деген агайыбыз бар эле. Ал бир куну ноутбугун котору келип, оз айылынарды коргунор келеби интернеттен?-деп сурап калды биз жабыла макул болдук. Анан ал ар бирибизден 50 сомдон алып гууглдан корсотуп берди.Анан бир Алайкуулук кызыбызга кезек жетип калганда «Алайкуу тоолуу район, аны коруу кыйын, ага коп акча кетет» деп 150 сом алып корсотуп берген. Корсо, агайбыз бизнес жасаган экен.


танка менен запорожец урушуп калышат; танк айтат — сен ичеги карынынды артын салып алып кыйын болбочу десе анда запор -озунчу мактангансып мандайына тагып алгансын го деген экен


Акындар жарышта

Акындардын жарышы отуп,эки акын чогуу отуруп калат. Сынак башталып ыр жазууга киришет. Тиги акын жанындагы акынды караса ал жазып буткон болот,озунукуно салыштырса аталыштары да бирдей.
-эй! .


Саран лотерия ойноп..

Бир саран 2 лотерия алып уйуно келип ойнойт экен.Анан ал билеттеринен бирине бир машина KiА Орtimа утуп алат.Коп отпой аны куттуктап журналистер интервю алганы келишсе Саран олтурат дейт маанайы жок.Адан сураштат;
-Ээ сизге не болду?сиз дуйнодогу эн сонун машинанын бирин утуп алдыныз. дешсе ал;
;Уфф ошо бир эле лотерея албапмын бир жалка кетти..
Деген экен..


Студенттик турмуш Кыргыз кинолорго окшош!

Студенттик кундор — Башаламан,Декан — Айыл Окмот,Мугалимдер — Сезимде калган издер,Блок — Махабат дастаны,Бор м.н доска — Эгиздер тагдыры,Очесления — Чечилбес чечим,1-курста — До + Фа,5-курста — Мачо,Лексия — Аманат,Танапис — Мен суйгон карагат,Посылка — Айылдан айга,Нб — Арман,Модул — Эрежесиз,Практика — Атымды башка коёмун,Перездача — Тозоко карай жол,Сессия — Президент жана Бомж,Экзамен — Белгисиз маршрут,Пара — Дудук кыз,Баарынан тажаганда — Быйыл созсуз куйоого тийем!


Манас Атанын тукумдарыбыз!

Ош Бишкек жолунда Оштуктар менен Таластыктар бир машинада баратып соз талашып кетет екен бир кезде Таластык айтып жатат дейт Оштуктар жумуртканы тукум дейсинер тукум деген соз Кыргыз тилинде жок ал озбек тилинен алынган деп анан тиги Оштук тукум деген соз кыргыз тилинде баар десе тиги Таластык жоок деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп Оштук айтып жатат дейт тээтиги Манас Атабыздын эстелигин кордунбу ошол жерд «Манастын тукумдары» деп жазылып турат ошону барып Манас Атабыздын жумурткалары деп озгортуп коой деген экен Оштук бир ак сакал!)


Экзамен учуру

Сессия журуп жатат.
Агай студентти чакырып алып,зачетканды бер деп зачетканы коруп тааныш досунун уулу экенин коруп,суйунуп озумун аяш уулум турбайсынбы балам.
Сага оной эле суроо берем кыйнабай!
-Биз жашап жаткан жердин формасы кандай?десе
-Студент:
Уч бурчтук беле?агай
деп жооп берет!
-Агайы тушунбой калды окшойт деп колу м.н тегерек сымал кылып корсотуп жердин формасы кандаай?десе
-Студент:ааа таптым торт бурчтук дейт!
Агайы жини келип:Чык!жогол,сендей акмакты биринчи жолу корушум!
деп согуп айдаса
-Студент чыгып жатып:
Агай!эки тоо жолукпайт,экообуз жолугабыз!ЖЕР ТОГОЛОК бирде болбосо берде корушорбуз!деген экен..))


Кемпир Чал

Чал кемпирине келип «ай кемпир бир жаштыгыбызды эстеп койбойлубу» десе кемпир «ай койчей небере чøбøрøбуз бар уят эмеспи» дейт. Чал ачуусу келип’ эмне сага кереги жокпу, анда балта менен чаап таштайм» деп эшике чыкса ташбака кетип баратыптыр, кармап башын чаап кемпирине алып барып ыргытат» ме ал! Кемпир ташбаканын башын абдан карап» ой баай… карангыда кантип эле таап алат десе, кøздøру бар турбайбы» деп тан калат экен.


КЫРГЫЗ ОРУС КАЗАК

Кыргыз,орус,казак болуп бир абдан
сонун аш басып озбектердин
ашындай эле болду деп анан муну
кандай болушуп жейбиз дешет да
казак айтат муну азыр уктайбыз да
анан кимибиз жакшы туш корсок ошобуз жейбиз деп укташат анан
кыргыз тундо туруп ашты жеп алат
да кайра уктайт эртен менен туруп
тушторун айтышат орус айтат:мен ак
боз ат менен айда журуп келдим
десе,казак:мен ракета менен кунду коруп келдим дейт
антсе,кыргыз:силер экоон тен асманда журот экенсин анан ашты бироо жеп койбосун деп ашты жеп койдум деген экен


чачтан кичуу сакал

Апендиден бироо сураптыр:
-Бу сенин сакалын эмне учун кара,чачын эмне учун ак?
-Сакалым чачыман он беш жаш кичуу,ошол учун да…-дептир


апенди

апенди жолдо бара жатып шетка таап алып тан калып мындай дейт ЭЭ ЖЫГАЧКА ДА МУРУТ ЧЫГАТ ЭКЕН ЭЭ ДЕПТИР


Киного билет

Айылдан келген Акмат кинотеатрга билет сатып алып жатат.
Кассир:-Сиз азыр менден ушуну менен төртүнчү жолу билет сатып алышыңыз…

Акмат:-Кантеримди да билбей калдым, билетти кинотеатрга кире бериште бир балжайган аял улам эле айрып салыватат..


армия

бир бала армияга барыш учун военный kомиссариатта теkшерилип журуп эн аkырkы эшиkе kирсе чечиниз десе, анан чечинип ары бурулуп энkейиниз деп айтат::
-эмне дагы дале тамеkи тартасызбы десе
-фый эмне тутун чыгып жатабы дептир ..


ЭМНЭЭ…?

Алдагы галстук 80 сом дейсиңби? Ага андан көрө эки туфли алган жакшы эмеспи. -Аның туура дечи, бирок галстуктун ордуна эки жуп туфлини мойнуңа салпактатып асып алсаң эл эмне дейт?!


Кошуналар

-Кечирим сурайм, айым, менин тоогум сиздин гүлзарды тебелеп салыптыр деп уктум. -Кечирим суроонун зарылдыгы жок, Ташмат мырза, сиздин тоогуңузду менин дөбөтүм жеп салган. -Анда эң эле сонун болуптур, айым : сиздин дөбөт менин машинамдын алдында калды!…


таксист

Таксист жолдо баратса бир аял тосуп калат ,ал аял таксиге олтуруп жолдо баратып.
-Байке акчам калбай калды жол кирени акча тапсам соссуз берем жеткизип койосуз э дейт.таксистин ачуусу келип машинасын жугоору осуп турган жакка айдайт да машинадан тушуп чоон одейалын жазатда.
-Туш машинадан!!!
Аял.
-Жоок койунуз байке.
Таксист.
— Туш деп жатам!!!
Аял.
-Койунуз байке менин семям бар торт балам бар .
Таксист
-Сенин торт балан болсо менин кырк тоогум бар жол кирен жок болсо мына одеялга толо жугору кайрып чык жол киренден кутуласын,деген экен 🙂


жалалабаттык жигит

Москвага биринчи жолу келген бир жигит ичи ооруп кетип туалетке кирет.караса (М)-(Ж)деген жазуу бар экен.анан жигит ойлонууп туруп.
-(М) деген жагына москвалытар (Ж)деген жакка жалалабаттыктар кирет экен деп (Ж)га кирип олтурат .олтурса эле бир орус аял кирип келет.
Анан жигит.
-Эже сиздагын жалалабаттан болосузбу ,деген экен,


Эстелик сүрөт

Мугалим эжеке окуучуларды чогултуп алып, эстелике сүрөткө түшүп коелу деп жатыптыр.
Арадан жылдар өтөт, бири-бириңерди эстейсиңер.
— Айбек адвокат болуптур, Айгүл доктор болуптур, Акыл бизнесмен болуптур деп эстейсиңер дегиче болбой,
аркадан бир окуучу:
— Раматылык эжеке, жакшы эжеке эле, жаткан жери жайлуу болсун дейт экенбиз да — дептир


Кыргыз,Озбек,Немис..

Кыргыз,Озбек,Немис учоо вертолёт менен учуп калышат. Анан мактаныша кетишип,немис машинасынын ключун ыргытып жиберет «Бизде машинаны озубуз чыгарабыз,машина аябай коп,жалко эмес»-деп.Озбек коон-дарбыздарын ыргытып жиберет «коон-дарбыз бизде аябай коп,жалко эмес»-деп.Кыргыз не деп мактанышын билбей,Озбекти желкеден кармап ыргытып жиберет,немис тан калып: «Озбек досту не ыргытып жибердин»-десе,кыргыз: «Бизде озбектер аябай коп,жалко эмес»-деген экен…


топ

Апендинин бала чагы.
Ал мектептен келгенде тумагы ылай болуп калганын көргөн апасы:
— Айт, эмне болду?
— Балдар тумагымды алып футбол тобу кылып ойношту.
— Сенчи? Сен эч нерсе кылган жоксуңбу?
— Мен жөн эле дарбазачы болуп турдум


ай

Апенди досу менен Америкадагы илимий жыйынга катышып калышат.
Америкалыктар:
— Жакында Марска учабыз.
Германиялык илимпоздор:
— Биз Айды изилдеп жатабыз.
Апенди туруп:
— Биз жакында Күнгө учканы жатабыз, — дейт.
Баары таң калып туруп калса, Апенди камырабай кошумчалап коёт дейт:
— Биз шашпа-ай Күн салкындаганда барабыз


Бир күнү шаар башчысы Апендинин ачуу тилинен айып таап дарга асмак болот.
Аянтта эл додо.
Салаңдап турга сыйыртмак жиптин алдындагы Апендиге өкүм ээси:
— Акыркы өтүнүчүңдү айтып кал, — деп кайрылат.
— Бир гана суранычым бар, — дейт Апенди. — Мени ассаңар да белимден аскылачы, анткени мойнумда кытыгым бар эле


вампир

Бир карыган вампир жаш кызды бакка байлап койуп, колун пиала кармап, жанында турат, ары жакта отуп бараткан жаш вампир сурайт: эй эмне турасын канын сорбойсунбу десе, карыган вампир тишим жок дейт, анан эмне турасын десе, калганын 077xxxxxxxxге чалсанар айтып берем а то уят.


апенди

Апендинин барбаган жери, кылбаган иши жок эмеспи. Анын сыңарындай апенди АКШда МАИде иштеп калат экен. Кечке турса да эч кимге штраф жаза албайт дейт. Иш убактысы бүтүп, эми кетейин деп жатса, жолдон велик минген бирөө баратыптыр.Апенди аны токтотуп: «Сага штраф жазам» десе, тиги: «Жок, мага штраф жаза албайсың. Себеби, мен попмун.Бир далымда Мариям эне, бир далымда Иса ата бар» дептир. Анда апенди: «Омееей, жол эрежесин даана силер бузган турбайсыңарбы. Беш жүз доллар штраф жазам. Себеби, бир великке үчөөңөр минип алыпсыңар» деген экен


Футбол

Бир адам футболго эч кызыкпайт экен, анан футбол коруп отурган бир кишиден келип сурайт, кайсы командалар ойноп жатат деп. Тиги манчестр юнайтед менен челси десе, мм деп коюп сыртка чыгып кетет. Бир аздан кийин кайра кирип келип манчестр жендиби же юнайтедби деп коет имиш.


кыргыздар

У Кыргызов только две болезни: суук тийди или коз тийди. И только Кыргызы на вопрос: ким бар уйдо? Отвечают: эчким,озубуз…Идеалы наших родителей это: Элдин балдары.И только наш Кыргызский парень, как джентельмен откроет девушке дверь и скажет: Созулбай тез ,тез болчу. Только у нашего народа 7миллион машин на 5миллиончеловек. Только кыргызы после ухода госте йрадуются и говорят «эми озубуз нормальночайичели».


терин жетишпейби

автобуста уктап бара жаткан кыз,капысынан осуруп кетип ойгонуп кетет екен ,кайра уктап кетип еле осуруп койот екен,анан жанындагы киши айтат екен еее кызым сенин терин жетишпейт окшойт аа ,козун жумулса котун ачылат ,котун жумулса козун ачылат бул емнен я деген екен


Котормо

Мугалим эжей Муратка:
-Мурат, «бала атты чаап келип, сууга түшүп чөгүп кетти» деген сүйлөм англисчеге кандай болуп которулат?
— Зе бой тыкы-тык, тыкы-тык, чулуп, булк-булк-буууулк


робот

япониялыктар ууру кармай турган робот чыгарышыптыр. Ал роботту Россияга алып келет 1 саатта 100 ууру кармайт. Францияга алып барат 1 саатта 200 ууру кармайт. Кыргызстангада алып келет 5 минутанын ичинде роботту уурдап кетишиптир!


Туулган күнүң менен

Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.

Энелерди барктай билели, сыйлай билели.


Боксер

Бир боксер маанилуу мушташ алдында ооруп ооруканага жатып калат. Айласы кеткен тренери эптеп айла табыш керек деп, ордуна башка бирөөнү издеп жөнөйт. Издеп жүрүп эт комбинаттан уй сойгон касапчыга жолугат да ага жалдырайт. Эптеп эле 12 раунд туруп берип койсоң, коп акча аласын деп. Тиги касапчы макул болот.
Мушташ башталат… 1 РАУНД. туруштук берек. 2..3..4.. РАУНД.
11 РАУНД бүткөндө бети-башы бүт канап, аябай токмок жейт.
Тренери келип:
-Эми бир раунд чыдап койсон болду…
Анда касапчы:
-Тренер мен деле чапсам болобу?
-Ой болот, чапканды билесинби? десе
12 раунд башталганда тиги атаандашын бир уруп нокаутка кетирет. Көрсө уйларды бир уруп өлтүрүп анан сойчу экен да.


Шайтан

Шайтан баласын айлана чөйрөсү менен таныштырып жатып,
— Адамга келгенде сен балам ушул, Адам дегенден качкын,
алар эмне жаман иш кылса шайтан азгырды деп бизге жүктөп коёт — деген экен.


Бир порса плов

Озбек,казак,кырыз болот.Бир куну кечинде учоо тамактанабыз деп казанды караса бир порса плов калыптыр.Анан учоо ойлонуп,азыр учообуз тен уктайбыз,эгер ким жакшы туш корсо ошол пловду жейт дептир.Эрте менен туруп озбек:»мен тушумдо аппак атты минип айга барып келдим» дейт.Казак:»мен тушумдо дуйнону саякат кылып келдим» дейт.Анда кыргыз:»сен айга а сен дуйного саякатка кеткенде силерди кутууп кутуп пловду жеп койдум» деген экен.Корсо кыргыз тундо эле туруп жеп салган экен.


Убара болбой эле кой

Пример HTML-страницы

Бир еврей машинесин токтотуп коюш үчүн жер издеп жатат…. Өчөшкөндөй ошол күнү машине коё турган бош жер жок…
Еврей кудайдан сурады:
-Эй кудай, азыр менин машинемди токтотуп коюш үчүн бир жер таап берсен, сен үчүн күнү-түнү ибадат кылам, жалгыз сен үчүн орозо кармайм, сенин ыйык кылган мөмөлөрүңдөн гана жейм…
Ошол маалда бир машине ордунан жылып жай бошоп калды…
Анда еврей:
— Кудайым, сен убара болбой эле кой, мен өзүм таап алдым, — дейт имиш…


Адвокат

Касап адвокатка келиптир:
— Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
— Ал иттин ээсин билесизби?
— Ооба.
— Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн… Иттин ээси ким?
— Ал сиздин итиңиз болчу…
— Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
— 3 кг. 450 сом болот…
— Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот… Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?


Отун керекпи?

түндө уктап жатканда бир чоочун адам дарбазадан кирип,эштикти такылдатып калат.:
—Кожоюн, оо кожоюн
—Эмне болду түн оротсунда ким бул?
—Отун керекпи?
—Жок кереги жок кете бергиле..
Эртең менен туруп караса, короосунда бир да отун калбай калыптыр.


Кайсынысын …

Башкаларына мактанайын деген аял кызматчысына
— мындан кийин мен коноктордун алдында бирдемке сураганда жалгыз болсо да кайсынысын деп сурайсын дейт

1 күн өткөндөн кийин коноктор келиптир
Аял:
— Жамийла палтому алып келчи көрөйүн
Жамийла:
— Кайсынысын…….
деп барып жалгыз палтосун алып келиптир.

Коноктор кетерде Аял:
-Жамийла күйөөмдү чакыр
Жамийла:
-Кайсынысын ………………..


өлүм жазасы

Өзбек орус кыргыз үчөө өлүм жазасына кесилиптир. Алардын акыркы 3 өтүнүчүн орундатмак болуптур. Өзбек: семьямды көрсөм,аш болсо, Лениндин жанына көмгүлө дептир. Орус. 1 ящик арак болсо, 1 чочко болсо жегени, Сталиндин жанына көгүлө дептир. Экөөнүн сураган тилегин аткарып анан атып таштаптыр. Кыргыз коон жейм дептир. Аксакал кышко азыр кайдагы коон десе жайды күтөбүз дептир. Күткөн жай келиптир. Коон жептир. Эми чана тепким келди дептир. Кайдагы чана жай эмеспи десе кышты күтөбүз дептир. Күткөн кышта келиптир чана тебиптир, Эми мени Атамбаевтин жанына койгула дептир.
Аксакал ал адам өлө элекко азыр десе, анда күтөбүз дептир.


«КУДАЙ БУЮРСА»

Кайсы бир өткөн замандарда такырле Кудайга ишенбеген бир күйөө сөрөй болуптур. Кечки тамак. Аялы аябай берилип манты жасап, 5-10 мүнөт жакшылап бууланып бышсын деп, … өзү дасторконду даярдап кирет. Ангыча ары жактагы күйөөсү дасторконго жетип келип “ай мантың быштыбы,.алпкеле берчи батыраак!!” дейт. Аялы: Кое тур эми кудай буюрса 10 мүнөттө бышып калат” деп жооп узатат. “Эй…апкеле берчи,..кудай буюрса, буюрбаса деле жечү мантыны жей берем,..алып кел эми!” деп ороңдойт күйөөсү. Жолдошунун мүнөзүн түшүнгөн аялы мантыны алып келет, күйөөсү бир мантыны колго алып эми оозго сала берээрде эшиктин конгуроосу шынгырайт да, менттер келип кайсы бир кылмышка тиешеңиз бар экен деп аялдын күйөөсүн ой-боюна койбой алып кетишип, түрмөгө 3 ай жатып чыгат. Түн. Аялы өзү жалгыз үйдө олтурат. Эшиктин конгуроосу угулат. Аял эшиктин жанына басып барып: “Ким бул?” десе, сырттан күйөөсүнүн үнү угулат: Кудай буюрса , мен сенин күйөөң болом…


Жиндиканада

Жиндиканада жиндилерди баккка чыгарып койсо, күн сайын бирөөсү бутун, бирөөсү колун, бирөөсү дагы бир жерин сындырып келет.
Булар эмне болуп жатышат, байкайынчы — деп жиндикананын врачы эртеси алар менен жиндиче кийинип алып бакка чыгат.
Жиндилердин бирөөсү:
— бүгүн алма бышты ойнойбуз — дейт.
Баары алмага чыгышат. Алар менен врач да кошулуп чыгат. Баары тен бир-эки-үч дешип жерге тап-тап деп түшүп калышат.
Бир гана врач түшпөй туруп алат. Муну көргөн жиндилер — бышпаган алманы таш менен уруп түшүрөбүз- дешип врачтын катыгын берген экен.


катын тамак быштыбы?

Класска уруксаатсыз кирип келген балага мугалим :
— бар эшике чыгып атаң үйгө кандай кирсе ошондой кир — дейт,
Бала эшике чыгып кайра кирип:
— Ээй… катын тамак быштыбы — дептир.


хлеб почему?

Эки кыргыз Москвада журуп дүкөнгө нан сатып алганы кирет экен. Кассир кыздан нан сурап жатышат дейт:
-Сестра хлеб почему?
-Чтобы кушать,- десе:
-Да я знаю чтобы кушать, хлеб почему? — деп сурайт дейт. Ошентип кайра- кайра сурап кызды чарчатат экен.
Анда берки досу орусча билген киши болуп:
-Сестра мой друг по русский не хорошо знаеш хлеб зачем?- деген экен…


Негрлер жана сыйкырчы

10 негр адам бир сыйкырчыны кармап алышыптыр,
Ар бирибиздин бирден тилегибизди аткарсаң сени койоберебиз дешет экен.
Сыйкырчы неглердин сунушуна макул болуптур.


Студент практикада

студент эми эле биринчи жолу практикага бир гаишник менен жолго чыгат. жолдо машиналарын жашырышып
жанагы студентке гаишник палканы карматып барып машиналарды тос дейт да озу эс алып олтурат омурундо тосо элек жолго чыгып
бироосун тосуп тартип бузулгандыгын тушундурот жини келген айдоочу:
— на собака деп 100 доллар берип кетип калат эч нерсени
тушунбогон студент жанагы гаишниктин алдына келип баарын тушундурот да ушуну берди деп айтат, аны коруп гаишник айтат:
-аааа это я собака, а ты пока щенок деген экен…..


«ОСУРАК»

Бугунку сабагыбыздын аты «ОСУРАК». Бул осурак дегенибиз арткы тешик аркылуу чыга турган жагымсыз жыт. Осурбаган жан жок. Жаны бардын жели бар. Осургандын 2 туру бар. Ундуу жана унсуз. Ундуу осуракты жалгыз калганда коюп жиберсен болот. Копчулуктун ичинде ундуу осурак колдонулбайт. Унсуз осурак каалаган убакытта, каерде болбосун колдонула берет. Адамдын ичине жел толгонуна байланыштуу ошондон осурак пайда болот. Осурганда ич бошоп рахат аласын. Аларда осурак 2ге болунот. Жыттуу жана жытсыз. Негизи осурганда от жагып турсан, арткы тешиктен осурак газ болуп чыгат. Осура бергендин эч зыяны жок, пайдасы гана болбосо. Аларда пайдасы болгону менен айлана чойрого зыяны тиет. Жагымсыз жыттан адамдар кача баштайт. Осуруп жатып чычыпда койгондор бар. Ошондуктан осурганда абайланыздар. Осур, осур жана осур деп ЛЕНИН атабыз айткан, тартынбай осура бергиле урматтуу туугандар.


Америкалыктар

-Америкалыктар Айга конушуптур!Ошондуктан,Совет окмоту бизге буйрук берди жакын арада созсуз Кунго конгула деп! -Василий Иванович!Кунго консок куйуп кетебиз да? -Эй,башы жок!Биз Кунго тундосу конобуз!


Бир куну ,эки тиш чукугуч жолдо баратып.Кирпичеченди коруп ,бироосу айтат экен :-досум бул жерде маршутка журот экен ээ дептир


Жиндиканда доктур бир оорулууну айыккан айыкпаганын текшерейин деп суроо берип көрөт экен:
Доктур- эгерде сенин бир кулагыңды кесип салсам эмне болот?
Бейтап- анда бир кулагым укпай калатда!
Доктур- аа жакшы жакшы дурус, мээң иштейт экен. А эгер эки кулагыңды тең кесип салсам эмне болот?
Бейтап- анда эки көзүм көрбөй калат да!
Доктур- апей а эмнеге?
Бейтап- эгер эки кулагымды кесип салсаңыз көз айнегим түшүп калатда!-деген экен )))))


Сабак учурунда мугалим Самат чоңойгондо ким болосуң деп сурайт Самат мен бизнесмен болом менин чоң үйүм өзүмдүн жеке самолеттум,яхтам, дагы көп байлыктарым болот дептир.Андан кийин Айгул сен ким болосун десе мен врач болгум келчү эле эми Саматтын аялы болом дептир


Үч мас киши такси токтотуп отурурушуртур,
Таксист азилдешип жайынан жылдырбай от алдырып беш минутча туруп:
-Келдик, түшкүлө — десе
Бири рахмат айтып түшүп кетиптир, экинчиси акчасын төлөп түшүп кетиптир.
Үчүнчүсү таксистин башына бир коюптур.
Таксист муну сезип калды окшойт деп ойлоп турса, тиги:
— Ушунча кишинин өмүрүнө жоопкер экениңди билесиңби?
Экинчи мындай катуу ылдамдыкта айдабай жүр, деп түшүп кетиптир.


Жигит сүйгөн кызына ыр жазыптыр.
Эрте менен тамак жей албайм сени ойлой берип
Түштө тамак жей албайм сени ойлой берип
Кечинде тамак жей албайм сени ойлой берип
Түнү менен уктай албай жатам, себеби АЧКАМЫН


Айылдан жаны келген эки бала карангыда көчөдө кетип баратышып,
бирөөсү айтат: -смотри на небе сколько звездей! -звездей эмес,
звездов туура болот,-дейт экинчиси. Анан экөө мелдешип кетип,
бир кыздан сурашат: «звездов правильно или зведей?»,-десе:»я таких словей не знаю!»,-дептир


Күйөөсү менен аялы ужас кино көрүп жатат дейт. Бир кезде экран
толгон эле ужастын бети болуп калат, аялы чоочуп кетип, ?апаааа!?
деп кыйкырат экен. Анда күйөөсү эч кам санабастан: ?апанды кантип тааный койдун? деген экен


Эки аял балкондон туруп алып амандашып атат дейт.
Биринчи аял: — Кандай анан кошуна? Ден-соолук жакшыбы?
Экинчи аял: — Кудайга шүгүр. Өзүнчү? Эмне, ооруп жатасынбы?
Биринчи аял: — Жок, ай. Эмнеге антип сурап атасын?
Экинчи аял: — Кечээ күнү бир врач үйүңдөн чыгып кетти го?
Биринчи аял: — Эмне, врач үйүмдөн чыгып кетсе эле ооруп аткан боломбу? Сенин да уйундон эрте менен бир депутат чыгып кетти го? Эмне, сенин үйүндө сессия болуп жатабы?


Апенди ооруканада өзүнө келбей араң жаткан жеринен башында карап турган аялына карап…
— Айланайын кемпирим, деп жобураганда аялы жакшы үмүт менен мени мактайт ко деп, кулак салса…
— Каап авто кырсыка учураган кезимде да жанымда болчу элең, банкрот болгон кезимде да жанымда болчу элең, токмок жеген кезимде да жанымда болчусун, теги эле кара мышыгы бар аял турбайсынбы сен дептир…


Апендинин баласы уйуно куйуп бышып чуркап келет:
Баласы: Ата мен 5 сом пайда кылдым — деп.
Атасы: Кантип???
Баласы: Маршрутканын аркасынан чуркап келдим — десе, анда атасы: Ээ балам ишти чала кылыпсын да, таксинин артынан чуркап келбейсинби, 40сом пайда кылмак элен…


Коридордо бир окуучу чуркап бакырып баратат…
—Каякта ой-пикир, акылдуу кишилер, таза билим??-деп.
Астынан директор тосуп чыгат экен да сурайт:
-Эмне болду сага? Эмне сабак учурунда эшикте журосун?
-Каякта ой-пикир, акылдуу кишилер, таза билим??-деп дагы бакырат экен окуучу.
Директор жини келип,
-Айт сага эмне болду?-деп дагы бир сыйра сурайт экен.
Анда окуучу:
-Мен класта осуруп алдым. Мени мугалим кууп чыкты да өздөрү жытташ учун чыкпай коюшту.
Каякта ой-пикир, акылдуу кишилер, таза билим??-деп кайра бакырган бойдон кеткен экен.


Апенди бир кемеде жаңы эле ишке баштаган экен. Кеме Англияга барып бир портто токтоптур. Апенди да кемени байлоого шайланып, жээкке калың арканды ыргытыптыр да анан ал жерде турган англичанга бакырыптыр:
— Арканды байла!
-…жооп жок
-Ай байлабайсынбы?!
Англичан түшүнбөдүм дегендей аракет жасаптыр. Апенди да анча мынча угуп үйрөнүп алган англисчеси менен,
-Do you speak English
-Yes, Yes
-Анда арканды алып байлабайсыңбы !!!


— Жаным, курсагым ачты, жеегени эмне бар?
— Холодильникте эмнени тапсан бапрын жей бер.
— Менин жаным десе!… Музду озун жасадынбы?


— Жааныыым, жакында сен ата болосун!
— Эмне? Боюнда барбы?!?!
— Жоок блин, ватикандан звонок кылышты!


Куйосу туалетте козун чоон ачып алып ыйынып, ыйынып отурса, аялы кокустан светти очуруп коет:
Куйосу:
— Ааааааа!
Аялы:
— Жаным сенби?
Куйосу:
— Жинди, мен козум жарылып кетти окшойт депмин!


Хирург рентген суротту карап:
— Мдаа! Кол сынган, кабыргалар сынган, белинин соогу жарака кеткен. Мм, макул, эч нерсе эмес, фотошопто баарын ондоп коебуз!


Ачка калган студент автобуста бара жатып ээси ооп калат, жанында турган эл чогулуп:
— Суу бергиле, суу- десе, студент:
— Нан, нан дагы- деп коёт имиш.


— Кандайсын, Асан?!
— Мм, мен Асан эмесмин, мен Айгулмун!
— Менин куйомдун телефонунда сен Асансын.


Таксист жигитке жолдон бир жыланач кыз чыгат экен.
Анан жигит кызды бат бат карап кетип атса.
Кыз:
— Эмне мынча карадын жыланач кыз коро элексинби? деп сураса.
Жигит:
— Караганымдын себеби жолкиресин кайда салды экен деп карап атам, дептир.


Орус м.н кыргыз согушта достошуп калат. Анан немистер келатса, орус камыштын ичине, кыргыз сууга бекинет. Орус кой ушул кыргыз уйуно аман кетсин деп камыштын ичинен башын которуп, суда, суда деп кыйкырат. Аны уккан кыргыз мени орус сатып жатат деп озу камыштын ичинде деп кыйкырыптыр


Бир кызга 3 жигит орус, кыргыз, казак куда тушуп барышат.
Орус жигит ромашка гулун алып келет.
Кыз жигиттерди сынап карап максатында, гулду жешин суранат.
Орус жигит жеп койот.
Кыргыз роза которуп келет.
Кыз кайра эле гулду жешин отунот.
Кулуп да, ыйлап да жеп жаткан кыргыз жигитке тан калган
Кыз:
— Эмне ыйлап жатасың?
— Тикенектери ачуу экен.
— А, эмне күлүп жатасың?
— Артымдан келе турган казак кактус которуп келе жаткан.)))


— Алло, Асан уйдобу?
— Пошел на …!
— Аа, качан келет?!


— Братан, тиги жакта биздин балдар тепки жеет атышат!
— Ай ёлки, менин телефонумдун камерасы жокта…!


Блондинка магазинге кирип копко очередке турат, очереди келип сатуучуга:
— Мага 2 кг алма бериниз.
— Биз блондинкаларга алма сатпайбыз!
— А эмнеге? (Таарынып).
— эмнеге дегенде бул жер аптека!


Ташмат аялы Айшаканды Ош базарында жоготуп алып, таппайт. Ары издеп, бери издеп айласы кеткенде, бир сулуу кызга жандай басып:
— Чоң кыз, мени менен 3-4 мүнөт эле сүйлөшүп тура аласызбы?
— Кызык кишисиз го. Эмнеге сүйлөшүшүм керек?
— Билесизби, … мммм….аялымды таппай атам.
— А, менин эмне тийешем бар?
— Анын мен сулуу кыздар менен сүйлөшө калганда кайдан жайдан пайда боло калмай адаты бар.


Лифтте брюнетка менен блондинка кетип атса лифт токтоп калат. Брюнетка:
— Жардамга, жардамга!
Блондинка:
— Жардамга, жардамга!
Брюнетка блондинкага:
— Кел, бирге кыйкырабыз, тез угуп жардамга келишет.
Блондинка:
— Бирге, бирге, бирге!


Бир оло арррык киши ооруканага келип:
кызым семирте турган даары берчи деп даары алат екен!
даарыгер: аксакал! Бул даарыларды кунуно бирден ичиниз деп ескертет! Киши жолдо баратып, баарын бир айда качан ичие бутом деп баарын жеп салыптыр. Уйуно жеткиченди оло семирип кетет екен. Кайра ооруканага келип даарыгерге корунсо даарыгер арыктата турган укол сайып коет екен. Киши сразу аррык болуп мурунку абалына келип калат екен. Териси шалбырап юпка болуп калса даарыгер ойдо коздоп туруп келип башына байлап койсо, бир кемпирдин небереси коруп. Эне тиги кишини карачы киндиги пейшенесинде екен десе энеси : ал эч нерсе емес галстугун карасан дептир


Бир киши телевизордон жарнак коруп жатат:
— Пандада 16 тиш, акулада 100 тиш, ал эми адамда 32 тиш- бул норма.
— Вый энен, мен панда экенмин!


— Апа, апа! Мен туалетке баргым келип атат!!!
Апасы ойлонуп, элестетип:
— А мен… Парижге!! !


Карыган кемпир, кичинекей бобок жана боюнда бар аял маршрутканын ичинде бир орун учун мушташып кетишти.


Америкалык солдаттын кундолугунон:
— Дуйшомбу- кыргыз менен арак ичип атам.
— Шейшемби- олуп калайын деп атам.
— Шаршемби- кыргыз менен дагы арак ичип атам.
— Бейшемби- шейшемби куну олуп эле калбапмын деп окунуп атам.


Бир айылдагы больницада операция болуп жатат:
— Медайым, наркоз!
— Кайсы, доктор!
— Биздин, местныйдан!
— Алдей, алдей, бобогум!


Кичинекей Асанчик уйуно келип:
— Ата, бугун автобуста бир кары кемпирдин бутун тебелеп алып кечирим сурадым эле мага конфет берди!
— Анан, сен эмне дедин?
— Кайра дагы бутун тебеледим.


Аялы куйосуно:
— Жаным, менин туулган кунумо мындай нерсе алып берчи, он бутум менен басканымда уч секунддун ичинде 0дон 100го чейин чыгып кете турган.
— Тараза болобу?


Сен эмнеге 1 саат кечигип келдин?
— Бир аял аялдамада 100$ жоготуп алыптыр.
— Анан? 1 саат издештинби?
— Жок. Мен 1 саат 100$ды бутумдун астында тебелеп турдум, аял кетип калгыча.


— Абдыганиева, доскага!
— Эмнеге мен?
— Макул, макул анда журнал менен! Абдыганиева доскага!


Зоопаркта эне бала
Баласы: апа бул маймылбы?
Жок балам бул билет саткан эже


Бир кочодо окшош фамилиясыда атыда кишилер жашайт экен анан бироосу бир кун олуп калыптыр бироосу африкага кетиптир африкага кеткени бир кун почра м.н кат жазса олгон адамдын аялына берип коюшуптур катта мен жетип алдым оло кыйналдым бул жактын ыссыгы куйдуруп жатат десе катты окуган жесир озунон кетип жыгылыптыр


Коңшусу:
«Ой, Арыкбай, жүрү мончого түшүп келели» десе, беркиси:
«Ой, Баратбай, мен күзүндө эле түшүп алгам, өзүң бара бер» дейт.
«А, кышында кантесиң?» десе, топозуна айры менен саман ыргытып атып:
» Кыш деген төрт эле ай да» деп коет дейт))))


Бир жаш жигит, үйүнө үч кызды мейманга чагырып. Акырыын апасына суроо берет:
— Апа, кандай деп ойлойсуз, мен ушул үч кыздын арасынан…, кайсы кызга үйлөнөм..?
Апасы:
— Экинчи, көк көйнөкчөн кыз!
Баласы:
— Кантип билдиң апа…?
— Кирип келгенде эле кишинин кыжырына тийип, «аллергияны» карматты. дейт имиш.


Бишкектин маршруткаларынын абалын тушуп жургондор жакшы билет.Эки дос ортодо кыпчылып,гармошка болуп кетип баратса,алдыда турганы артында жабышып бараткан досуна:

-Эртерээк эле жетсек экен,кысталып баратам десе,Досу:

-Алдынкынын чонтогуно кое бербейсинби-дептир.
-Кой,э,билип калбайбы,десе,Досу:

-а сен билбей эле калбадынбы-деп коет дейт.


Жигит кызга СМС жазып атат:

-Ушул абонент сиздин турмушка чыгуунузду суранат.

Кыздын жообу:

-Турмуш куруу кызматын кошуу учун сиздин каражатыныз жетишпейт. Дагы жакшы иштеп кайра аракет кылып корунуз)))


— Менин ак костюмду берчи, жумушка кычырап барайын.

— Жаным, ак костюмуңду жуусам кичирейип калды эле, иниме берип салгам.

— Анда кара костюмумду бер.

— Жааным капа болбочу, аны дагы жуусам кичирейип калды эле иниме берип салгам.

Жинденген күйөөсү:— мени дагы бир жууп кичирейтип сиңдине берип салсаң боло.


Биздин ОшМУнун башкы корпусунун ичинде бир студент жигит баратат дейт, анын алдынан сакалчан профессор чыгат.. Студент:
— Кечиресиз профессор, сизге суроо берсем болобу ?
— Албетте болот..
— Профессор, сиз кечинде уктаганда сакалынызды жууркандын ичине катып жатасызбы же сыртына чыгарып уктайсызбы ?
— Балакай, конул бурбаптырмын.. Студент жолун уулайт… Бир аптанан кийин баягы профессор козу шишип, баягы студентти кокусунан колдон кармап алат да:
— Акмак десе, сенин айынан мен бир аптанан бэри уктай албайм, сакалымды жапсамда, жаппасамда ынгайсыз болуп жатат…


Вечеринкада вальс болуп жатса бир кыз тез-тез бийлеп жатат. Жанындагы бала,-Чон кыз бул женил бий да, эмне тез-тез бийлеп жатасыз? десе

-Мен уйго тезирек барышым керек ошого шашылып жатам, деген экен.


Күйөөсү мончодон кийин үйүнө мааас болуп келет. Аялы:
— Эмне мынча көп ичтиң? — дейт
— Көп эмес, бир эле жолу түбүнөн эле ичкем
— Стакандын түбүнөн бир эле жолу ичкенге ушунча мас болосуңбү?
— Мончодо кайдагы стакан, тазик менен ичкем.


Таң атпай эле ыйлап жаткан аялынан күйөөсү сурайт:
— Эй, эмне болду? Карга бок чокуй электе эле озоңдойсуң?
— Ү-ү-ү-үү, ү-ү-үү…
— Эй, адамдын нервине ойнобой, мындай бир айтып ыйлачы! Эрте менен жок жорукту баштабай!
— Түшүмдө бир ба-аай киши мени сизден тартып алды, ү-үү-ү… мурдун шор тартат аялы.
Эреркеп кеткен эри:
— Ой, алтыным! Ошого да ыйлайбы? Түшкө нелер кирбейт да, түлкү нени жебейт. Бул түш да.
Аялы андан бетер озондойт:
— Үү-ү-ү! Ошо түш болуп атпайбы-ы-ы! Үү-ү-үү!


Уйлонуу тойго чакыруу алган бир киши ресторандардын бирине кириптир, кирип караса эки эшик бар экен биринде «Келиндин туугандары учун» экинчисинде «Куйо баланын туугандары учун» деген жазуулары бар экен, «Куйо баланын туугандары учун» деген эшиктен кирип бир канча кадам журсо, дагы эки эшике туш келиптир биринде «Аялдар учун» экинчисинде «Эркектер учун» деген жазуу бар экен «Эркектер учун» деген эшиктен кирип, бир канча кадам жургондон кийин жана да мандайынан эки эшик турат биринде «Белек алып келгендер учун» экинчисинде «Белек алып келбегендер учун» деп жазылыптыр, «Белек алып келбегендер учун» деген эшиктен кирип бир канча кадам жургондон кийин кочого чыгып калыптыр.


Бир киши дарегерге келип:

-Тишим менен башым ооруп тажатты, жарам бербесеңиз болбойт?!

-Дарыгер; Ай ал деген эч несе эмес! Эгерде ичиң өтүп, өзүн унутчаак болсоң ошол жаман. Жүгүрүп баратасың а бирок кайда жана эмнеге экенин эстей албай,-дептир))


Айылдык оорууканалардын бироосуно жогорудан текшеруу келип калат. Оорулуулар жаткан палатага кирип биринчи больнойдон сурайт текшеруучу:- сиздин кайсы жериниз ооруйт ? Больной: мен, алигии… Сифилис.. Текшеруучу:- кантип даарылап жатышат? Больной:- уч маал иод койушат. Текшеруучу:- жалобунуз жокпу? Больной: -жалоб жок. Текшеруучу экинчи больнойдон:- а сиздин кай жериниз ооруйт? Больной:- меники геморрой балам. Текшеруучу:- кантип даарылап жатышат? Больной:- уч маал иод койушат. Текшеруучу:- жалоб жокпу? Больной: — Жоок балам жок. Текшеруучу учунчу больнойго келип: -сизде кандай акыбал, кайсыл жериниз ооруйт? Учунчу больной:- э менин ангинам ооруйт. Текшеруучу: — кантип дарылап жатышат? Больной:- уч маал иод коюшат мага да. Текшеруучу:- жалобунуз жокпу? десе больной:- о бар да жалоб, бар. Текшеруучу: кандай жалобунуз бар? Больной: Тиги догдурду айткылачы иод койгондо же пактасын алмаштырсын, арбирибизге жанылап, же иод койгонду биринчи менден баштасын.


Орус кыргызга:
-Ээ друг мой, бизде байларды олигарх, аялы туруп көчөдө башка кыздар менен көңүл ачканды бабник,бирөөнү иштетип акчасын бербей койгонду кидальщик, мамлекеттин акчасын жеп койгонду крохобор деп койот. Силердечи?
Кыргыз ойлонбой туруп:
— Ээ досум,бизде анын баарын чогултуп Депутат деп койот экен деп айтыптыр)))
Бул турган чындык…


-Француз-бул улут эмес, жашоо шарты. Еврей-бул дагы улут эмес, ой-жугуртуунун шарты.

-А кыргызчы?

-Кыргызбы? Кыргыз бул бешене.


Рота ичиндеги нөөмөтчү, жаш жоокер дневальнийге:

— Генерал келген жокпу?

— Жок.

— Келсе мага, тез айткын.

Ушинтип 5-6 жолу эскертет. Ротага генерал кирип келет. Дневальный:

— Сенби, генерал?

— Ооба, мен.

— Эй, чмо, каякта жүрөсүн? Сени сержант 2 сааттан бери издеп атат!


Баласын садиктен ким алып келсин деп талашып жатышат. Куйоосу:

-Мен сага шуба белек кылдымбы?

-Ооба,

-Отук белек кылдымбы?

-Ооба.

-Мына эми сен баргын.

-А эмне сен барсан болбойбу?

-Эмне байпак менен адеколон себинип алыппы.


Гаищник айдоочуну токтотуп.

-Багажникти ач. Бул эмне?

-Адамдын денеси.

-Коруп турам, аптечка кана?


Университтетеги сакалчан профессорго студент келип:

-Саламатсызбы агай. Сиз кечинде уктаганда сакалынызды тошокту устуно жаап жатасызбы же сыртына чыгарып?

-Билбейм, байкап корбопмун.

-Аа, кечиресиз.

Бир жумадан кийин, коздору шишиген чарчаган профессор, студентке келип:

-Келесоо, сен мага эмнени айттын, эми сакалымды тошок менен жапсам да сыртка чыгарып жатсам да ынгайсыз болуп атат,дептир.


Аялы ойношун шкафка бекитип коюп, ал тунго калып кетет. Акыры тажаган киши андагы шубаны кийип алып акырындан шкафтан чыгып жормолоп жонойт. Куйоосу ойгонуп кетип:

-Сен кимсин?

-Менби? Кубоо (моль)

-Шубанын эмне кыласын?

-Уйго барып жеймин.


Атасы уулуна
-Балам, эртен экзаменден отпосон менин сендей уулум жок, дейт экен.
Эртеси сабактан келген баласынан сурады жыйынтыкты, баласы айтат экен;
-Кечиресиз сиз ким элениз, тааныбай турам-деген экен.


Бир киши токойдо ити менен аң уулап жүрүптүр. Анан караңгы кирип,от жагып олтурса,токойдун ичинен коркунучтуу үн чыгат экен. Киши итин карап: — бар көрүп келчи?-десе,

Ити:
— Бар өзүң! Мен бул жактан деле үрө берем дептир!


Бир апенди айымдын күндөлүгүнөн…

Жаш кезек…Кыздар менен вечир кылганбыз. Кафеде отурганыбызды билем. Бир мезгилде барга кирдик.. дагы бир аз убакыттан кийин каруселге түшуп жатканыбызды да билем. Үйгө таңга жуук кайттым. Ойгонсом эле трусам жок экен. билбей калдым…Менимче, каруселде айланып атканда шамал учуруп кетсе керек))
***
Биз, аялдар неге жыл өткөн сайын толуп кетебиз? Неге дегенде биз жыл өткөн сайын акыл, тажрыйба, билимибиз ашып барат, алар биздин башыбызга батпай калганда бүткүл денебизге таркай баштайт..!
***
Үйдө отурсам эшиктин коңгуроосу шыңгырап калды. Сулууча келген жаш жигит «күйөөңүз үйдөбу?» деп сурады. Жок десем эле кирип келип, мени диванга сүйрөп жөнөдү…
Мага баары жакты, бирок күйөөмдө анын кандай жумушу бар экендиги до сих пор -табышмак))
***
Диетага өзү негизи отурбаш керек экен..же туруп же кыймылдап турган пайдалуурактай))


Университеттин студкеңешинин башчылыгына кимди койсок деп талаш жүрүп атканда, бир аксакал мугалим:
— «Эркек балдардан эле койгулачы. Кыздардан койсок, турмушка чыгып кетет экен, же тууп коюп, иш токтоп калат экен».
Анда бир мугалим эжей:
— Агай, «тууп» дебей маданияттуу түрдө эле «төрөп» дебейсизби! десе, агайы айтат дейт:
— «Мен миң маданияттуу болуп «төрөп» деп айтсам деле баарибир тууп коюп атышпайбы» — деген экен.


Бир жолу Апенди деңиз аркылуу Англияга барып калат. Порттон атка жеңил, тайга чак Апенди кеменин үстүнөн жерге арканды ыргытып, жердеги бирөөнө: — » Арканды байла!» -деп кыйкырат экен.
Анда жердеги англичанин байкуш кыргызчаны кайдан түшүнсүн, эки колун жайып, башын чайкайт. Апенди дагы кыйкырат.., дагы кыйкырат… Тиги байкуш түшүнбөйт. Тажаган Апенди узак жолдо кулагы чалып калган сөз менен тигиге кайрылат: — » Do you speak English?» («Сен англисче сүйлөй аласыңбы?» ) деп. Анда сүйүнүп кеткен тиги: «Yes, yes I can.» («Ооба, ооба сүйлөйм.» ) десе, Апенди: — » Анда эмне турасың жалдырап! Байла арканды!» дептир.


Өлүм төшөгүндө жаткан чал кемпирине: — » Тур барып жакшына кийимдеринди кийинип келчи» дейт. Акыркы жолу мени жакшынакай көргүсү келген тура, — деп ойлогон кемпири татынакай жасанып келип абышкасынын жанына отурат. Көпкө отуруп зеригип чалынан сурайт: — » мени эмне минтип жасантып алып отурасыз» , — десе, чалы айтат дейт: -» жан алгыч келсе, жакшынараак экен деп сени алып кетеби деген ой да»…


Бир МАИде иштеген киши аябай капаланып досуна арманын айтып отурат дейт: — «Мен кунуго таң аткандан түн киргенче жаагым талыганча ышкырып атып таап келген акчаны, аялым бир эле ышкырып тартып алат»


МАИ кызматкери аксакал айдоочуну тосуп калат. Аксакал уулум кайсынысынан таштап кетейин десе МАИ кызматкери Курманжандан бирди таштап кетсениз жетет дейт. Анда аксакал карыган Курманжанды мага таштап жашыраак Бубусараны эле албайсынбы деген экен.


Жаны жумушка орношкон МАИ кызмакери катуу келаткан авто унааны токтотсо, капкара айнегин бир аз түшүргөн айдоочу МАИ кызмакерин карап туруп: — «алгыла иттер» деп 200 $ жерге ыргытып ийет да кете берет. Тигини ары жакта машинада отурган көптөн бери иштеп келаткан МАИ кызмакери чакырып алып айдоочу эмне деди деп сурайт. Анда тиги алгыла иттер деп 200 $ таштап кеткенин айтса мурунку иштеген кызматкер мындай дейт: — «Анда бул акчаны мага берген турбайбы, сен али күчүксүн да»


Врач-аялды сүйбөгүлө, алар «Кийинкиси кирсин!» дей беришет,
Сатуучу аялды да сүйбөй эле койгула, анткени аларга келсең «кезекке тургула». деп айтат.
Жакшысы, педагог аялды сүйгүлө, анткени алар дайыма «Келгиле, дагы бир жолу кайталап коёлу» деп турушат.


Бир аял зоо-магазинге кирип сатуучудан попугай көргөзүүсүн өтүнүптүр. Сатуучу кыз бир эле попугай калганын айтып, кааласа аны сатаарын билдирет. Аял попугайды карап көруп алам дейт. Сатуучу кыз бул попугайдын мурда сойкуканада жашаганын, ошон учун ар кандай сөздөрдү сүйлөп жиберээрин эскертет. Сатуучунун эскертүүлөрүнө көп деле маани бербеген аял, попугайды сатып алып үйүнө алып келет. Үй ичин бир сыйра айланып карап койгон попугай мындай дейт:
— «Ооо жаңы үй, жаңы хозяйка». ..
Аны уккан аял күлүп калат. Бир убакта аялдын эки кызы сырттан үйгө киришет. Аларды көргөн попугай кайра сүйлөйт:
— «Ооо жаңы үй, жаны хозяйка, жаңы жапжаш кыздар»…
Эч текени түшүнбөй калган кыздарына тиги аял болгон ишти түшүндүрүп берет. Кыздары да кулуп калышат.
Бир убакта уйдун ээси «жумуштан» келет дейт. Аны көрөөру менен попугайга кайра тил бүтөт:
— «Ооо жаңы үй, жаңы хозяйка, жаңы жапжаш кыздар, Кадыр байке бул үйду кантип таап келдиңиз?..»


Мектеп окуучусу: «Жылдын мыкты окутуучусу» деген наамды класс жетекчиме туура эмес ыйгарышты, анткени бул наамга атамдын камчысы татыктуурак болчу.


Бир киши эрте менен башы ооруп досуна звонок кылып:
— Досум, биз кече пиво ичтикпи?
— Ичтик.
— Аракчы?
— Ичтик.
— Коньякчы?
— Ичтик.
— А ракетага куйган майдычы?
— Ичтик.
— А сен туалетке бардынбы?
— Жок?!
— Досум, барба, мен сага Токиодон звонок кылып атам!!


Тиш доктур урушуп атат дейт оорулууну:
— Ой, айкырасыз да! Мен тишиңизге тие элекмин!
-Тишим эмес, тизеңиз менен менин жан жеримди эзип салдыңыз!


Эки кыз достор суйлошуп атат:
— Элестет, кече кеч подьезге кирсем, маньяк- турат! Башыман баштап бутума чейин карады…
— Ужас!
— Ооба, ал дагы ушинтип айтып, аркасын карап кетип калды


Эки блондинка кочодо бара жатып, бироо экинчисине:
— Карачы, чымчык олуп калыптыр! !!
Экинчиси асманды карап:
— Кана?


Кыз жигит бекинмей ойношот экен
Бала кызга: эгер мен сени таап алсам оозундан обом десе ,
Кыз : эгер таппай калсаныз эшик артында болош дептир


— Жаным, уктадынбы?
— Жок.
— Жакшы. Анда мени карап жатчы.
— Жок. Сен пияз жеедин.
— А сен горох!


— Болду, экинчи ичпейм.., ващще!!!
— Ий анчалык, эмне болду?
— Жума куну иттей чарчап жумуштан келдим. Кой, бугун уйдо эле болоюнчу деп душка туштум, чыгып одеял оронуп тв коргончо бир ише коньякты ичтим….
— Эмне болуптур?
— анан мени ошол одеялчан уч ресторанда корушуптур.


Атамбаев чогулуп турган эл алдына чыгып биз бул 5 жылдыкта жыргап жашайбыз десе эчким унчукпаптыр дагы Атамбаев бул 5 жылдыкта биз жыргап жашайбыз десе
Эл арасынан а бизчи дейт имиш.


доктор оорулуу байкеге эми сизге эми ичиш чегиш аялдар м.н жакын мамиледе болуш мумкун эмес десе ту эненди аялым бул мененда суйлошуп кеткенби ыя дейт имиш

gооglе айтат: мен бардыгын билем десе маil аgеnt мен баарын тааныим десе intеrnеt мен болбосом баарын бир тыйынга арзыбайсын десе электр тогу:баарынар оозунарды жапкыла дептир

<<<1-бет

3-бет>>>

4-бет>>>





Пример HTML-страницы
Досторуңуз менен бөлүшүңүз....
KYRGYZCHA SITE